(Башталышы өткөн сандарда)
Нурдин менен Шерзат күлүп жиберишти.
– Чын эле, эмнеге агай ошондо арачалап койгон жок?
– Мени байкайын деди да. Келечектеги чемпионбу же ким деп.
– Жөн сүйлөгөн күнүң болобу, Нурдин? Ошондо чемпион эмес, ким болдуң?
– Муну менен атагым да чыгып жатат, досум. Мени дагы мушкер экен деп башташты.
– Көзүңдөгү фингалың менен кайсы кыз карап жатат болду экен?
– Дагы шылдыңда. Андан көрө абайла. Эми кыздарыңды тартып баштайм.
Эки студенттин маанайы көтөрүңкү. Нурдин Эрмек менен болгон беттештен кийин машыгууну токтотууга мажбур болсо, Шерзат тескерисинче, баш-оту менен киришти.
Машыктыруучу Шерзат менен тыгыз иштеп баштады. «Мындан бир нерсе чыкчудай» деп ойлогондой. Кандай болгон күндө да бул жигитке али рингге эрте деген чечимде. Бирок Универсиадага даярдап көрсө кандай болот деген таризде.
Шерзат бүгүн дагы окуудан кийин жатаканасына шашты. Бөлмөдөгүлөрдүн кимиси биринчи окуудан келсе, демек, кечээкиден калган тамак ошонуку. Шерзат окуудан келип, тамактанып алып эс алат. Андан соң машыгуусуна жөнөйт.
Мелдештерге чыгууга бир айдай эле убакыт калды. Азат агай Универсиадага барчу студенттерди тандап алышы керек. Ар бир салмак категориясына бирден мушкер даярдап чыгаруу керек эле. Оор салмак категориясында суроо жок, анда тажрыйбалуу чоң курстун балдары чыгышат. Башкы маселе жеңил жана орто салмак ченинде жаралып жатты. Бүгүн дагы агай 2-курстун студенттери менен өз алдынча иштеп жатты. Шерзат да алардын катарына кошулду. Ишке берилгендиги, тапшырманы так жана даана аткара алгандыгы менен Шерзат айырмаланып турат. Ошондой эле анын буттары менен мыкты иштегени өзүнчө сөзгө татыктуу. Сүйүүчүлөр арасында беттеш 3 эле раундга созулса, бул жигит 5 раундга чыдачудай. Эмнеси болсо дагы убакыт бар. 69 килограмм салмакка чейинки категорияга Шерзат университеттин курамына кирүүгө талапкерлердин арасында боло алат.
Рингдин артында тааныш жүздөр отурганын эми байкады. Ооба, бул телефондун коңгуроосу Аиданыкындай экен деп ойлоп койду. Жакшылап караганда гана Аида менен Медина отурганын көрдү. Булар кайдан келип калган деп ойлогуча, кыздар Шерзатка кол булгалап жиберишти. Эки кыздын шыңгыр күлкүлөрү анчейин жарык эмес залга көрк берип тургандай. Машыгып жаткан балдар аларга көңүл деле бурушкан жок. Эки кыз Азат Эркинбаевичтен суранып келип алышкан. Аида Мединаны ээрчитип келип, «залда машыккандардан жигит таап аласың» деген шылтоо менен көңүлүн алайын деп ойлогон.
Шерзат кыздарды көргөндөн кийин жөн машыга албай калды. Өзгөчө Мединаны көрүп солк этти. Ал баягыдан да сулуу болуп кеткендей. Шерзат караган сайын Медина билинер-билинбес жылмаюусу менен жооп берет. Шерзаттын карылуу денесин, булчуңдарын байкап отурган Медина да жөн отура алчудай эмес. Башка жигиттердин бирөөсүн да кызыгып карап койгон жок. Оюнда анын кучагында эркелеп жатты. Аны каалап турганын денеси билгизип турса дагы, акылы жөн деп токтотуп турду. Өзүнүн кыялдарынан өзү уялып кетти.
Аида машыгуунун аягына чейин күтпөй эле коштошуп чыгып кетти. Сыягы маанилүү иштери чыгып калса керек.
Шерзат машыгуусун эми гана токтотуп, кыз тарапка басып келди.
– Салам, Медина. Адашып келип калган окшойсуңар?
– Кандайсың, Шерзат? Көптөн бери көрүшө элек экенбиз...
– Ооба, мени машыгууга чейин издеп келгениң мындан кабар берет.
– Сени издеп келди деп ким айтты?
Ашыкча сүйлөп алганын сезген Шерзат уялып кетти. Ал ким, Медина ким?
– Албетте, тамаша. Сени көрөлү деп келдик да. Баса, Аиданын жумуштары чыгып калды.
– Түшүнүктүү. Мен азыр, жуунуп келе калайын. Анан чогуу чыгалы.
– Мен эшикте күтүп турам.
Шерзат менен Медина аллея менен жетелешип алып чогуу басышты. Мединага ушул эле жетишпей жаткандай. Жөн гана чогуу сейилдөө. Жек менен мындайды күтүү мүмкүн эмес. Аныкы дайыма иштери чыгып калат же телефондон бошобойт. Кантип Шерзаттын колун кармап алганын өзү сезбей калды. Шерзат да унчуккан жок. Сыртта жылуу болсо дагы, Мединанын колу муздак экен. Колун гана эмес, өзүн дагы кучагына бекем кыскысы келди, бирок мындайга даай алган жок.
– Шерзат, Аида экөөбүздү көрүп калса эмне кыласың?
– Көрсө эмне экен?
– Экөөңөрдүн ортоңордогу мамилечи?
– Биздин мамиледе жылыш деле жок.
– Мына, сен дагы бат эле өзгөрүп кетиптирсиң. Жатаканадагы кыздардан башың чыкпайт болуш керек, ээ?
– Билесиңби, ошол күнү сени көргөндө гана ортого түшүп арачалагам. Башкасы болсо, балким, андай болмок эместир.
Шерзаттын минтип айтарын Медина күткөн эмес. Ошол күнү сактап калбаса эмне болмок? Тиги эки жигит Жекти издеп жүрүшкөндүгүнөн улам жолукканын кийин укту. Ошондон бери Жекке болгон сезимдери күндөн-күнгө өчүп барат.
– Үйүңө да келип калдык.
– Сен чарчадың болуш керек. Үйгө кирип чай ичсекчи?
– Жок, мен бара берейин.
– Үйдө эч ким жок. А мен жалгыздыктан корком...
Шерзат эмне кыларын билбей калды. Мединаны үйүнө жеткиргенине кубанып жатса, эми үйүнө чейин кирип кетсе, ашыкча болуп кетпейби деген ойдо...
(Уландысы кийинки санда)
Алибек Алиев