HI-TECH NEWS

ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ КИЧИНЕКЕЙ СМАРТФОН АВГУСТТА САТЫККА ЧЫГАТ

Учурда чыгаруучулардын көбү көлөмү чоң смартфондорго басым жасап жатышса, айрымдары кичинекейлерин чыгарышууда. Алсак, көлөмү болгону 9х4 сантиметрге жеткен Jelly аталышындагы дүйнөдөгү эң кичинекей смартфон жарык көрөт. Ал Android 7 операциондук системинде иштейт, 4 ядролуу процессору жана 1 гигабайттык эс тутумга ээ. Ал эми дисплейи болгону 2,45 дюймду түзөт. Смартфондо GPS-модуль жана 2 мегапикселдик маңдайкы жана 8 мегапикселдик негизги камерасы бар. Мындай камера менен орточо сапаттагы сүрөт тартса болот. Бул смартфон 2017-жылдын август айында сатыкка чыгат. Анын баасы 109 доллар болот.

МИНИМАЛИСТТЕР ҮЧҮН LIGHT PHONE

Учурдагы көп функциялуу телефондон тажагандар үчүн болгону эки функцияны камтыган Light Phone аталышындагы уюлдук телефон чыкты. Ал чалууну кабыл алып жана чакырууну кетире алат. Бул жөнөкөй телефон 2015-жылы америкалык ойлоп табуучулар тарабынан сунушталган. Анын дизайны өтө жупуну экенин сүрөттөн байкаса болот. Ал жалпак келип, көлөмү кредиттик картаны элестетет. Бул телефондун экранында сандар жана саат гана көрсөтүлгөн. Атүгүл СМС кабыл алып же жөнөтүүгө мүмкүн эмес. Бул уюлдук телефон минималисттер үчүн табылга болот деп айтылууда.

ТВИТТЕРДЕН ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮ

Твиттер социалдык тармагы АКШнын "Bloomberg" агенттиги менен биргеликте күнү-түнү жаңылыктар менен камсыздаган канал ачууну ойлоп жатышат. Бул маалымат тууралуу "The Wall Street Journal" журналы жазып чыкты. Учурда Твиттер социалдык тармагынын негиздөөчүсү Жек Дорси жана "Bloomberg" агенттигинин түптөөчүсү Майкл Блумберг сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышкан маалы. Бул ой дал ушул социалдык баракчанын окурмандары азайып, аудиториясына кызыгуу жаратпай калганынан улам келип чыккан. Жаңычылдык менен Твиттер кайрадан элдин назарын өзүнө бурдурууну көздөйт.

Жазгүл Кенжеева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Muhammeddd90
2017-05-16 11:43:24
Министирлер мындай телефонду көтөрбөй калдыго
0
№ 758, 12-18-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан