Нью-Йорктогу Карнеги – Холлго концерт койгон биринчи кыргыз, дүйнөнүн эң мыкты пианисттеринин бири, "Маш ботойду" АКШнын көчөлөрүндө жаңырткан мекендешибиз Азамат Сыдыков 29-апрель күнү үйлөнгөнү тууралуу жар салды. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына "Жигиттер, мен үйлөндүм! Мистер жана миссис Сыдыковдор" деп жазып, жубайы менен түшкөн сүрөттөрүн жарыялады. Кыргызга келин болгон айым америкалык опера ырчысы Николета Раллис экени белгилүү болду.
Буга чейин Азамат Сыдыков менен Николета Раллис биргеликте чыгармачылык кечелерди өткөрүп келишкен. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын март айында Нью-Йоркто "Кыргыз обондору Нью-Йоркто" ("Sounds of Kyrgyzstan in New York City") аталышындагы концерт өтүп, анда Николета Раллис композитор Калый Молдобасановдун "Ысык-Көл вальсы" чыгармасын аткарган эле.
Жаңыдан курулган чыгармачыл үй-бүлөгө бакубат жашоо, бейпил турмуш каалап кетмекчибиз. Куш бооңор бек болсун!