"ТЕРИҢДИ ТЕСКЕРИ СЫЙРЫП, 10 ЭРКЕККЕ САЛЫП БЕРИП КЕТЕМ. БИЛГЕН НАМАЗЫҢДЫ ОКУГУН"

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Жылдыз Мусабекова менен журналист Үпөл Анаркулованын чыры коомчулукта талкууга алынууда. Сүйлөшүү учурунда "Мен – Мусабековамын!" деп билдирген аялдын иренжиткен, оозго алгыс сөгүнгөн сөздөрү, бандиттерче коркутканы коомчулукту жийиркентти.

"БЕТИҢДИ ТҮЗДӨП, К*ТҮҢ МЕНЕН ТЕҢДЕП КОЁМ"

Журналист 27-апрелде интернет баракчасына "Көрүнүктүү эле депутат мага чалып, "10 эркекке салып берем" деп коркутту" деп билдирүү тараткан. Кийинчерээк сөз Жылдыз Мусабекова тууралуу болуп жатканы белгилүү болду. Маалыматка караганда, бул кадамга депутат тууралуу "Алиби" гезитине жарыяланган "КСДП фракциясынын депутаты айылга "крыша" деген макала себеп болгон. 2-майда журналист телефондогу сүйлөшүү деп аудиожазууну интернетке жарыялады. Сүйлөшүүнүн толук стенограммасы:

Жылдыз Мусабекова: – Алло.
Үпөл Анаркулова: – Да.
Ж.М.: – Бул "Алибиби"?
Ү.А.: – Ооба, угуп жатам.
Ж.М.: – Ким бул?
Ү.А.: – Ким керек сизге?
Ж.М.: – Мага чалыптырсыңар. Мен Жылдызмын. Кимсиң, Жазгүлсүңбү, Үпөлсүңбү, кимсиң?
Ү.А.: – Мен Үпөлмүн.
Ж.М.: – Үпөл?!
Ү.А.: – Оу!
Ж.М.: – Мен Жылдыз Мусабекова деген эжеңмин.
Ү.А.: – Ким?
Ж.М.: – Жылдыз Мусабекова деген эжеңмин.
Ү.А.: – Аха, угуп жатам.
Ж.М.: – Сен мени жаздыңбы жамандап? Тиги Тоң районунун акими... Жылдыз Мусабекова деп?
Ү.А.: – Эже, чыккандан кийин чалайынбы, азыр эмеде отурам, закрытый показда.
Ж.М.: – Каякта?
Ү.А.: – Бир жерде отургам, чыккандан кийин чалайынбы дейм?
Ж.М.: – Сен мени шыбасаң кыйынсың, анан чыккандан кийин чаласың. Сен вообще сөзүңө жооп бересиңби? Мен ат-башылыкмын, Тоң менен эч кандай жумушум жок. Давай, чык, сүйлөш азыр.
Ү.А.: – Мен түшүнгөн жокмун сизди азыр. Алло?
Ж.М.: – Сен мага чалыптырсың, СМС жазыптырсың. Мен бүгүн көрдүм, бүгүн гезитиң чыгыптыр. Мени шыбаптырсың. Каяктагы бир Рита Исмаилова деген бир катын бар экен. Кудайдын колунан жөө качкан. Мен ат-башылыкмын, Тоң менен вообще тиешем жок. Тоңдон болгон мугалим экен. Сен мени шыбаптырсың, сен сөзүңө жооп бересиңби? Мен азыр Бабырга (ред.: Бабырбек Жээнбеков, "Алиби" гезитинин башкы редактору) чалдым, Тынчтыкка (ред.: Тынчтык Алтымышев, "Алиби" гезитинин башкы редакторунун орун басары) чалдым, бүт баарына чалдым. Бүт сказали Үпөл деген катын деп. Сен вообще жооп бересиңби? Сен канчадасың азыр?
Ү.А.: – Ал деген... Рита деген редакцияга келип...
Ж.М.: – Келе берсин, редакциягачы илибой катын келет Рита... Любой катын келет. Редакцияга алкашы да, масы да келет, сойку да келет, жал*п да келет, туурабы? И спросите, Мусабекова каяктан, сен каяктан деп? Я ат-башинская. Тоң менен вообще тиешем жок. Тоң менен жумушум да жок. Тоң менен оокатым да жок. Ат-Башы менен Тоң менен совсем другие... эме... Тоңдун өзүнүн депутаты бар, Көлдүн. Ат-Башы, Нарындын өзүнүн депутаты бар. Сенин вообще башың иштейби?
Ү.А.: – Анын келгенин, сүйлөп бергенин редакциядагы бүт баары эле, коллективдин алдында айтып берген...
Ж.М.: – Сүйлөй берет да, илибой катын сага келип, сүйлөй берет да. Менин душманымбы, менин кандай... илибой катын сүйлөй берет. Сүйлөй берсе, сен жаза бересиңби?
Ү.А.: – Бул боюнча...
Ж.М.: – Сен канчадасың? Ошону айтчы. Канчадасың?
Ү.А.: – Бул боюнча сизге да кайрылып, чалышкан.
Ж.М.: – Жо-ок, се-ен канчадасың? Жо-ок, кайрылганда сен менден сурадыңбы пикиримди?
Ү.А.: – Воот. Ошо сизге чалып, сизге бүт баарыбыз чалбадыкпы. Мен да чалдым. Башкалар чалды.
Ж.М.: – Чалды... Мен алдымбы?
Ү.А.: – Алган жоксуз. Жооп алганга...
Ж.М.: – Албасам, мине чыгарасың сен? Эми сен, Үпөл, ушул, ушу ар бир жазганыңа жооп бересиң. Мен ар бир сөзүңө, Мусабе-кова дегенге миллион коём, ар бир Мусабековага. Уктуңбу?
Ү.А.: – А эмне үчүн? Ал менин сөзүм эмес да. Ал деген Рита...
Ж.М.: – Сен ошол катын пусть докажет.
Ү.А.: – Ританын сөзү. Бул менин сөзүм эмес да, эже.
Ж.М.: – Рита сүйлөй берет да. Сага көрүнгөн катын келсе... Мен ат-башылыкмын. Рита сүйлөй берет. Сен мындай, мындай... Сен журналистсиңби, кайдан окудуң эле? Жазардан мурун башың менен шарить этишиң керек. Башың менен шарить этишиң керек. Мусабекова деген ат-башылык, нарындык, ат-башылык. Тоңдон келген бир катын. Тоң менен Ат-Башы эки бөлөк. Сен деген башыңды шарить этишиң керек, прежде всего. Башыңды шарить этишиң керек экен жазардан мурун. Тоң менен Ат-Башы экөөнүн айырмасы асман менен жердей. Тоңдун өзүнүн депутаты бар, Ат-Башынын өзүнүн депутаты бар. Тем более мен, мени кесиптештерим сени көчөдө жүргөн пелёнкадан жаңы чыккан сенин сийдигиң ещё бүтө элек кыз болсоң керек.
Ү.А.: – Эже, бири-бирибизди оскорблять этпей сүйлөйлү...
Ж.М.: – Сен, сен оскорблять этсең жарашат, ээ? Мен сени эртең бетиңди барып түздөп кетем, уктуңбу сен?! Сенин бетиңди эч ким көргүс кылып түздөп кетем. Это оскорбление эмес. Сен мени оскорблять этип жатасың, целый гезитке чыгарып мени, бл*дь. Сенин бетиңди мен түздөп кетем. Үпөлсүңбү, Сүпөлсүңбү, жал*псыңбы, простит*ткасыңбы, сен кимсиң жазгыдай?! Кто ты такая, бл*дь?! Сенин бетиңди мен түздөп кетем. Мен ат-башылыкмын, бл*дь. Сен жди меня, бл*дь. Үпөлсүңбү, Сүпөлсүңбү, бл*дь. Сенин Үпөлүңдү урганым да жок, уктуңбу?! Сен эмне сүйлөп жатасың мага?! Көрүнгөн катын келгенде, сүйлөгөндө, бл*дь, сен ойлонушуң керек болчу, э Мусабекова деген Ат-Башыдан деп? Сен кимсиң? Сага эмне жазып койсо эле ойлодуңбу, "бул жазып койсо унчукпайт", "тиги жазып койсо унчукпайт" депчи, э? Мен сени эртең таап туруп, бетиңди түздөп, тилип, туз сээп кетем, ж*лап, уктуңбу?! Бетиңди түздөп туруп, туз сээп кетем. Мен буга чейин унчуккан эмесмин эч кимге. Көрүнгөн чмо. Сен кимсиң, э?! Пелёнкада жаткан ж*лапсың да. Сенинчи э, териңди тескери сыйрып, 10 эркекке салып берип туруп кетем. Билген намазыңды окугун, уктуңбу?! Мен Мусабековамын! Уктуңбу?! Билген жериңе жазгының. Колуңанчы, э, балекет да келбейт. Сен мени бул жерден бүгүн эле караладың, бл*дь. Мен жанатан Бабырга да чалдым, Тынчтыкка чалдым, бүт Үпөл деди. Сен должен мага отвечать этишиң керек. Уктуңбу?!
Ү.А.: – Аны эмнеге мен отвечать этишим керек? Аны Рита эже менен сүйлөшпөйсүзбү?
Ж.М.: – Парламентте 120 депутат бар, ошонун бешөө журналист. Сен ойлондуң беле башыңды иштетип? Башыңды иштеттиң беле?! Сен ойлодуң беле, 120 депутаттын катарында Мусабекова бир келесоо деп ойлодуң беле? Мен келесоо эмесмин. Мен сенин азыр бетиңди түздөп коём. Уктуңбу?! Бетиңди түздөп,
к*түң менен теңдеп коём.
Ү.А.: – Эже, бири-бирибизди сыйлайлы.
Ж.М.: – Эмне кыла аласың сен?! Сен эмне кыла аласың, айтчы?
Ү.А.: – Мен эч нерсе кыла албайм.
Ж.М.: – Дал*оёбка, бл*дь, с*ка. Мен сенин каерде жашаарыңды да, эмне менен жүрүшүңдү бүт билем. К*түңдү гана түрөм. Ты меня жди, бл*дь!

Жылдыз Мусабекова: "БУЛ КСДПГА КАРАТА ЖАСАЛГАН КАРАЛОО"

Интернетке тараган аудиожазуу тууралуу депутат Жылдыз Мусабековага байланышканыбызда анын үстүнөн атайын каралоо жүрүп жатканын билдирди. "Азыр технология өнүккөн заман. Маалыматты каалагандай кылып бурмаласа болот. Менин Үпөл менен сүйлөшкөнүм чын. Бирок акараттуу, сөгүнгөн сөздөрдү айткан эмесмин. Бул атайын КСДПга карата жасалып жаткан кезектеги каралоо иши. Үй-бүлөмдүн, элимдин астында жүзүм жарык".

ЖУРНАЛИСТ ДЕПУТАТТЫ СОТКО БЕРЕМ ДЕЙТ

Ал эми "оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, мазактап, мени зордуктатам деп коркутту" деп телефондогу сүйлөшүүнү интернетке жарыялаган журналист Үпөл Анаркулова Жылдыз Мусабекованы сотко берерин айтты. "Жылдыз Мусабекова мага 2 жолу чалган, сүйлөшкөнүбүз толугу менен телефондо жазылуу. "КСДП фракциясынын депутаты айылга "крыша" деген макала жазгам. Гезитке чыккан маалыматтын тактыгын далилдеп бере алам",- деди журналист.

Иса Өмүркулов: "ЖЫЛДЫЗ МУСАБЕКОВАНЫН ЖОРУГУ БИЗДИ ШОК КЫЛДЫ"

Мыйзам чыгаруучу органдын өкүлү ушундай криминалдык ыкмалар менен маселе чечеби? Жылдыз Мусабековага 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер деген наам берилгенин эске алсак, анда эл өкүлүнүн жогорудагыдай жоругу жумшак айтканда эле маданиятсыз жорук. Депутаттын мындай жүрүм-туруму парламенттин Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде каралабы? КСДП фракциясындачы, саясий кеңеш партиянын аброюна доо кетирип жаткан бул окуяны карап, жыйынтык чыгарабы? Мындай толгон-токой суроолор азырынча жоопсуз турат. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов SUPER.KG порталына окуяга байланыштуу "Жылдыз Мусабекованын жоругу баарыбызды шок кылды, фракциянын жыйынында бул маселени карайбыз" деп билдирген.
Депутат "монтаж" дегени менен, эгерде аудиожазуунун монтаждалбаганы тиешелүү экспертизалар аркылуу далилденсе, анда эл өкүлү "10 эркекке салып берем", "бетиңди түздөп, тилип туруп, туз сээп кетем" деген коркутуулары, адамдын өмүрүнүн коопсуздугуна коркунуч жаратып жатканы үчүн сот алдында жооп бериши керек болот. Анын үстүнө Мусабекованын коомдук жеменин астында калышы биринчи жолу эмес. Буга чейин мугалимдерди саанчы, чабанга окшош дегени үчүн катуу сындалып, жек көрүндү болгон. Эл кайгыга батып турганда Боинг учагы кулаган жерден сүрөткө түшүп, интернетке жүктөгөнү да сындардын толкунун жараткан. Ал эми бул жолку жоругу, эгер сүйлөшүү монтаждалбаганы аныкталса, ансыз деле коомчулукта аброю түшүп бараткан депутат деген статусту тебеледи. Журналист эгерде такталбаган маалыматты жарыяласа, мыйзамдуу жол менен төгүндөө бердирип, өз укугун коргоо керек. Бирок мыйзам чыгаруучунун, мыйзам жазуучунун, парламент депутатынын, эл өкүлү болгонго чейин элге журналисттиги менен таанылган адамдын криминалдык чөйрөнүн өкүлүндөй болуп өз маселесин чечип жатканы өтө кейиштүү. Салык төлөөчүлөрдүн акчасына ушундай адамдар Жогорку Кеңештин депутаты катары багылып жатканы таптакыр туура эмес.

Бектур Токтоноев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 757, 5-11-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан