БОРБОР АЗИЯДАГЫ АМЕРИКА УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАҢЫ МУУН АКАДЕМИЯСЫНДА АКЫСЫЗ БИЛИМ АЛУУГА СЫНАК

1. ЖАҢЫ МУУН АКАДЕМИЯСЫНЫН СТИПЕНДИЯЛЫК ПРОГРАММАСЫ

Бишкек шаарындагы Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) Жаңы муун академиясы (ЖМА) интенсивдүү университетке даярдоочу бир жылдык окуу программасын сунуш кылат. Окуу программанын негизин англис, орус жана кыргыз тилдери курстары жана математика сабагы түзөт. Окуудан тышкары академиянын студенттери БААУнун студенттик клубдары менен бирге ар түрдүү семинарларга, лекцияларга катыша алышат.
Сынакка бардык орто билим берүү окуу жайларынын (орто мектеп, техникум, колледж, институт жана башка) быйылкы бүтүрүүчүлөрү катышууга чакырылат. Быйыл Кыргызстандын бардык аймактарынан сынактын негизинде орто билим берүү окуу жайларын ийгиликтүү аяктаган 20 бүтүрүүчү Жаңы муун академиясында билим алууга мүмкүнчүлүк алат.

Стипендиялык программа студенттердин төмөнкү чыгымдарын каржылайт:

  • Бир жылдык окуунун толук наркы;
  • Окуу мөөнөтү аяктаган убакка чейин жатакана;
  • Айына төлөп берилүүчү стипендия

ЖМАнын бүтүрүүчүлөрү официалдуу сертификатка ээ болушат.

2. ЖМАНЫН СТИПЕНДИЯСЫНА КИМДЕР ТАПШЫРА АЛАТ?

  • Кыргызстандын жараны болуу жана арыз берген учурда өлкөнүн аймагында жашоо.
  • Англис тилинде орто деңгээлде жазуу жана сүйлөө.
  • Тандоо талаптарына материалдык абал боюнча туура келүү.
  • Орто билим берүү окуу жайын ийгиликтүү аяктоо же бүтүрүүчү класста/курста окуу.
  • Окуу жылынын башталышында ЖМАнын окуу программасын баштоого даяр болуу.

3. ЖМАНЫН СТИПЕНДИЯСЫНА КАНТИП ТАПШЫРУУГА БОЛОТ?

  • Толтурулган ЖМАнын стипендиясынын формасы;
  • "Мен эмне үчүн ЖМАда окугум келет?" (Why Do I Want to Study at NGA?) аталыштагы англис тилинде дил баян;
  • Класс жетекчиңиз же кураторуңуз тарабынан толтурулган сунуштоо каты. Сунуштоо катынын толтурулуу тартиби формада көрсөтүлгөн;
  • Атайын формада көргөзүлгөн үй-бүлөнүн каржы маалыматын камтыган билдирмелер;
  • Орто билим берүү окуу жайын/мектепти бүтүргөндүгүңүздү тастыктаган документ жана сиз алган баалар көрсөтүлгөн табель;
  • Кошумча шаардык, облустук, республикалык жана эл аралык окуучулар арасындагы олимпиадалардан жана сынактардан алган ардак грамота, диплом же сертификаттарыңыздын көчүрмөсү.

МААНИЛҮҮ: Сынактын уюштуруучулары жарым финалга өткөн катышуучуларга гана телефон аркылуу финалга өткөнүн маалымдашат.
ЖМАнын стипендиясынын керектүү документтери жөнүндө толук маалыматты ЖМАнын www.nga.auca.kg сайтынан тапсаңыздар болот.

  • Сынактын жарым финалына өткөн катышуучулары англис тилинен тестирлөөгө катышышат. Тест англис тилинин грамматикасын, жазуудагы жана окуудагы жөндөмдөрдү текшерет. Тестирлөө, маектешүү Бишкек шаарында жүргүзүлөт.

4. МААНИЛҮҮ ДАТАЛАР:

5-ИЮНЬ, 2017-жыл – толтурулган форманы жана бардык документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү
5-10-ИЮНЬ, 2017-жыл – документтерди карап чыгуу жана жарым финалчыларды тандоо
13-14-ИЮНЬ, 2017-жыл – Бишкек шаарында англис тилинен тестирлөө жана маектешүү өткөрүү
20-25-ИЮНЬ, 2017-жыл – финалга өткөн катышуучуларга телефон аркылуу маалымдоо жана стипендияларды ыйгаруу
1-СЕНТЯБРЬ, 2017-жыл – ЖМАда 2017-2018-окуу жылынын башталышы

5. ЖМАНЫН СТИПЕНДИЯСЫНЫН АТАЙЫН ТОЛТУРУУЧУ ФОРМАСЫН КАЙСЫ ЖЕРДЕН АЛУУГА БОЛОТ?

ЖМАнын стипендиясынын атайын формасын биздин расмий интернет баракчадан www.nga.auca.kg жана ЖМАнын БААУдагы кеңсесинен алууга болот.

6. ДОКУМЕНТТЕРДИ КАЙДА ТАПШЫРУУ КЕРЕК?

Эскертүү: Көрсөтүлгөн дарек боюнча толтурулган форманы жана бардык талап кылынган документтердин топтомун алып келип тапшырууңуз шарт:
Бишкек шаары, Кыргызстан, Аалы Токомбаев көчөсү, 7/6, №420 кабинет, Жаңы муун академиясы Борбор Азиядагы Америка университети

7. БАЙЛАНЫШ ҮЧҮН МААЛЫМАТ

Расмий интернеттеги баракча: www.nga.auca.kg
Электрондук дарек:nga@auca.kg
Тел.: + 996 (554) 55-09-39/ +996 (312) 91 50 00 (кошумча: 486,485)

Сиздерди чыдамсыздык менен күтөбүз!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Gul26081997
2017-05-16 14:21:38
Аябай зор мумкунчулук экен. Ушул университетте окугум келди.
0
№ 758, 12-18-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан