(Башы өткөн сандарыбызда)
Ушул күндөн тартып Рустам Алматыда өтчү сынакка жан дили менен берилип даярдана баштады. Күндүз да, түнкүсүн да кыл кыягы менен сүйлөшүп, өзүн кандайдыр бир чоң ишке даярдап жаткандай. Өңдөн азып кеткен уулун аяп, Айша да бир чети «койчу балам, анчалык өзүңдү кыйнабачы...» дегиси келет. Бирок жаш неменин дилин суутуп аламбы деп чочулайт. Уулу өзүнө да белгисиз таптакыр башка дүйнөнүн кучагында жүргөнүн, ага кийлигишүүгө акысы жок экенин тымызын туюп, дилинде өкүнүп да кетти.
Оорукана. Узунунан кеткен коридордо өңү сумсайыңкы, арыкчырай келген сымбаттуу аял терезени тигиле тиктеп, узун санаанын толкунунда калкып турду. Олоң чачы ийининен ылдый төгүлүп, ботонун көзүндөй жайнаган көздөрүндө чексиз санаа.
Оорулууларды текшерип келаткан Айша селдее бир чекитти тиктеген бул келинди көрүп, жүрөгү мыкчыла түштү. Эмнегедир жаралуу аркардай жалдыраган бул көздөрдү көргөн сайын жүрөгү түпөйүл. Оорулуулардын ар бирине көңүл буруу милдети болсо да, ушул аялды көргөн сайын боор толгоп аяп кетчү болду. Ушул үлбүрөгөн назик жанды мынчалык ким бейпайга салды экен? Азыр да бар дүйнөнү унутуп турган Гүлнараны көрүп өзүнчө кейип кетти. «Бир байкуш аял экен, жетимсиреп турганы-турган...» деп ойлонуп турду да, чечкиндүү басып жанына келди.
– Анчалык зарыкпачы, сиңдим, келер. Кимди күтүп жатасың?
Гүлнара жакшы сөз укканга эреркей түштү.
– Эч кимди деле күтпөдүм, эже. Тигил балдарды карап жатам. Карасаңыз, томпоңдошуп деле татынакай балдар экен. Күндө келишет. Сыягы апасына келишсе керек. Атасы аларды эшикке тургузуп коюп апасына кирип чыкканча, деле сонун ойношот. Карап туруп моокумум канбайт. Кечке тиктеп тургум келе берет.
Гүлнаранын кусага толгон үнү Айшанын да зээнин кейитип жиберди. Бул али жүзүн көрбөгөн өз наристесине болгон эненин кусалыгы экенин жаземдебей баамдады. Наристе жытына зар болгон эненин үнү гана ушундай чыгат.
Гүлнара Айшага шарт бурулду да:
– Балаңыз барбы, эже?- деди.
– Уулум бар.
Айша сыймыктана кетти.
– Жигит болуп калды, тентегим. Жакында... Тигине, уулум. Алдыңа кетейин, дегдеңдеп деле топчуланып баспайт. Мен азыр...
Айша уулуна утурлай жүгүрдү.
Кылчая берген Гүлнара он метрдей аралыкта эшиктин туткасын кармап турган жигитти көрүп, өңү бузула түштү. «О-о, Теңир, ушундай да окшош болобу?! Иман... Имандын өзү го, бул бала...»
Өзүн телмире тиктеген бул аялды таң кала карап коюп, Рустам апасын ээрчите эшикке чыгып кетти. Гүлнара өзүн унута терезеге кадалды.
Тигине, эч нерседен бейкапар жигит апасына бир нерселерди айтып, күлүп жатат. Кылчая караган Айша Рустамдын жарк эте күлгөнүн көрүп, эрксизден көзүн жумуп жиберди.
– Шумдугуң кур! Бул эмне деген табышмак эле?! Ушундай да окшоштук болобу?!
Оорукананын дарбазасынан чыгып кеткиче узата карап турду да, керебетке шалак эте отуруп калды. Көкүрөгүн уйгу-туйгу ойлор думуктуруп, жүрөгү сайгылашып чыкты. Кабинетине кирип бараткан Айша Гүлнаранын өңү чөптөй кубарып, шалдайып отурганын көрүп, шаштысы кете түштү.
– Эмне?! Эмне болду?!
– Жүр... жүрөгүм...
Онтоо аралаш үн чыгарган Гүлнараны кучактай калды.
– Азыр, бир аз чыда. Мээрман айым...
Гүлнара Айшанын күйпөлөктөгөнүн угуп-укпай, кулагы дүңгүрөп барып өзүн жоготуп жиберди.
***
Кечкурун санаасы тынбай, Гүлнаранын абалын билип коёюн деп палатага кирген Айша күлүп жиберди.
– Эмне, тигил дүйнөнүн четин көрдүңбү?
– Көрдүм окшойт.
Гүлнара да алсыз жылмайган болду.
– Караңгыдыр, ээ?
– Билбейм эже, аны байкабай калдым.
Экөө бирин-бири карап, бырс күлүп жиберишти.
Айша жеңил дем алып, Гүлнаранын керебетинин четине отурду.
– Кой, ал дүйнөнүн бетин азырынча ары кылсын. Сендей адамдар көпкө жашашы керек.
– Кызык, мен кандай экем?
Жаш баладай кызыга кеткен Гүлнараны карап, Айшанын ичи жылый түштү.
– Сенби... Сен бир адамдын бактысына жаралган жан болсоң керек. Күйөөң бактылуу болсо керек, ээ?
Гүлнаранын азыр эле жайнап турган жүзү бозоро түшүп, улутунуп алды.
– Мурун мен да ошентип ойлочумун. Кийинки кездерде бактысы эмес, шоруна жаралган окшойм деп калдым. Кийинки кездерде таптакыр эле өзгөрүп кетти. Унчукпайт, анан үшкүрүнө берет. Минтип кандай адам үшкүрүнөт, билесизби? Кымбат нерсесин жоготуп, таба албай айласы куруган адам ушинтип үшкүрөт. Аны менен мен да кыйналып бүттүм. Азап тура... Жаныңдын жартысы болуп турган адамың санаа тартканын билип туруп жардам бере албасаң, тирүүнүн тозогу ошол экен.
Айша Гүлнараны аяп да, суктанып да карап турду. “Ушунчалык сулуулукту, назиктикти берген Кудай бактысынан өксүткөнү кандай? Ушундай аялдын сүйүүсүнө ээ болуп, жүрөгүнүн илебине жылынган кандай адам болду экен?..” Гүлнара Айшанын көз карашын байкап, өзүнчө жоруп, кысылып кетти.
– Эмне анча карадыңыз?
– Анчейин эле.
– Эже, жанагы... Жанагы уулуңуз канчада?
– А-а, Рустамбы? Жакында жыйырмага толот. Тентегим чоңоюп калды. Жакында, буюрса, келиндүү да кылганы турат.
Энелик бакыты, сыймыгы ашып-ташыган Айшаны көрүп, кайрадан өз азабы козголуп кетти. Чиркин ай, ушинтип эле энелик бакыттан кол жууп калабы? Бул өмүрдөн наристе жытына канбай өтүп кетеби? Өзү го, өзү. Иманчы, ал кантет?! Ошол учурда көз алдына Рустамдын элеси тартыла калды. Моюнун буруп жарк эте карашы... Жанатан бери ооз учугуна илинип турган суроону кантип бере калганын өзү да түшүнбөй калды.
– Эже, уулуңуз сизге анча окшошпойт го.
– Ийи, мени тартпай калыптыр, атасына окшош.
Нуржамал Жийдебаева
(Уландысы кийинки саныбызда)