КООГАЛАҢДЫН КУРМАНДЫКТАРЫ

Тагдыр

6-7-8-апрель күндөрү Кыргызстандын тарыхында өчпөс издерди калтырды. Коогалаңда каза тапкан ар бир жигитти кыргыз эли унутпай эскерет. Алардын катарындагы үч азаматтын тагдыры тууралуу кененирээк кеп куруп бергибиз келди.

«РЫСБЕК СҮЙГӨНҮН АТА-ЭНЕСИНЕ
ТААНЫШТЫРАМ ДЕП ЖҮРГӨН»

Садабаев Рысбек Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында туулуп-өскөн. Артында ата-энеси, эжеси, иниси, достору жана сүйгөн кызы калды. 7-апрелде көкүрөгүнө тийген октон каза болгон. Сөөгү туулган жерине коюлду. Маркум Рысбек тууралуу бала чагынан бирге чоңойгон классташ-достору Асылбек жана Нурлан эскеришти.

Асылбек: – Рысбекке биз дайыма Ырыс деп кайрылчубуз. Башкалардан өзгөчөлүгү – шайыр, оптимист, сөзгө чечен, дайыма көпчүлүктүн көңүл борборунда жүргөн, достору үчүн жанын берүүгө даяр адам эле. Анын жанында жүргөндө деги бир зерикчү эмеспиз. Боорду эзип күлдүргөнүчү... Кээде ашыкча шоктонуп жатканда “ээ, жалжактабачы” десем, “мен жалжактаганда сенин маанайың көтөрүлүп жатпайбы” дечү. Аттиң, ошол күндөрдү кайтарууга мүмкүн болсо кана!
7-апрелде Ырыс мага телефон чалып: “Доске, каяктасың? Мен “Ала-Тоо” аянтындамын, келип калбайсыңбы? Бул жерде эл топтолуп, биздин келечегибизди чечип жатса, үйдө отурганыбыз туура эмес. Кел, биз да элге жардам берели”,- деди. Мен деле аянтта жүргөм. Ошентип, экөөбүз табышып алдык. Ошол эле учурда Ырыс башка досторубузга чалып, мага айткан сөздөр менен чакырып жатты. Эл ушунчалык көп болгондуктан, кайсы бир учурда бири-бирибизди таппай калдык. Телефонуна чалсам башында чакыруу кетип жаткан, кийин өчүп калды. Ал күн ошентип өттү. Эртеси Ырыс көрүнбөгөндүктөн, достор чогулуп алып издедик. Шаардагы ооруканалардын баарын кыдырып, жадакалса төрөт үйүнө чейин үмүт үзбөй бардык. Бирок издегенибиз табылбады. Акыры өлүкканага барууга туура келди. Өлүкканага жалгыз кирдим. Канчалаган каза болгондордун жүзүн көргөндө Ырыс эмес экенине сүйүнүп, чыкпай калса экен деп кайра-кайра тиленип жаттым. Баарын карап чыккан соң акырында жүзүн ачпаган бир адам калды. Жүрөгүм мыкчылып кетти. “Ырыс болбосо экен” деп тиленип туруп жүзүн ачсам, (көпкө унчукпай, кайра сөзүн улантты) досум экен. Сыртка чыкканда досторум көз жашыман эле баарын түшүнүштү. Ошентип, ата-энесине угуздук.
Нурлан: – Досум Ырыстын бул дүйнөдөн узап кеткенине дале ишенбей отурам. Азыр эле келип “ээ, доске” деп ийинге таптап, тамашалуу сөздөрү менен көңүл көтөрчүдөй туюла берет. Ырыс жакшы ырдачу, ыр жазчу. Акыркы жолу мага келип: “Нурик, көптөн күткөн периштемди таптым окшойт. Аты – Дилбара. Ага арнап ыр жаздым”,- деп окуп берди. Жүрөгү сүйүүгө балкып турган чагы эле. Жакынкы күндөрдө ата-энеси менен тааныштырам деген пландары бар болчу.
Ырыс атасы менен эки жылдан бери көрүшө элек болчу. Себеби атасы Орусияда эле. 6-апрель күнү: “Атакемди аэропорттон тосуп алууга жетишпей калдым. Аябай сагынган элем. Мейли эми, 10-апрелде барып учурашып, сагынычымды таркатып келем. Дилбараны ошондо тааныштырсамбы?..”- деген.
Экөөбүз чогуу жашачубуз. Бир күнү маанайы жок келди. Эмне болгонун сурасам, Микаэлдин каза болгонун айтты. Экөө кандайча тааныш болуп калганын билбейм. Мүмкүн, жумушу аларды тааныштыргандыр. Ал баш калаабыздагы ресторандардын биринде күзөт кызматында иштечү. Анан силердин гезитиңерге чыккан макаланы карап: “Карасаң, Майкл Жексондун эстелиги менен сүрөткө түшкөн экен. Досум ошондо өмүрү аз калганын билди бекен?”- деп өтө кайгырган. Үйдө Ырыстын Микаэль менен түшкөн сүрөтү бар. Мен да сүрөттү карап, аргасыздан анын бир кездеги сөзүн кайталадым. Эми эмне демекчибиз... Досубуздун жаткан жери жайлуу болсун. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө сакталат.


«ЭДИЛ АНТТЫ ТАК АТКАРЫП, КАЗА БОЛДУ»

Такырбашев Эдил Ысык-Көл районундагы Чоң-Өрүктү айылында туулуп-өскөн. Бишкектеги ИИМ академиясынын 4-курсунда окучу. Артында ата-энеси, эжеси, карындашы жана жакын достору калды. 7-апрелде көкүрөгүнө тийген октон алган жарааттан каза болгон. Сөөгү туулган жерине коюлду. Маркум Эдил тууралуу бир тууган эжеси Айнура, жеңеси Зуура жана курсташы Акрам эскеришти.

Айнура: – Баарыбыз кичинебизден Эдилди Эду деп көнүп калганбыз. Эки кыздын ортосундагы жалгыз бала болчу. Инимди мактагандан башка сөз айта албайм. Чындыгында эле мактоого татыктуу. Тырышчаак, мээнеткеч жигит эле. Кичинесинен эле "милиция кызматкери болом, силерди жаман адамдардан коргойм” деп калчу. Кыялына жетүү үчүн бүт аракетин жумшап, мектепти жакшы окуп бүтүрүп, Милиция академиясына тапшырды. Бишкекке кеткенде бири-бирибизди аябай сагынып жүрдүк. Алыста болсо да күндө телефон чалып, карыш баскан кыймылын айтып, кеңеш сурачу. Макулдугумду алмайынча эч качан ээнбаштык кылган эмес. Эдунун Милиция академиясында окуп жатканына мен эмес, туугандарыбыздын баары сыймыктанып, келечекте андан көптү үмүттөнчүбүз.
Апам аны “ашыкча ак көңүлсүң. Бул мүнөзүң сени жарытпайт” деп, кайра өзүн сооротуп “баары жакшы болот” деп тим болчу. Мындай жакшы адам бизге гана эмес, Алла Таалага да керек болгону үчүн алып кетти. Биз болгон окуяга анын окуган жерин же бийликти күнөөлөп, каргыш сөз айтпайбыз. Кудайга коёбуз. Ар ким өз жазасын алат. Буга ишенем.
6-апрель күнү кечинде Эду менен акыркы жолу сүй­лөштүм. Эмне кылып жатканын сураганымда “эртеңкиге даярданып жатам” деди. “Сак болсоң” десем, “кабатырланба, биз команда менен иштейбиз. Баары жайында болот” деп койду. “Даярданып жатам” дегенин азыр ойлосом, о дүйнөгө даярданып жаткан турбайбы...
Акрам: – Эдил башкалардан жөнөкөйлүгү менен айырмаланчу. Кичипейил, шайдоот, колунан келген жардамын аячу эмес. Кыздарды аябай сыйлачу. Алардын ар бирине өзүнүн эжесиндей, карындашындай мамиле жасачу. Акыркы кезде "бир кызды жактырып калдым, сага сүрөтүн көрсөтөм" деп жүрдү эле. Үлгүргөн жок.
7-апрель күнү экөөбүз автобуста чогуу кеттик. Ошондо “ээ, мурункудай эле тынч өтсө керек. Баары жакшы болот” деп мени жоошутуп койгон. Эдил окууга кирерде берген антын так аткарып, баатырларча каза болду.
Зуура: – Эду ата-энесине “эми бир жыл чыдасаңар болду, мен силерди багам” дечү. Алардын уулунан үмүтү чоң эле. Каза болгондо Эдунун ички чөнтөгүнөн жүрөктүн сүрөтүн таптык. Сүрөткө “Мика, мен сени сүйөм” деп жазып койгон экен. Сыягы, бир кызды катуу сүйүп, абысындардын катарын толуктатууга даярданып жүргөн окшойт да, байкушум... Чырактай баланы өлүмгө түрткөндөр оңбосун!


«МИРЛАН УУЛУНА ӨЗҮ КӨРГӨН ТУРМУШТУ КӨРСӨТПӨЙМ ДЕЧҮ...»

Мирланбек Турдалиев Кызыл-Кыя шаарынын кулуну эле. Артында 6 айлык уулу, чырактай Жанара аттуу келинчеги калды. 7-апрель күнү моюнуна атылган октон улам каза болду. Сөөгү "Ата-Бейитке" коюлду. Шейит кеткен Мирлан тууралуу өкүл атасы Өмүртөрө Жанкабылов айтып берди.

Өмүртөрө: – Мирлан мага өкүл бала эмес, өз баламдай болуп калган. Ал 5 жыл мурун мен иштеген “Жаңы Кыргызстан” партиясына келип калды. Аябай жылдыздуу, адамды өзүнө тарткан, башкача бир касиетке ээ бала экен. Кантип тил табышып сүйлөшүп кеткенимди өзүм да билбей калдым. Жакындан тааныш болуп калганда ата-энеси жок экенин билдим. Угушумча, атасы кызыл камчы киши көрүнөт. Мирлан боюнда экенинде аялын катуу сабап, апасы төркүнү Кочкорго качып келе берген. 7 жашында энесинен ажырап, балдар жатак-мектебинде чоңойгон.
Жетим бала эмес, ата-энеси бар баланын жашоодон өз ордун таап кетүүсү бүгүнкү учурда чанда кездешет. Мирлан өз ордун тапкандардын катарында десем жаңылышпайт элем. Үй-бүлө күттү. Уулдуу болду. Бүлөсүн эч нерседен кем кылбай багууга аракеттенчү. Күндүз курулушта иштесе, түнкүсүн машинасы бар эле, такси айдачу.
Эки жыл мурун келип: “Ата, мен үйлөнөм, жардам бериңиз. Кыздын ата-энесинин алдына ата ордуна ата болуп бериңиз. Сиз мага өз атамдан да жакын кишисиз”,- деген. Муну укканда көзүмө жаш тегеренип, чын эле өз баламдай боорума кысып, кучактагым келди. Кайнатасы да жакшы киши. Башкалардай күйөө баласынын ата-энесин, турмушун карап кызын бергендерден эмес, жигиттин өзүн карады. 6 ай мурун Мирлан Нурсултан аттуу уулдуу болгондо: “Мен уулума колуман келген жакшылыкты көрсөтөм. Мен көргөн балалыкты, турмушту уулума каалабайм. Андыктан бүт аракетимди ошого жумшайм”,- деген эле. Эми мына, уулу да атасыз калды.
7-апрель күнү ал кадимкидей жумушуна кеткен. Бир учурда жубайы Жанарага чалып, аянтта жүргөндүгүн билдириптир. Ошондон кийин келинчеги кайра-кайра чалып, байланыша албай коюптур.
Мирлан учурда жогорку окуу жайлардын биринде сырттан окуп жаткан. “Электриктин окуусун эки жылдан кийин бүтүрүп, чоң жумушка орношуп, уулум чоңойгуча там салам” деп жүрчү. Аянычтуусу, мына ушул кыялдарына, тилегине жетпей өтүп кетти. Эми калган өмүрүн жарына, уулуна берсин. Жаткан жери жайлуу болсун дегенден башка сөзүм жок.

"Баатырдын жаны бир октук" дейт. Анын сыңарындай, бул күндөрү атылган ок адамдарды жаш-кары, бирөөнүн сүйүктүү жолдошу, уулу, атасы деп аяган жок. Эми келечек бул азаматтардын каны бекеринен төгүлбөгөндөй өзгөрсө экен деп тилегенден башка чара жок. Каргашалуу күндөрү каза болгон бардык жарандардын жакындарына “Супер-Инфо” гезитинин жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Бактыгүл Сокушова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
safina
2010-04-19 10:37:54
окуп жатып козумо жаш толду, эмне дешти да билбейсин, кайра кайра окуп журогум да оорудуйт экен,азыркыга чеин ишенбей келем ушул болгон нерсеге синдилерим согуш жонундо кино болду десе озум да чын эле бул кино деп ишенгим келбейт, бир гана шеит кеткендерге бейиштен жай берсин алла таалам.
0
ymyta
2010-04-19 15:14:42
Жанара менин болом,анын жолдошу Мирлан,мага жезде,Жанарага терен кайгыруу менен конул айтам.Угуп алып абдан жаман болдум,алыста жургондугумо байланыштуу бара алган жокмун.Мирлан жездени корбосом да ,угуп калчумун.Эмне дейбиз калган омурун баласы Нурсултанга берсин!
Эстеген сайын журок сыздайт.Жашоонун бир жакшылыгын корбой,ушинтип болбогон жерден дуйно атып кеткенге журок сыздайт.
0
Адам
2010-04-19 15:49:47
Кудай Таалам баарына Бейишинен жай берсин деп тилеп кетем! Абдан кайгылуу окуя.
0
korea
2010-04-19 20:22:22
Eh chirkin, japjash baldar! Emne deibiz jatkan jeri jailuu, topuragy torko bolsun!
0
Садыр
2010-04-19 21:47:15
эч качан ойлогон эмесмин биздин Кыргызстандын жеринде да ушундай болот деп! жаткан жерлери жайлуу болсун!!!((
0
oilyybala
2010-04-20 08:59:56
Аллах таалам жандарын жаннаттан кылсын ,маркумдарды комууго мен да Ак шумкар кут жаштар коому менен кошо барып кызмат кылып келдим,ушундай кайгылуу кун болду ,душманыма да коргозбосун... ЭЭ АЛЛАХ озун хидаят бер...
0
italia
2010-04-21 02:14:03
Ушулардын баарын коруп журогум кысылып дем жетпей кетти. Жаткан жеринер жайлуу болсун.
0
Айзиля
2010-04-21 14:01:37
Гезиттен окуп, ТВдан коруп алып,журогум сыздап турду.Жаткан жеринер жайлуу болсун!
0
AazamatBBB
2010-04-21 14:28:28
турмуш эмне мынча ачуу да таттуу мен бул окуяны окуп алып бир сыйра ыйладым, эмне учун кыргыздар ынтымактуу жетиштуу жашоого татыктуу эмеспиз, качантан бери уруш талаштын устундобуз. Келгиле эли журтум ынтымактуу жашайлычы мен алыста журсомда мекеним, элим учун боорум сыздап жатат.
0
Raketa
2010-04-21 19:17:23
Окуп алып журогун ооруйт.Баардык туугандарга конул айтам.
0
italia
2010-04-21 20:13:56
АазаматВВВ мен сага 100%кошулам мен дагы алыс жактамын азыр Кыргызстанда емне болуп жатканын коруп алып ушунчалык журогум ооруп турган маал. Чын еле Кыргыз элим келгиле ынтымакутуу биримдуу болобуз.
0
AiDani
2010-04-23 21:09:15
eh,,jatkan jeriner jailuu bolsun!!!
0
narindik
2010-04-25 10:17:07
0
jyza
2010-04-25 14:02:33
Мекеним ,элим деп курман болгондордун ата-энесине,жакындарына,туугандарына терен кайгыруумду билдирем!!!Жаткан жери жайлуу,топурагы торкоо болуп,жаннаттан оорун алышсын!!!
0
Сейит
2010-05-24 12:44:03
7 апрельдеги окуя Кыргыз элимде акыркысы болсо экен деп жараткан эгемден сурап келем.Менда копчулук катары ошол куну шейит болгон кыргыздын азаматтарынын жакындарына конул айтам.Аллах алардын жайын бейиште кылсын жана Аллах элибизге ынтымакчылык берсин.
0
№ 389, 16-22-апрель, 2010-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан