АЛБАРСТЫНЫ БАСКАН CУЛУУ КЫЗДАР КИМДЕР?

Учурда «Албарсты мени басты, анан мен аны бастым...» деп ырдаган сулуулар тартылган видеоролик интернет айдыңында кызуу талкууда. Бул роликти тарткан Бакыт Асылбек уулуна байланышып, «албарстынын» сырын билдик:

– Салам, Бакыт, силердин "албарстыңар" интернетте популярдуу болууда?
– Негизи албарсты башка улуу эпос, жомок, уламыштар сыяктуу эле кыргыз элинин улуттук кенчи деп айтууга болот. Бул Египет үчүн мумия, америкалыктар үчүн Бугимен, румыниялыктар үчүн Дракула сыяктуу эле. Биздин албарсты алардан жаман эмес, жадакалса мыкты. Ал жөнүндө уламыштарды дээрлик элдин баары билет. Ошон үчүн биз албарсты тууралуу тасма тартып, аны чет өлкөлүктөргө да жайылтууну чечтик. Албарсты мени 4 жыл бою күндө келип басчу. Бирок мен аны баскан эмесмин (күлүп). Акыры жаздыгымды алмаштырган соң баспай калган.

– Ырды кимдер ырдаган? Сөздөрү кимге таандык?
– Бул ыр эмес, прикол десек да болот. Ырды Эля деген кыз экөөбүз ырдаганбыз. Сөздөрүн тасманы тартып жүргөндө албарстыдан кыздар коркпош үчүн "албарсты мени басты, анан мен аны бастым" деп тамашалап ырдап жүргөнбүз. Кийин чогуу ошол сөздөрдү улап койдук. Негизи тасманы аз каражат менен, ачыгын айтканда, 50 миң сомго тарттык. Анан аны жарнамалоого каражат жетишпей, ушундай "пиар жүрүш" кылууну ойлодук. Ырды жаздырып, эртеси модель кыздарды чакырып ролик тарттык. Жыйынтыгы жаман болгон жок. Интернетке жүктөгөнүбүзгө 2 күн боло электе 200 миңден ашуун адам көрдү.

– Силерди талкуулагандар көп болууда...
– Биринчиден, талкуулагандарга ыраазычылык билдирем. Эми талкуулаганга жараша жакында чыкчу тасмабызды да келип көрүп койгула. Ыр тамашалуу болгону менен, фильм олуттуу, коркунучтуу. Экинчиден, роликтеги кыздарды аябай сөгүшүптүр. Алар жашоодо жакшы эле кыздар.

star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Албарстыны "баскан" сулуулар SUPER.KG'ге маек беришти
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (109)
pero123
2017-05-13 10:32:28
XXX экен го баарыңар албарсты ошол ырды жазып ырдаган!
+1
bond02
2017-05-13 12:58:34
4жыл жаздыгын алмаштырбаса анда жаздыгы таш эле болуп калса керек, ал жаздыкка молдо жатса деле албарсты баскыдай болуп.
0
maratik.0708
2017-05-13 14:59:57
а байкуштар ырдабаган ошол эле калды эле чечинип жатыпсынар анан устунорго чыкты эмне башталды айткылачы анан илер чыктынар анан ууууу не болду башы жоктор десе тарбия каякта калды эмнени уйротуп жааатасынар бащкаларга атын чыкпаса жер орттоо экенда бул жагы
+1
mr.bro9401
2017-05-13 15:39:09
албетте басатда ушундай клиптен кийин, шек келтирбеш керек
0
ulan127775
2017-05-13 22:51:17
Жакшынакай эле ырды ырдап чыкпайсынарбы уйатко
+1
AikUrm
2017-05-14 08:14:02
Тиги очкичен кыз албарсты басканын деле тушунбойт бул кейпинде
+1
AikUrm
2017-05-14 08:20:26
Кыздарга го баарибир экен,аты чыгыш учун баарына макулбуз дейт.Ушул ырды ойлоп тапкан кыргыздын жигити озунун балдарынын келечектеги тарбиясын ойлоп койсо болмок! Окунучтуу...
+1
Kushtar03
2017-05-14 12:06:14
Болбогон ыр уят э
0
oshmu
2017-05-14 13:22:35
Бул деле бизнес болуп калдыго дейм аныктап кабатырга орун жок
0
Aidani
2017-05-14 16:50:50
Мынча бетинер жоок кыз деп Ким айтат буларды
0
Aidani
2017-05-14 16:51:12
Бети жоктор
0
Aisuluusha
2017-05-14 19:14:47
XXX укканыма бушайман болдум.
0
begaliev.janybek
2017-05-15 01:35:13
албарсты чын еле басса ырдайт беле ким билет
0
Almazbek-1987
2017-05-15 08:57:23
негизи ар кимдин озунун жумушу. Бирок коомго жат корунуш болду окшойт......
0
Aiperiarstan
2017-05-15 23:57:34
Албарсты басты деген болбойтго, басырык басты дейт беле адашпасам...
0
№ 757, 5-11-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан