ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (8-майдан 14-майга чейин)

Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат



Бүгүн – 5-май, жол кырсыктарына байланыштуу окуялардын бүтөрүнө аз калды. Алар10-майдан баштап акырындан азая баштайт. Бул терс көрүнүштөр менен бирге 6-апрелден 10-майга чейинки жоготкон документтер, буюмдар да табыла баштайт. Мисалы, кимдир бирөөлөр жоготкон нерселерин үйдөн же унаасынан эле таап чыгышат. Жоготуп алып башты мыкчып отуруп калып, түштөн кийин өкүнүүнүн кереги жок. Эми кантсе да кеч, өкүнбөңүз, бул таасирлердин бүтөрүнө аз эле калды. 5 күндөн кийин баары жай-жайына келе баштайт.

КОЙ (21.03-20.04)
Апта соңунда жеке иштериңиз жана каражат жааты ойдогудай чечилет. Шаршембиден тартып унаа башкарууда сак болуңуз. Бул эле эмес, туугандар, кошуналар, чөйрөңүздөгү жакын адамдар менен мамиле кылууда этият болуңуз. Катуу айтышуулар орун алышы мүмкүн.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жуманын башында жеке жумуштарыңызга байланыштуу ийгиликтер күтөт. Шаршембиден апта акырына чейин достор, өнөктөштөр, ишканалар менен түшүнбөстүктөр келип чыгышы мүмкүн. Негизги себеп – каржы маселеси. Көйгөйлөрдү чечүүгө жумушуңуз же насыя алуу жардамга келет.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бул аптада ишканалар менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жакшы болот. Көксөгөн максаттарга жетесиз. Иштин ийгиликтүү болушу үчүн сырыңызды ар кимге жайбай иш алып барганыңыз туура. Жеке көйгөйлөрүңүздү ойдогудай чечүүгө балдарыңыз же сүйүктүүңүз жардам берет.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Шаршембиге чейин жумуш, ден соолукка байланыштуу маселелер ишке ашат. Жумушуңузда койгон максаттарга жетесиз. Шаршембиден баштап жолго чыкканда абайлаңыз. Антпесе, арты ийгиликсиз аяктап кылышы мүмкүн. Көйгөйлөрүңүздү чечүүдө ата-энеңиз менен кеңешип, туура жагына чечиңиз.


АРСТАН (23.07-23.08)
Шаршембиге чейин күтүүсүз жерден алыстан коноктор келип калышы күтүлөт. Же сиз ошол тарапка карай жол тартасыз. Эски сүйүүлөр менен да күтүүсүз жерден жолугасыз. Достор менен, жумушта пикир келишпестиктер болушу ыктымал. Чоң чыгымдарды сарптоодо алдын ала ойлонуңуз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Апта соңунда үй чарбага байланыштуу маселелер жакшы чечилет. Каражат жаатында иштер алдыга жылат. Үй-бүлө менен чогуу эс алууну унутпаңыз. Шаршембиден тартып жумуш же юридикалык жактан көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Бул учурда токтоо болуңуз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Бул жумада туугандар жана жубайыңыз менен жакшы мамиледе болгонуңуз жакшы. Күтүүсүз жагымдуу окуялар орун алышы мүмкүн. Үй тиричилик маселеси ойдогудай чечилет. Кесиптештер менен мамиле кылууда кыраакы болуңуз. Түшүнбөстүктөр келип чыгышы мүмкүн.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптанын биринчи жарымында киреше кириши күтүлөт. Туугандар, кошуналар жана жубайыңыз менен жакшы тил табышасыз. Чогуу эс алуулар да четте калбайт. Жуманын аягында эс алууга же балдарыңыздын керектөөсүнө каражат жумшайсыз. Жашыруун булактардан киреше кирет.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Шаршембиге чейин балдар менен эс алуу маселеси алдыңкы орунга чыгат. Бойдокторду романтикалык жолугушуулар күтөт. Бул күндөрү ийгилик жылмаят. Апта соңунда үй чарба, жер тилкелерине байланыштуу маселелер басымдуу болот. Досторуңуз же айрым мекемелер менен иштешесиз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жуманын соңку күндөрү кыймылсыз мүлк маселеси күтүүсүз жерден мыкты чечилет. Бул нерселерге кайсы бир таасирдүү адам себепкер болот. Жумушуңузда мамиле кылууда этият болуңуз. Түшүнбөстүктөр келип чыгышы күтүлүүдө. Жетекчиликтин колдоосуна ээ болосуз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптанын алгачкы күндөрү үйүңүзгө конок келет. Сиз да барасыз. Кыска мөөнөттүү жол жүрүү күтүлөт. Туугандар, кошуналар, курбулар менен тыгыз байланыштар орун алат. Айрым учурда чыгымдар чыгат. Маселени чечүүдө өнөктөштөрүңүзгө кайрылганыңыз туура болот.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Жуманын алгачкы күндөрү жумушка байланыштуу маселелер жакшы чечилет. Колуңузга акча тийиши күтүлөт. Туугандар же достор менен чогуу эс аласыз. Шаршембиден тарта аброюңузга шек келтирген адамдар чыгышы мүмкүн. Негизги маселени акча менен чечүүгө аргасыз болосуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 757, 5-11-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан