«Курсагың токпу? Үшүгөн жоксуңбу? Бир жериң ооруп жатабы? Досторуң менен чер жазып келбейсиңби?» Дагы көптөгөн суроо, сунуштарды бир гана апа берет. Анткени ушул нерселер энени гана кызыктырат. Айткылачы, энеге кандай нерсе тең келет, анын баркы эмне менен ченелет? Ооба, түйүнү жок суроого ар кимибиз ар кандай жооп беребиз. Бирок алыс жакта жүрүп ысык нанын, башыбыздан сылаган назик колдорун сагынбай коюу мүмкүн эмес. Бүгүнкү каарманым апасы тууралуу баяндап берди.
«АТАМ МЕНЕН 6 БӨЛМӨЛҮҮ ҮЙДҮ САЛЫШЫПТЫР»
– Апам Жумагүл Эсенгулова 1948-жылы Нарын облусуна караштуу Эмгекчил айылында төрөлгөн. Айылдагы орто мектепти аяктагандан кийин медициналык окуу жайга тапшырып, 19 жашында атама турмушка чыгыптыр. Апам окуган окуу жайда майрамдык кечелер уюштурулуп турчу экен. Атам бир күнү кечеге барса, апам индиялыктардын сари кийимин кийип алып туруптур. «Индиялыктар кара болчу эле, кирип барсам бир сары кыз жүрөт. Ошол кара индустардын ичинен сарысы жагып калып, бийге чакыргам» деп атам айтып калчу. Кийин жолугуп, киного чакырса апам «2 курбу кызым менен барам» дептир. Анан атам 4 билет сатып алып кинотеатрдын алдында турса, курбуларынын бирөөсү сиңдиси менен келип, атам төртөөнө 4 билетти карматып, өзү сыртта калып калган экен. Кино бүткөндөн кийин атамдан кабар албай кетип калышыптыр. Ошентип кызыктуу жолугушуулардан кийин баш кошуп, 7 баланы тарбиялап, жогорку билимге ээ кылып, туурубузга кондурушту.
Атам раматылык мектепте дене тарбия сабагынан мугалим болуп эмгектенген. "Балдарыбыз чоңойгондо элден кем жашабаса экен" деп, биз төрөлө электе айылдагы 6 бөлмөлүү үйдү салышыптыр. Экөө тең эл адамдары, ошого карабастан бизди кара жумушка бышырыш үчүн мал багып, мөмө-жемиштерди эгишчү. Талаада кетмен чаап, малдын артынан чуркап жүрүп чоңойдук. Апам өмүрүндө кылган ишин көзөп айтып, милдет кылган эмес. Сабырдуу, бир сырдуу, миң кырдуу жан.
«АПАЛАРГА БАЙМЫН»
– Мен апаларга баймын десем туура болчудай. Анткени чоң энемдин, таенемдин биринчи небереси болчумун. Көк бөрүдөгү улактай эле талашта калчумун. Чоң апам апамдан, таенемден кызганса, «чоң апамдын кызы экенмин» деп ойлоптурмун. Көп эркелете берип аябай тентек болдум. Кээде кыздарды уруп коюп же бир нерсесин тартып алып ыйлатып койгондо апам какыс-кукус кылчу. Аны билген жаным бүлүктү салганда жүгүрүп эле чоң энемдин аркасына жашынып калчумун. Эс тартып калганда Жумагүл эжем эмес, апам экенин билип жатпаймынбы. Апамды "эже" дегениме кошуналар себепкер болгон. Үйдөн, көчөдөн деле көргөн-билгендер «эже» десе «эжем болот турбайбы» дептирмин. Кийин "апа" деп айтыш чынында эле оор болду. Азыр маанайына карап «апа», «мамаша», «Женя» деп айтам.
«ТӨШӨКТӨ ЖАТЫП КАЛСА ДА ООРУДУМ ДЕП АЙТПАЙТ»
– Апам Нарындын суугунда жашап, бир аз кыйынчылык тартты. 7 баланы оору-сыркоодон алыс кармап, эшикте атамдын оң колу, үйгө кирсе кожойке болуу жеңил болгон жок. Азыр ошол көр тириликтин айынан бел омурткалары ооруп, көп баса албайт. Анын үстүнө 6 жыл мурун атам о дүйнөгө кеткенде жүрөгү ооруп калды. Ооруса да эч кимге айтпай ооруйт. «Бул жерим, тигил жерим» дебейт. Эсимде, бел омурткасы ооруп төшөктөн турбай жатып калыптыр. Мен гастролдо болчумун. Алдан-күчтөн тайса да эч кимге айтпай жата бериптир. Анан баарыбыз чуркап эмчисине, демчисине алып барып, 2 күн дегенде бутуна тургузганбыз.
Бир жолу түндө буту ооруп ойгонуп алган экен. Чочуп ойгонсом өзүнө-өзү массаж жасап отурат түн ичинде. «Эмнеге мени ойготуп койбойсуз?» десем, «аябай сонун уктап жаткан экенсиң, уйкуңду бузбайын дегем» деп жатпайбы. Мээримиңден айланайын, апаке. Даамын татып жүргөн эле нерсе го, ойгонсом, кайра жатып уктай бермекмин да.
«ЧОҢ АПАМ МЕНЕН АПАМ БИР ТУУГАНДАЙ ЭЛЕ»
– Атам жалгыз уул болгондуктан чоң апам биз менен жашаган. Бирок кайнене менен келиндин ортосундагы акты гана көрбөсөм, караны эч көрө алган жокмун. Чоң апам сабаттуу, аристократ аял болчу. Дайыма жоолуктун аппагын гана салынып жүрчү. Конокко барчу болсо ысык нанын, мантысын, самсысын жасап алып, дасторконго ороп, Жумагүл апамдын башына көтөртүп, өзү алды жакта басчу. Ээрчишип эле шарактап барып келгенине күбө болчубуз. Азыр апам айтып калат «жокчулук эмне экенин билген жокпуз, жашообуз бөксө болгон жок. Чоң апаңар анча-мынча каарын салган» деп. Биз, балдары деле үйдөгү казан-аяктын кагышканын билбей, бардар жашоодо чоңойдук.
«АПАМ МЕНЕН ЧОГУУ ДИЕТА КАРМАЙМ»
– Азыр ар бирибиз үйүбүзгө алып келип, дары-дармегин алып берип камкордук көрөбүз. Учурда мени менен чогуу турат. Кээде диетаны чогуу кармайбыз, бири-бирибизге массаж жасап, курбулардайбыз. Гастролго кеткенде балдарым менен калат. Алар дагы таенесин апа деп айтышат. Кичинесинде мага жардам болсун деп баккан балдары да. Азыр өз уулдарынан кем эмес. Бир туугандарым «Алы-күчү барында сенин балдарыңды баккан, жардам берген. Эми карып, биздин бала-чаканы бакканга чамасы келбей калды» деп айтып калышат. Колубуздан келип жатканда, көзү тирүүсүндө төрүбүздүн көркү кылууга аракет кылып жатабыз. Маданий кечелерге алып баруу менин моюнумда. Сейил бактарга алып баруу башка бир туугандарымдын милдети. Апам аялдык бакытты турмуштун бардык баскычтарынан таап, балпайган байбиче болуп отурат. Дүйнөдөгү бардык апалар аман болсун, алардын жанында биз бололу!
Бактыгүл Момбекова
star@super.kg