ЭММАНУЭЛ МАКРОН – ФРАНЦИЯНЫН ЭҢ ЖАШ ПРЕЗИДЕНТИ. АНЫН ИЙГИЛИГИНИН СЫРЫ АЯЛЫНДАБЫ?

Европалык союз, АКШ, Орусия үчүн бирдей чоң мааниге ээ болгон Францияда президенттик шайлоо аяктап, натыйжада Эммануэл Макрон аттуу жаш саясатчы өлкөнү жетектөө бактысына жетишти. Саясий серепчилер анын принциптерин АКШнын экс-президенти Барак Обаманыкындай сүрөттөшсө, айрымдары француздардын мурунку президенти Франсуа Олланддын жаштыгына окшотушууда. Шайлоодогу жеңиши менен коомчулукту өзүнө бурдурган Макрон ким? Алдыда ушул тууралуу сөз кылабыз.

ДАРЫГЕРЛЕРДИН ИШЕНИМДҮҮ УУЛУ

Эммануэл неврологиянын профессору Жан-Мишель Макрон менен врач Франсуаз Макрон-Ногестин үй-бүлөсүндө 1977-жылы 21-декабрда дүйнөгө келген. Ал өзү туулган Франциянын Амьен шаарында христиан мектебинде билим алып, жогорку класска жеткенде Генрих IV атындагы лицейге которулган. Париждеги «Нантер ля-Дефанс» университетинде философия жана саясат багытында окуп, 1999-2001-жылдары франциялык философ Поль Рикёрго жардамчы болуп иштейт. 2004-жылы администрациянын улуттук мектебин бүтүргөн соң Экономика министрлигинде каржы инспектору кызматын аркалай баштайт.

ЭКОНОМИКАНЫ ТЕСКЕГЕН ЭҢ ЖАШ МИНИСТР

2008-жылы «Rothschild & Cie Banque» банкы менен иштешип, алгачкы миллион евросун тапкан. Эммануэл Макрон 2006-жылдан бери мүчө болуп келген Социалисттик партиянын катарынан чыгып, 2012-жылга чейин ошол учурдагы өлкө башчы Николя Саркозинин командасында иш алып барган. Ал эми Франсуа Олланд баштаган социал-демократтар президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен соң анын колдоосу менен өлкө лидеринин башкы катчысынын орун басары болуп дайындалган. Макрондун кийинки секириги Экономика министрлигине чейин жетип, 2014-2016-жылдар аралыгында аталган тармакты жетектейт. Ошол учурда ал болгону 37 жашта болуп, Францияга эң жаш министр катары таанылган.

«АЛГА» МЕНЕН АЛГАЛАГАН ЭММАНУЭЛ МАКРОН

Эммануэл Макрон саясий тажрыйба жыйнаган соң 2016-жылы «Алга» En marche») аттуу кыймылын түзүп, 2017-жылда болуучу президенттик шайлоого катышарын билдирет. Ошондой эле коомчулукка «Революция» аталышындагы программасын сунуш кылган. Ал китепте өзүн «системсиз саясатчы» деп атап, келечекте француз полициясы менен атайын кызматты каржылоону күчөтөрүн жазган. 2017-жылдын 23-апрелинде болгон президенттик шайлоонун биринчи турунда Эммануэл Макрон 24,01 пайыз добуш менен экинчи турга өтсө, «Улуттук фронт» партиясынан атаандашы Марин Ле Пен 21,3 пайыздык көрсөткүчтө ал менен каршылаштыкты уланткан. 7-майда болгон 2-турдун жыйынтыгы боюнча Макрон 66,1 пайыз, ал эми Ле Пен 34,5 пайыз добушка ээ болгон. Ошентип Франция тарыхындагы эң жаш (39 жашта) президент катары Макрон өлкө тизгинин колуна алды. Шайлоодо жеңип чыккан жаш өлкө лидери «Франциянын жаңы доору башталды» деп жар салды. Ал 14-майда ант берип, президенттик кызматка киришмекчи. Буга чейин Макрон Европалык союзду колдоорун айтып келсе, атаандашы Ле Пен, керек болсо, өлкөнү аталган союздан чыгарууга да даяр экенин жашырган эмес. Саясий серепчилер жаш саясатчынын утушун Европалык союздун утушу катары сыпатташууда.

ӨЗҮНӨН 25 ЖАШ УЛУУ МУГАЛИМИНЕ ҮЙЛӨНГӨН

Эммануэл Макрон 1953-жылы туулган Брижит Троньё аттуу француз тилинен сабак берген мугалимине үйлөнгөн. Алардын арасындагы 25 жылдык айырманы жана түгөйлөрдүн бири-бирин колдоосун айрым жалпыга маалымдоо каражаттары «Макрондун ийгилигинин сыры» деп аташууда. 1974-жылы Брижит банк кызматкерине турмушка чыгып, 3 балалуу болгон. Бирок ошого карабастан 2007-жылы ал күйөөсү менен ажырашып, Макронго турмушка чыгат. Экөөнүн ортосунда балдары жок болсо да Брижиттин 7 небересин бирге чоңойтушууда. Брижит шайлоо учурунда жолдошун коштоп жүрүп, жаш саясатчынын коомчулуктун алдында сүйлөөчү сөздөрүнө чейин жазып бергени айтылып келет.

Макрон 15 жашында мугалими Брижитти жактырып калган.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 758, 12-18-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан