ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (15-майдан 21-майга чейин)

Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат



КОЙ (21.03-20.04)
Сиз бул жумада өнөктөштөрүңүз, текшерүү органдары жана юридикалык тармактар менен жакшы тил табышасыз. Ушул тармактарга байланыштуу көйгөйлөр болсо, кетенчиктебей тезинен аракет кылыңыз. Жылдыздар бул жумада сиз үчүн жылмайыңкы маанайда. Апта аягында каржы жаатында бир аз тартыштык болушу мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта ичи акча иштери менен алпурушасыз. Алар сизге жетиштүү ченде келип турат. Бир сырдуу болуңуз. Таасирдүү адамдар менен көбүрөөк алака түзүңүз. Кесиптештер, достор менен жакшы түшүнүшүп мамиле кыласыз. Жуманын акыркы күндөрү жумуш, ден соолук жана үй жаныбарларына байланыштуу көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бул жумада сизди, негизинен, мыйзам маселесине, курбуларыңыз жана жубайыңызга байланыштуу ийгиликтер күтөт. Баарыңар бири-бириңерди жакшы түшүнүп иш алпарасыңар. Жакшы максаттар ишке ашат. Аптанын акыркы күндөрү достор менен эс алуу учурунда чыр чыгышы мүмкүн. Бул нерсе көбүнесе кызганычтан улам болушу ыктымал.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бул аптада сизди жумушуңузда ийгиликтер күтөт. Жетекчилик жана кесиптештер менен түшүнүүчүлүк орун алат. Ден соолугуңузду чыңдоо үчүн ыңгайлуу мезгил. Жума күндөн тартып айрым кесиптештер жана үй-бүлө мүчөлөрү менен мамиле кылууда сабырдуу болуңуз. Каржынын тартыштыгы себеп болгон түшүнбөстүктөр орун алышы мүмкүн.

АРСТАН (23.07-23.08)
Сиз бул аптада башыңызды жогору көтөрүп жүрөсүз. Сиздин мындай көкүрөктү көтөрүп басканыңызга балдарыңыздын ийгилиги, башка шаардык өнөктөштөрдүн колдогондугу себеп болот. Кандай болгон күндө да жума күндөн тарта сак болуңуз. Туугандар, кошуналар ортосунда чыр чыгышы мүмкүн. Аргасыздан жолго чыгуу күтүлөт. Акча камдап коюңуз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бул жума сиз үчүн ийгиликтүү апталардын бирине кирет. Жакшы киреше түшөт. Үй чарба, кыймылсыз мүлк маселеси оң жагына чечилет. Бул нерселерди максималдуу ишке ашыруу үчүн жогорку даражадагы адамдарга кайрылганыңыз оң. Бирок апта акырында көбүрөөк чыгым сарпталышы мүмкүн. Сарамжалдуу болуңуз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Бул аптада туугандарыңыз, жубайыңыз менен бирге айрым юридикалык маселелерди жакшы жагына чечесиз. Аны натыйжалуу чечүү үчүн таасирдүү инсандарга же эски тааныштарга кайрылып аракет көрүү зарыл. Жуманын аягында бут тосуулар орун алышы мүмкүн. Жашыруун душмандардын аракеттери чыгымдарга алып келиши ыктымал.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Апта бою жумуш, акча маселеси менен алагды болосуз. Киреше кирет. Кесиптештердин жогорку деңгээлдеги колдоосуна ээ болосуз. Карыз акча алуу жана берүү үчүн да ыңгайлуу мезгил. Жума күндөн тарта жумушуңузда көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Бул жолу ачык эмес, жашыруун душмандардын тоскоолдугуна кабылышыңыз ыктымал.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада сизди жеке ишиңизге байланыштуу ийгиликтер күтөт. Кесиптештер арасында өз ара түшүнүүчүлүк орун алып, максаттар ишке ашат. Эски тааныштардан жардам сурасаңыз жок дешпейт. Аптанын акыркы күндөрү достор менен эс алуу учурунда чыр чыгышы мүмкүн. Бул нерсе кызганычтан же акча маселесинен улам болушу мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Сизди бул жумада үй тиричилик, кыймылсыз мүлк, жер тилкелери маселесине байланыштуу ийгиликтер күтөт. Үй-бүлө мүчөлөрү менен жакшы тил табышасыз. Ишемби күндөн тартып айрым кесиптештер жана үй-бүлө мүчөлөрү менен мамиле кылууда токтоо болуңуз. Себеби акча маселесине байланыштуу таарынычтар орун алышы мүмкүн.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Бул аптада көптөн бери көксөп келген максаттарыңызга жетесиз. Бул нерселерге жетишүүдө туугандарыңыздын, досторуңуздун жана кошуналарыңыздын колдоосу чоң мааниге ээ. Жолго чыгуу күтүлөт. Унааңызга байланыштуу көйгөйлөр жакшы чечилет. Ошентсе да жума күндөн тартып токтоо болуңуз. Телефондо курч мүнөздөгү сүйлөшүүлөр орун алат.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Бул аптада сизди акчага байланыштуу эки бөлүмдүү пьеса күтөт. Биринчи бөлүмү – бейшембиге чейин киреше гана кире берген байдын турмушу. Экинчи бөлүмү – жума-жекшемби күндөрү чыгым эле боло берген байкуштун турмушу. Ошондуктан баарына даяр болуңуз. Келип түшкөн акчаны сарамжалдуулук менен пайдаланыңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 758, 12-18-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан