КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

(Башталышы өткөн санда)

Ортодо ыңгайсыз жымжырттык пайда боло түштү.
«Даамдуу болсун!» деп официанттын кофе көтөрүп жетип келгени жакшы болду. Учурдан пайдаланып экөө тең көздөрүн бири-биринен ала качышты.
– Мен сенден кечирим сурагым келет. Билесиңби, ал учурда... Мен түшүндүрө да албайм. Болгону менин каалоом ошондой болду...
– Кам санаба. Менде сага эч кандай таарыныч жок. Эмне гана болбосун бардыгы жакшылыкка деп коёт го... Ким билет, балким, сен мени чанып кетпегениңде мен азыркы даражага жетет белем, жетпейт белем?
– Арсен, мен чынында сенин түрмөгө отурганыңды билген эмесмин!
Бегимай калп айтты. Болуш ага айткан.
– Эч нерсе эмес...- Арсен жылмайып койду.
– Андан көрө өзүң жөнүндө айтчы? Окууңду бүттүңбү? Иштеп жатасыңбы?
– Бүткөм, бирок иштей элекмин...
– Аа... А мен сени сагыныптырмын, тентек,- деди Арсен олуттуу.
Кыз кызарып кетти.
– Антип айтканга болбойт. Мен эми бирөөнүн жубайымын. Баса, сен өзүң үйлөндүңбү?- кыз эптеп сөздү башкага буруп кетти.
– Жок! Ал жөнүндө ойлоно да элекмин. Убакыт-сааты келер. Андан көрө айтчы, сен мени сагындыңбы?- Арсен кайра сөздү өз нугуна алып келип салды. Кыз буйдала түштү.
– Сагындың, билем!- жигит өзүнө ишенимдүү сүйлөдү.
– Эмне экстрасенссиңби?
– Көздөр калп айтпайт.
– Сенин эмне дегиң келип турат?
– Жөн эле... Ичте болгон сезимимди сыртка чыгарып жатам. Сенин сезимдериңди окудум. Аларды эми азыр жашырганда эмне? Биздин тагдырыбыз баары бир бөлөк да. Ачык эле, табышмактатпай сүйлөшкөнүбүз жакшы го. Ким билет, биз дагы жолугабызбы, жолукпайбызбы?
– Жолукпайбыз! Мени күйөөм көрсө башымды жулат.
– Болгондо да мени менен көрсө...
– Айтпа!- кыз жылмайып алды.
– Жылмайганың сонун...
– Уялтпачы.
– Сонун сүйлөшүп жатабыз, ээ? Сагынышкан кишилердей...
– Болду эми...
– Мда-а...
– Эмне?
– Жөн гана өткөн күндү эстеп жатам. Биз анда жапжаш элек. Көп кыялдарыбыз бар эле.
– Сыртыңдан чечкиндүү, күчтүү жигиттей көрүнгөнүң менен, ичиңде таттуу түштөрдү көргөн назик жигит окшойсуң,- кыз кыткылыктап күлүп алды.
– Калп эле уялчаак болуп жаткан турбайсыңбы. Тентек бойдон эле экенсиң.
Кыз дагы күлдү. Анан экөө бир топко чогуу өткөргөн күндөрдөгү күлкүлүү окуяларды эстеп чер жазышты. Эскерүүлөр акыры келип Бегимайдын Болуш менен кеткенине такалмак. Кыз мунун алдын алды.
– Кой, эми мен басайын. Жакшы кал...- Бегимай өзүнө жарашкан назиктик менен ордунан козголду.
– Мейли! Жүр унааңа чейин узатып коёюн...
Эшикте күүгүм кирип калыптыр.
– Жакшы кал, Арсен!- кыз унаасынын жанына келип кол сунду.
Арсен унчукпастан колун алды.
– Жакшы бар, сулуу!- Бегимайдын колун коё бербеген бойдон сүйлөдү. Анан ал өзүнө ээ боло албай кетти. Кызды өзүнө тартты да, эриндеринен өөп жиберди. Кыз башын бурууга аракет кылды. Бирок Арсен карылуу экен. Аны кучагынан жылдырбай кармап алды. Жигиттин бекем кучагында ал канчадан бери көксөп жүргөн тааныш жыт бар эле. Ал аны магдыратып жиберди. «Жок, Бегимай! Жок!» анын жан дүйнөсү чыйпылыктап жатты. «Ким билет дагы жолугабызбы, жолукпайбызбы?» эмнегедир Бегимайды ушул ой жеңип кетти. Колдорун жигиттин моюнуна артты да, жанатан бери жашырып жаткан сагынычын сыртка чыгарып жиберди. Каршылык көрсөтпөстөн, тескерисинче, берилүү менен Арсендин эриндерине чап жабышып, кумарга жеңилип берди.
– Менин унаам караңгылатылган,- Арсен Бегимайга кумарланган үнү менен шыбырады.
– Сени сагыныптырмын...- жигит кыздын жообун түшүндү.
– Мына сага!- жана буларга кофе алып келген официант кара Гелендвагенге өбүшүүсүн токтотпостон түшүп кеткен кыз-жигитти кафенин терезесинен карап жатып суктана сүйлөндү. "Кашайгыр, терезесин караңгылатып койгон тура!" деп официант жигит нааразы боло түштү. А кара Гелендваген эки адамдын кумарын, сагынычын, шыбырашкандарын эч кимге көрсөтпөй, сырды сактай билген эң жакын дос өңдөнүп дале сүрдүү, дале ачуулуу кейпинен жазбай тура берди.

ххх

Бегимай менен мындан 6 жыл мурун табыштырган ал күн дале Арсендин эсинде. Түнү менен эки кабаттуу үйдүн макетин жасап чыккан. Ал келечектеги архитектор, 3-курста окуйт. Бир ишке берилип кетсе, бүтмөйүнчө жаны тынбайт бул жигиттин. Ал күнү да уйкуну жыйыштырып, таң агарганда өзү кыялдангандай особнякты жасап бүттү.
– Уф...- үшкүрүнө керебетине жатты. Өз ишине өзү ыраазы боло жылмайып алды. Анан ошол жылмайган бойдон уйкуга кете берди.
"Эй, сен эмне сабакка барбайсыңбы?" деген апасынын үнүнөн чочуп ойгонду. Шаша-буша саатты карады. 11:20. «Туй ата! Турсун агайдын сабагы эмес беле?! Өлдүм!» ордунан туруп тиш жуугуч пастаны щёткасына шыбап жатып кыжалаттанды...

(Уландысы кийинки санда)

Марат Жанбараков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
kilim
2017-05-15 09:33:58
Мен биринчи го
-5
ady-88
2017-05-15 11:21:31
Бутуп калдыбы
-6
Floweriza
2017-05-15 12:31:01
Коптон эле жазгылачы
0
adiletik
2017-05-15 20:02:09
Гелендвагендин ичи ынгайсыз болсо дагы, бир сагыгычтан тарашкан экен.
-4
surgeon777
2017-05-15 21:54:06
adiletik,женил машиналарга караганда кыйла эле удобный да)
-5
Aima94
2017-05-16 00:46:40
Башталышы укмуш го)))
-4
Aijamal-93
2017-05-16 15:56:51
Жакшы жазылып жатат.
-4
Patriot7
2017-05-16 16:23:11
Ыймансыздыкты, никесиз зынакорлукту жазыптыр, комментчилер "жакшы жазылыптыр, калганычы" деп суроп турат!

Ошол кыздын ордунда силердин аялынар болсо (кыздар учун ошол жигиттин ордуна куйоосу болсо) анан эмне болду, кызык болуп жатат деп сурай алаар беленер? Бир элестетип коргуло, сен жанынардан артык коргон жубайын/жолдошун башканын кучагында, башкасы менен кумарга батып жатат, зына кылып куноого батып жатат... Жакшы бекен?! Тарбиялык маани-манызы да мыкты, улгу болчу окуя
+10
Patriot7
2017-05-16 16:24:04
окуя-чыгарма бекен?!!
0
belka
2017-05-17 17:15:19
Patriot7,жазгандарыңыз менин акемин почеркине окшоп кетип жатат.
+1
sraj
2017-05-18 08:39:55
Жакпаса окубай эле койгула да.**Ыймансыз тигил бул** дебей!!!
-1
№ 758, 12-18-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан