Москвадагы мигрант мекендешибиз: «КӨЧӨ ШЫПЫРГЫЧ БОЛГОНУМА НАМЫСТАНБАЙМ, ТЕСКЕРИСИНЧЕ, СЫЙМЫКТАНАМ»

Москва шаарына болгон иш сапарыбызда бул шаарда иштеп жүргөн көчө шыпыргычтар менен да маектешип, жашоо-турмушу менен тааныштык. Орусиянын борбор шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Ленинград бекети жана айтылуу Арбат көчөлөрүн тазалаган мекендештерибиз менен маектештик.

"КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫНА ЖУМУШКА ОРНОШУУ ОҢОЙ"

Ленинград темир жол бекетин тейлеген фирмада клининг-менеджер болуп иштеген Руслан Тешебаев өзү алгач ошол жерде көчө шыпыргыч болуп иштеген:
– Мен 2005-жылы Москвага иштегени келгем, алгач көчө шыпыргыч болуп иштеп жүрдүм, учурда клининг боюнча менеджермин. Бизде 42 адам иштейт, анын 10у аялдар болсо, калганы эркектер. Бардыгы Кыргыздын жарандары, көпчүлүгү 18-22 жаштарда болсо, эң улуусу 40та. Биздин милдет – бекеттин имаратынын ичин, платформаларын тазалап, оңдоо иштерин жүргүзүү. Жумушчулар 25 миң рублдан айлык алышат, ошондой эле кошумча иштеп акча табышат. Өзбекстан, Тажикстандын жарандарына караганда Кыргызстандын жарандарына жумушка орношуу оңой, себеби кыргыздар аларга салыштырмалуу орус тилин жакшы билебиз жана маданияттуу келебиз.

"ЖУМУШУМА КӨНҮП КАЛДЫМ"

Жеңишбек Кадырбек уулу, көчө шыпыргыч:
– Мен 1 жылдан бери ушул Ленинград темир жол бекетинде көчө шыпыргыч болуп иштеп жатам. Кыргызстанда жүргөндө дыйканчылык, курулуш тармагында иштечүмүн. Андан башка жумуш жок, үйдө жатсаң бирөө бир сом бербейт да, ошондуктан бул жакка иштегени келгем. Үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз, бирөө айылда болсо, калганыбыз Москвада иштеп жүрөбүз. Айлыгым
26 миң рубль. 1 бөлмөлүү батирде 10 адам жашайбыз, ар бирибиз 5 миң рублдан батир акысына төлөйбүз. Эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин иштейбиз, дем алыш жок. Эс ала турган болсоң, ордуңа бирөөнү дайындап койсоң болот. Азыр көнүп калдым, жаңы келгенде милиция кызматкерин көргөндө качып, адашып кеткен учурлар болгон.

"АЗЫР КЫРГЫЗДАР БИРИ-БИРИБИЗ МЕНЕН УЧУРАШПАЙ КАЛДЫК"

"Баары мени Миша деп таанышат" деген 37 жаштагы Мирбек Жакыпов 10 жылдан бери Москванын чок ортосу болгон Арбатта көчө шыпыргыч болуп иштеп келе жатат. Ал өз кесиби тууралуу айтып берди:
– Мен 2005-жылы Москва шаарына келгем. Ал убакта бизге орустар жакшы мамиле кылышчу. Бир даректи сурасаң, ал жерге кайсы жол менен барсаң оңой болорун зерикпей айтып беришчү, ал тургай ээрчитип барып көрсөтүп койгондору да бар болчу. Кийин пейил бузулдубу же Орусияда көп болуп жаткан жардыруулар таасир бердиби, айтор, жергиликтүүлөр бизди көп жактырбай калышты.
Андай дейин десең, бул жакта жүргөн кыргыздардын деле бири-бири менен мамилеси жок. Мен жаңы келип иштеп жүргөн маалда кыргыз көрүп калсаң таанышып, ал-абалды сурашчубуз. Азыр болсо таанышың болуп эле учурашпасаң, бири-бирибизди карап коюп эле өтүп кете беребиз. Бул кыргыз көп болуп кеткенден же көөп кеткенден деле эмес го дейм, заман, пейил өзгөрдү окшойт...
Көчө шыпыргычтын иши мурда жакшы болчу, ошого жараша ишке орношуу да оор эле. Себеби мурда айлыгы да көп, аларга кийим-кече, жатакана берилип, жакшы шарттар каралган эле. Көбүнчө орустар, грузиндер иштешчү, алар өз укуктарын талашып турушчу.
Өзүм алгач курулуш, соода тармагында иштеп жүрүп, азыркы ордумду 2006-жылы бир грузин аялдан 350 долларга сатып алгам. Ал аял мага кошумча иштерин да таштап кеткен. Мисалы, ошол короого жакын жердеги банк же башка бир фирманын кеңсесинин алдын тазалап, полдорун жууп, бир айда айлыктан сырткары 200-500 доллар таап алчумун.

"ТУРГУНДАРДЫН КӨБҮ МЕНИ ЖАКШЫ КӨРҮШӨТ"

– Ал убакта 18 миң рубль айлык алсам, курулушта иштеген тааныштарым 8-9 миң рубль айлык алышчу. Азыр болсо биздин айлык ошол кездегидей эле калып, курулушта иштегендер орточо 45 миң рубль алып калды. Айлык аз, бирок мен көп жылдан бери иштеп жүргөндүктөн тургундар жакшы таанышат, кемпир-чалдарга анча-мынча жардам бере койгонум үчүн көбү жакшы көрүшөт. Кичине иш болсо деле чакыра беришет, мисалы, жаңы муздаткыч алса чакырат, барып анысын үйүнө киргизип, эскисин чыгарып берип акы алабыз. Ыргытып салган муздаткычын болсо сатып жиберебиз. Темир, коробкаларды чогултуп коёбуз да, металл, макулатура ала тургандар келгенде өткөрүп жиберебиз. Иштейм десең, ары-бери басып жүрүп деле акча таап алсаң болот.
Жакшы жери, өз аймагыңды шыпырып-тазалап койгондон кийин башка да иштериңди кылып жүрө берсең болот. Майрамдарда болбой эле параддарга бастырып коюшат. Футбол, хоккей, ат чабыш сыяктуу мелдештерге бекер билет беришет.
Арбат Москвадагы эң кымбат район, бул райондо жалаң байлар жашашат. Мен иштеген короодогу үйдө экс-президент Аскар Акаевдин, ырчы Филипп Киркоровдун батирлери бар экен. Аны тургундар айтып жүрүшөт, бирок мен Акаевди көрө элекмин.

"КЭЭДЕ БИЛИП ТУРУП АЛДАНЫП КАЛАБЫЗ"

– Мен көптөн бери расмий келишим түзүп иштейм, бирок ошондо деле бизди алдаганга аракет кылышат. Бир ирет аялым декретке чыгарга жакын өзүнө айтпай иштен кетти кылып документ толтуруп коюшуптур. Аны биз билбейбиз. Бир күнү жетекчибиз мени чакырып, "аялың кандай жүрөт?" деп сурап калды, "иштеп жатат" десем, "документте иштен кетти деп турат го" дейт. Таң калдым, ызы-чуу кылып техник, участок жетекчиси сыяктуу жетекчилерге кирсем, баары бири-бирине шылташат. Аягында "адашып калган турбайбызбы" деп кайрадан жумушка орношту кылып келишим түздүк. Бирок иштен кетип, кайра киргенине аз убакыт болгону үчүн декретке берилүүчү акча аз чыгып калды.
Негизи биз көчө шыпыргыч эмес, универсал жумушчубуз. Мисалы, өзүбүздүн иштен сырткары бутак кыркабыз, өрт же башка кырсык болсо, ал жерди жыйнайбыз. Андай иштер үчүн өзүнчө төлөнөт. Бирок аны бизге жеткирбей жетекчилерибиз "жеп" коёт. Ишемби, жекшемби күндөрү бизге дем алыш, бирок ишке чыкпай койсок короо тазаланбай калат. Ошондуктан жетекчилерибиз дем алыш күндөрү да иштеп бергиле деп суранышат. Ал күндөрү иштегенибизге сыйлык жазылат. Ошентип айлыгыбызга 5-6 миң рубль кошулат. Бирок биздин бригадада 20 адам бар болсо, премия 4-5 балага жазылбай калат. Ызылдасаң, "эмкиде кошуп беребиз" деп кутулуп кетишет. Жетекчилердин ушундай махинациялары бар, бирок моюндарына коюп бериш кыйын.
Мени бул жакта "көп балалуу атасың" деп коюшат. Себеби 3 балам бар. Улуу балам Москвадагы №1359 мектепте 3-класста окуйт, отличник. Мен көчө шыпыргыч болуп иштейм деп намыстанбайм. Тескерисинче, балдарымдын курсагы ток, кийими бүтүн, таза эмгегим менен акча таап үй-бүлөмдү багып жатам деп сыймыктанам.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Көчө шыпырып, талыкпай эмгектенген Москвадагы мигранттар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
ekaterinburg
2017-05-08 11:55:41
Адал эмгек менен акча тапкандын эмне уяты бар.Азаматсынар.Иштей бергиле.Орустардын жакшы адамдары коп.Албетте,бизге тажик,озбек туугандарга караганда жакшы мамиле кылышат.Анткени биз озубуздун жакшы жактарыбыз коп.Орустарга ынсап берсин.
+12
Aza96
2017-05-08 13:40:58
26 27 мин рубль алса жакшы кидала болгондон коро .бир ай иштеп 1 сом ала албай калгандар канча москвада шугур кылыш керек баарына.
+7
joysin777
2017-05-08 13:55:36
эшик шыпыргыч болуп иштегениме намыстанбайм деген туура эле ар ким озу тапкан жумушуна орношот бирок тескерисинче сыймыктанам дегенине тушунбодум ал на большее я не способен дегениби же кандай зарлатасы кобуроок баардык условиясы бар жерде иштегиси келбегендер ушинтип жазышабы менимче баардыгыле средний зарлатага иштегенге умтулат деп ойлойм мысли материальны дейтко башка жумуштардыда самап энсеп ошого жетем десенер жетесинер баардык кыргыздарга ошону каалайм
+10
nazi25
2017-05-08 14:46:39
joysin777,үй бүлөсүн адал оокат менен бакканына сыймыктанам дейт.
+17
Iskakbek97
2017-05-08 16:18:42
Адал эмгек менен акча таап жатышат да азаматтар!
+3
tulpar90
2017-05-08 17:22:53
Бир сом болсо да адал эмгек менен экен.
+2
Han1111
2017-05-08 18:28:10
Адал эмгек. Аллах Берекесин берсин
+4
Aidanek
2017-05-09 03:08:08
1 сом тапсакда алла таалам берекесин берсин.Тынч аман Кыргызстаныбызга кайталы.
+2
noeli
2017-05-09 13:02:22
Адал эмгек,пешене тер менен тапкан акчаныздар жакшылыктарга гана жумшалсын алтын мекендештерим.Бирок айлык ото аз турбайбы.Бирок Москвада уул кыздары окуган тааныштардын балдары баары эле отличник деп калышат аябай сыймыктанам.
+1
Jangazy
2017-05-09 16:11:32
Кыргызстан Россияга,Кореяга,АКШ га окшош мамлекет болгондо минтип чет жерде журбойт элек.тагдыр экен
+1
jummaaa
2017-05-09 21:33:17
Эх биз да журрбузго Арбаттын кочолорундо...Майрам Акаеваны коруп калам...
+2
bosmos777
2017-05-10 00:59:39
Кыргыздын уул, кызы ! Бул баскычтан оттуубуз керек! Баарыбыз жеке ишкердик менен алектенууго аракет жасашыбыз зарыл! Эн негизгиси Кыргыздардын жеке ишканалары коп болушу керек. Кара жумуштан,кенселик акыл эсттик жумушту аткаруу керек.
+1
Kroxa
2017-05-10 09:52:08
Аз болсо да берексин берсин..доллар кымбаттаганы акчнын берекеси кетип баары кымбат азыр..
+3
Girl1996
2017-05-11 11:06:35
Azamatsyz, adal akcha taap jatasyzdar Allah yraazy bolsun!
0
balzak
2017-05-11 13:54:24
азаматсынар, ден-соолук, ишинерге ийгилик!!
0
Almazbek1980kg.
2017-05-13 04:59:56
Азбы копу берекесин берсин туугандар
0
№ 757, 5-11-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан