ЧАЛКАН
Чалкан ондогон ооруга даба болуп эсептелет. Ал эми жазында даяр витаминдин ордун алмаштыра алат.
Чалкандын дарылык касиети. Курамы пайдалуу заттарга бай. Тактап айтсак, К, С витаминдери, каротин (табигый пигмент), темир тузу, калий, кальций, күкүрт, кант, белок бар.
Чалкандан салат. Жалбырагын жууп, ачуу даамы кетсин үчүн 30 мүнөт муздак, туздуу сууга чылап коюу зарыл. Анан жалбырактарды туурап, салат катары колдонсо да болот.
Жаңгак кошулган салат. Керектүүлөр: чалкандын жаш жалбырактары, 25 грамм жаңгак, 20 грамм петрушка, көк пияз, 1 чай кашык уксус.
Даярдоо: жалбырактарды 5 мүнөт кайнак сууга салуу кажет. Анан чыгарып алып майдалап тууроо керек. Үстүнө уксусту, майдаланган жаңгак менен тууралган пиязды, петрушканы кошуп аралаштырабыз. Салат даяр.
Алма, жаңгак кошулган салат. Керектүүлөр: 125 грамм жаш чалкан, 1 даана алма, 1 аш кашык майдаланган жаңгак, 1 чай кашык өсүмдүк майы, 1 аш кашык лимон ширеси, 1 аш кашык бал, бир чымчым туз.
Даярдоо: майды, лимон ширесин, балды, тузду аралаштырсак, соус даяр. Жаңы үзүлгөн жалбырактарды муздак сууга жууп, майда туурап, үстүнө соус куябыз. Тууралган алманы, жаңгакты кошсок, салат даяр.
Каакым дарылыктан тышкары салатка колдонулат. Ал эми куурулган тамыры кофени алмаштыра алат.
Каакымдын дарылыгы. Каакымдан жасалган дарылар боордун өнөкөт оорусунда жана бөйрөктүн сезгенүүсүндө колдонулат. Ошондой эле холециститте, боордун циррозунда, шишиктерде, муундар оорусунда жана башкаларда пайдаланылат. Каакымдын жалбырагынын курамында каротин, С витамини, никотин кислотасы, кальций, калий, марганец, темир, фосфор бар.
Каакымдын кургатылган жалбырагы табитти ачуучу, өт кубалоочу, ич катканда колдонулуучу каражат катары пайдаланылат. Бул үчүн кургатылган каакымдан 2 аш кашык алып, термоско салабыз. Үстүнө 400 грамм кайнак суу куюп, таң атканча демдеп коёбуз. Анан күнүгө 3 маал тамактан 30 мүнөт мурда иче берсе болот.
Каакымдын ширеси – сергитүүчү, иммунитетти чыңдоочу каражат. Жалбырагы менен тамырынан алынган ширесинин үстүнө сабиз менен түрптүн ширесин кошуп пайдаланса, омуртка, бут, кол, башкача айтканда, сөөк ооруларын айыктырууга жардам берет.
Шире май июнь айларында каакымды эт тарткычтан өткөрүү аркылуу алынат. Каакымдын ачуу даамын кетирүү үчүн, алгач аны муздак, туздуу сууга чылап коюу керек (30 мүнөт). Ширени дарылык үчүн күнүгө 25 граммдан узак убакыт ичүү кажет.
Каакымдын тамырын апрель, май айларында чогултууга болот. Казып алган соң жууп, чоң тамырларды майдалоо, анан матага салып илип коюу кажет. Аба ырайы жакшы болсо, тамыр 10-15 күндө кургайт. Эгер тамырды эрте чогултуп алса, анда кургаган тамыр жеңил тартып, сырткы кабыгы ажырап калат. Мындай тамыр дарылыкка жарабайт.
Тамырдын кайнатмасы. 2 аш кашык майдаланган тамырга 200 грамм кайнак суу куюлат. Жай отко 15 мүнөт кайнатылып, 4 саат демделет. Күнүгө 70 граммдан 3 маал ичүү кажет. Кайнатманы жогоруда айтылган оорулардын бардыгында колдонууга болот.
Кайсы ооруларда колдонууга болбойт? Каакымды ашказан жарасында, гастритте, өт жолдорунун катуу сезгенүүсүндө колдонууга болбойт.
Салаттар
Курамында витаминдер, микроэлементтер көп. Андыктан дарылык, энергетикалык пайдасы чоң.
Ракты дарылоодо колдонулат. Беденин 200дөй түрү бар. Анын ичинде кызыл беденин дарылык касиети зор. Алып айтсак, эмчектин залалсыз рак оорусун, эн жана урук бездери менен ички бездердин оорусун айыктырууда башкы дары. Дүйнөнүн 33 өлкөсүндө ракты дарылоодо колдонулат.
Химиялык курамын алып карасак, 77,1 пайызы суу, 3,8 пайызы протеин, 0,8и майдан жана башкалардан турат.
Дарылыгы эмнеде? Гүлүндө жана жалбырагында салицил кислотасы, эфир майы, чайыр жана С, Е витамини, магний, жез, кальций, хром, темир, фосфор сыяктуу керектүү заттар бар. Беденин гүлү менен жалбырагын жаздан баштап кеч күзгө чейин чогулта берсе болот.
Колдонулушу. Бедеден жасалган дарылар гепатит, монокулез (боорду жана көк боорду жабыр тарттыруучу оору) сыяктуу жугуштуу ооруларды айыктырууда колдонулат. Кызыл беденин гүлү какырык чыгаруучу, заара кубалоочу, тердетүүчү, сезгенүүгө каршы касиетке да ээ. Аз кандуулукта, суук тийгенде, калтыратмада, кызыл жүгүрүктө да пайдаланылат. Теринин псориаз, экзема ооруларын, ревматоиддүү артритти жана бронхитти айыктырууда да жардамы чоң. Эрте климакстын алдын алып, канды тазалайт. Өттүн жана ичегинин иштешин жакшыртат.
Оорулар үчүн кайнатма (элдик медицинадан). Идишке беденин кургатылган жалбырагы менен гүлүнөн 20 грамм салынып, үстүнө 200 грамм кайнаган суу куюлат. Анан бул идишти ичинде ысык суусу бар башка идишке салып, 15 мүнөт кайнатуу зарыл. Сүзүп алып, бир күндө 70 граммдан 2-3 маал, тамактан мурун ичүү керек.
Суук тийгенге каршы тундурма. Кызыл беденин 400 грамм кургатылган гүлү менен жалбырагынын үстүнө 1 литр кайнак суу куюлуп, демделет. Сүзүп алып бир күндө 2-3 маал, бир ууртамдан иче берүүгө болот.
Беде азык катары. Беденин жаш жалбырактарын шпинат ордуна салатка колдонууга болот.
Эскертүү! Дары чөптөрдү өз алдынча колдонуудан мурда дарыгерден кеңеш алуу кажет.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg