Атай Өмүрзаков түптөгөн "Тумар КР" бий тобунун мурунку мүчөсү Солто Эсенгулов Орусиянын ТНТ телеканалынын "Танцы" шоу берүүсүнүн алгачкы тандоо турунан өттү. "Кастингдин биринчи турунан өттүм. Экинчи тур, башкача айтканда, телевизиондук кастинг июнь-июль айларында өтөт",- дейт ал. Учурда Солто АКШнын Лос-Анжелес шаарында жашап, ал жактагы "La Breakers" бий тобунун катарында бийлеп жүрөт. Айта кетсек, ТНТ телеканалынын "Танцы" берүүсүндө бийчилер "Орусиянын мыкты бийчиси" наамы үчүн күч сынашат. Бул долбоор 2014-жылдын 23-августунан тарта экранга чыгып келет. Буга чейин аталган долбоорго Жан Воинов, Нурсултан Алибеков, Тилан Садырбаев катышып келишкен.