Аты-жөнү – Кылыч Эдик уулу
Туулган жери – Каракол шаары
Туулган жылы, күнү – 2000-жыл, 12-ноябрь
Билими – 10-класстын окуучусу. 3-4 жылдан бери вокалдан сабак алат
Максаты – Профессионал ырчы болуу
Репертуарында – 2 ыры, 2 клиби бар
Үй-бүлөдө – 2 бир туугандын улуусу, карындашы бар
– Кылыч, кандайсың? "Көк бөрү" деген ырың менен элге таанылдың окшойт. Бул ырды кантип ырдап калдың?
– Бир жолу Эрнест Жоошев деген аранжировкачы байкенин студиясына барсам, казактарга ушул ырдын аранжировкасын жазып жатыптыр. Жактырып калып, "мага бериңиз" деп сурап алдым. Көчмөндөр оюну фестивалына арнап, көк бөрү оюнун даңазалап текстин жаздырып, клип тарттырдык. Фестивалдын этнохит бөлүгү боюнча сынакка катышып, 2-орунду алдым.
– Ырчы болом деген ой качан пайда болду?
– Каракол шаарында төрөлүп, 5-класска чейин ошол жерде окудум. Атам Эдик Кеңеш уулу "Айкөл" тобунун ырчысы, жетекчиси болчу. Ал ооруп, 2012-жылы каза болуп калды. Анан жашоо шартка байланыштуу Бишкекке келип жашап калдык. Атамдын көзү өткүчө талантым бар экенин байкабаптырмын деле. Атам каза болгондон кийин атын өчүрбөйүн деп вокалдан сабак алып, ырчылыкка багыт алдым. Ошол мезгилде Канат Култаев агабыздын "Шоу-бизнес мектеби" деген долбооруна кастингге келип, өтүп кеттим. Ал жерде 1 ай окуп, шоу-бизнестин сырларын түшүндүк, көп нерсе үйрөндүк.
Анан Канат байке өзү түптөгөн "Заман" тобуна ырчы болуп кирдим. Топто 7 айдай жүрдүм. Баарыбыз бир үйдө жашачубуз. Бир ырыбыз даяр болуп калганда үй-бүлөлүк шартка байланыштуу топтон кетүүгө туура келди. Анткени апам менен карындашымды жалгыз калтырып койгум келген жок. Топтон кеткениме 1 ай болгондо кайра эле ырдагым келип баштады. Анан апам экөөбүз кеңештик, ал мага каржы жагынан колдоо көрсөтмөй болду. Уюштуруу жагынан Акыл Жеңишбек уулу менеджерим болду.
– Талант атаңдан өтүптүр да...
– Атам дагы, апам дагы таланттуу адамдар. Атам "Күзгү нөшөр", "Күтүшкөн күндөр" деген сыяктуу бир нече ырлары менен белгилүү эле. Ал топту жетектеп жүрүп, Каракол шаарындагы Ыбырай Туманов атындагы музыкалык окуу жайга директор болуп кеткен. Апам болсо убагында "Ала-Тоо периси" сынагын жеңип алган. "Асаба" гезитинде жана Ысык-Көл облустук телевидениесинде кабарчы болуп иштеген. 40 жашта болгону менен, 25 жаштагыдай эле жаш, сулуу. "Айкөл" тобу концерт берип, апам атамдан интервью алыптыр. Ошондо атам жактырып калып, сахнада ырдап жатып апамдын колун сураптыр. Ошентип үйлөнүп калышкан экен.
– Көчөдөн таанып, сени менен сүрөткө түшүшсө өзүңдү кандай сезесиң?
– Күйөрмандарым пайда болду. Алардын 90 пайызы окуучулар. Сүрөткө түшүп, номеримди сурашат. "Номериңди бер эле, бер" деп туруп алган өжөр кыздарга апамдыкын же Акыл байкеникин берип коём. Мени жаштар жакшы кабыл алышууда. Учурда "көп ырчынын бири болбой, башкача болуп чыктың" деп жадакалса шоу-бизнесте жүргөн ага-эжелер айтып жатышат.
– Чындыгында, бийлегениң, стилиң менен көрөрмандын эсинде калсаң керек. Мындай образды кайдан алдың, кимдер иштеп чыкты?
– Бийлегенди "Заман" тобунда жүргөндө үйрөнгөм. Анткени биздин стиль ырдап, ошол эле учурда бийлөө эле. Ошондон тарта бийге кызыгып, алып кеттим. "Flash point" деген бий тобу бар, бийди алардын жардамы менен коёбуз. Ар бир бийчиге өзүнчө форма тиктирем. Мен кайсы жерде болбосун тамагым ооруп турса да дайыма жандуу үн менен ырдайм, анткени фонограммадан эч кандай ырахат албайм. Ошол эле учурда бийди да алып кетем.
– Алдыга койгон максаттарың менен бөлүшсөң...
–18ге чыкканда жеке концертимди берейин деген максаттарыбыз бар. Концерттин даамын сезип калдым. Кыргыз мамлекеттик Муса Жангазиев атындагы Куурчак театрынын сахнасында 4 күн мектеп окуучуларына концерт бердик. Зал толтура күйөрмандарым келишти. Мынчалык күткөн эмесмин, бирок концерт сонун болду. Дагы бир максатым – эл аралык сынактарды багындырып, кыргызымдын желегин желбиретүү.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg