Актан Арым Кубат режиссёрлук кылган "Кентавр" тасмасы Бельгияда болуп өткөн "MOOOV" кинофестивалында "Канвас" башкы сыйлыгын алды. Режиссёрдун айтымында, фестивалдын негизги бөлүгүндө Сингапур, Түркия, Индия, Кыргыз, Түштүк Африка, Мексика өлкөлөрүнөн жалпы 8 фильм ат салышкан. Белгилей кетсек, "MOOOV" кинофестивалына автордук фильмдер тандалып алынат.
Аталган фестивалда жеңип чыккан "Кентаврды" Бенелюкс өлкөлөрүндө (Бельгия, Нидерланды, Люксембург) прокатка чыгарууга сынактын уюштуруучулары кепилдик беришкен. "Буюрса, 2018-жылдын жаз мезгилинен тарта аталган өлкөлөрдүн чоң экрандарына чыгат",- деди режиссёр Актан Арым Кубат. Фестиваль 18-апрелден 30-апрелге чейин өткөнүн, "Кентавр" тасмасын көрүүчүлөр жылуу кабыл алышканын Актан мырза кошумчалады. Белгилей кетсек, 26-мартта коомчулукта чуу жаратышы мүмкүн делген "Кентавр" тасмасынын улуттук премьерасы болуп өткөн.