КӨК БӨРҮДӨГҮ ЧЫР: «ДОСТУК» ЖЕ «ЫНТЫМАК»? КАЛЫСТАР КАЛЫСТЫКТАН ТАЙДЫБЫ?

МЕЛДЕШТЕ 11 КОМАНДА КҮЧ СЫНАШТЫ

Жеңиш күнүнө арналган мелдешке өлкөнүн жалпы 11 командасы катышты. Арасында жаш оюнчулардан куралган, жаңыдан тажрыйба топтой баштаган командалар менен чогуу күчтүү делген улакчылар күч сынашты. А тайпасында "Көк жал", "Кара-Балта", "Достук", В тайпасында "Төш-Булак", "Мурас", "Ынтымак", С тайпасында "Ак-Суу", "Арашан", "Бөрүлү" жана D тайпасында "Аафият", "Биримдик Аю" командалары бөлүндү. Тайпанын жеңүүчүлөрү жарым финалга бет алышмак. Тайпалык оюндардын жыйынтыгында "Биримдик Аю", "Арашан", "Достук" жана "Ынтымак" командалары плей-офф баскычына чыга алышты.

Күйөрмандар күткөн "Ынтымак" менен "Достуктун" беттеши мелдештин мыкты оюндарынын бири болду.


ФИНАЛГА ТЕТЕ ЖАРЫМ ФИНАЛ

Жарым финалдык оюнда Оштун "Достук" командасы менен Таластын "Ынтымагы" кайрадан кез келип калды. Эске салсак, бул эки команда "Нооруз-2017" мелдешинин финалында ойношкон. Анда "Ынтымак" командасы 8:7 эсебинде жеңишти илип кеткен. Эми аталган оюнда "Достук" реванш алууга даяр эле. Оюндун жүрүшү эки команда чындыгында өлкөнүн мыкты командалары экендигин көрсөттү. Чабуулга чабуул менен жооп беришкен улакчылардын бири да чаалыгууну сезишкен жок. Карыпбек Эшиев "Ынтымакты" алга сүрөсө, "Достуктун" чабуулун бир тууган Ниязовдор баштап берип жатты. Оюндун бүтөрүнө саналуу мүнөттөр калганда эсеп 1:1 эле. Ортодогу калыс "Достуктун" оюнчусу эреже бузду" деп, Манас Ниязовду оюндан четтетти. "Достук" командасы канчалык таламын талашпасын, калыстын чечими өзгөргөн жок. Мындай абалды колдоно билген "Ынтымак" командасы жеңиштүү улакты тай казанга салып, 2:1 эсебинде финалга чыга алышты.
Экинчи жарым финалдык оюнда "Биримдик Аю" "Арашанга" бир дагы мүмкүнчүлүк бербей, 20:3 эсебинде жеңип алды.

Манас Ниязов баштаган "Достук" командасы жарым финалда утулууга дуушар болду.


"ЫНТЫМАК" ЖЕҢҮҮЧҮ АТАЛДЫ

9-май күнү "Аккула" ат майданында мелдештин финалдык беттеши орун алды. Анда "Ынтымак" Чүйдүн "Биримдик Аю" командасы менен ойноду. Оюндун көпчүлүк бөлүгүндө эсеп ачылбай, эки команда бири-биринен кем калышкан жок. Экинчи бөлүктө чабуулун күчөткөн "Ынтымак" тай казанга улак салып кетти. Чүйдүн командасы канчалык аракет кылбасын, эсепти теңей алган жок. Жыйынтыгында "Ынтымак" мелдештин жеңүүчүсү аталды. Муну менен баш байге катары 500 миң сом акчалай сыйлыкты утушту.

Быйылкы сезондо "Ынтымак" катары менен экинчи ири мелдешти утуп алды.


"КАЛЫСТАР ОЮНДУН ТАГДЫРЫН ЧЕЧИП КОЮУДА"

Аталган оюн тууралуу "Достук" командасынын капитаны Байыш Ниязов калыстар 7 облустан болушу керек дейт:
– Оюндун тагдырын калыстын чечими чечип койду. Оюнчу катары айтып жатканда эмес, күйөрмандар да бул оюнга күбө болду. Анткени атаандаштардын эки улагы тең оюнчуларыбыз эреже бузду делинип, оюндан четтеп калганда салынды, башкача айтканда, курамыбыз толук эмес болгон учурда. Көпчүлүк көк бөрү оюндарында калыс негизги планга чыгып калууда. Негизинен, калыстар 7 облустан болушу керек. Ошондо тигил же бул командага тартуу деген жоюлат. Аталган мелдеште "Достук" командасы четтетилип калды. 3-орун үчүн оюнга чыккан жокпуз.

Ал эми "Ынтымак" командасынын оюнчусу Нооруз Раатбек уулунун пикири төмөндөгүдөй:
– Жарым финалдык оюнда биздин команда татыктуу беттеш өткөрдү деп эсептейм. Мүмкүнчүлүктөрүбүздү пайдаланып улак салганга үлгүрдүк. Оюн кадимкидей нукта эле өттү. Күчтүү команда жеңишке жетишти. Калыстын иши суроо туудурган жок.

"КАЛЫСТАРДЫН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН КӨТӨРҮШҮБҮЗ КЕРЕК"

Мелдештин башкы калысы Мурат Азарматов буларды айтып берди:
– Тайпалык оюндардан кийин негизги фаворит саналган командалар жарым финалда жолугушту. "Ынтымак" жана "Достук" командаларынын оюну мыкты деңгээлде өттү. Оюндун көпчүлүк бөлүгүндө 1:1 эсеби катталып жатты. Бүтөрүнө 5 мүнөт калганда Манас Ниязов эреже бузуп, 2 мүнөт оюндан четтетилди. Ушул убакытта "Достук" бул чечимге нааразы болуп туруп алды. "Оюндан кетебиз" дегенге чейин барып, бир канча мүнөттөн кийин оюнду кайра улантышты. Жыйынтыгында 1:2 эсебинде жеңилип калышты. Көк бөрү федерациясында жалпы 9 калыс бар. Анын экөө эл аралык категориядагы калыстар. Оюнга чыгарда калыстардын жерлиги маанилүү эмес. Аларды адилеттүү болууга чакырабыз. Бирок калыс менен команданын жерлиги бир болуп калган учурда экинчи команданын нааразы болгон учурлары кездешет. Анда калыстарды алмаштырууга туура келет. Федерация тарабынан калыстардын квалификациясын көтөрүү иштерин жүргүзүүбүз керек. Чындыгында, бул иштер аксап калууда.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (49)
Damir.Turgunbaev
2017-05-17 13:27:03
достук кучтуу команда
+7
admin_superstan
2017-05-17 14:01:21
Damir.Turgunbaev, Arsenal2, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
-1
nurillm
2017-05-17 15:49:55
Достук алгаа силер чыныгы чемпионсунар жасалма жол менен чемпион болгондордун бети кайыштанго сыягы
+2
Patriot7
2017-05-17 23:58:54
Ошол калыстыктан тайган судьяны биротоло кокборуго жолотпой коюшса жакшы болоор беле, башка судьяларга да сабак болмок!!!
+5
admin_superstan
2017-05-18 09:50:16
Nurdash, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
-2
nurik838383
2017-05-18 14:33:18
Мына болгон комментарийлерди окуп коргулочу калыстар, силер деле саясатташып кетпей
+1
aibars
2017-05-19 01:48:41
Кимиси утсада утсун бирок мен учун эн башкысы Казактарды утушсун ар дайым. Достук менен Ынтымактын кучутуулорун башка олколор менен мелдешкенде жонотуш керек.
+2
Leilektik
2017-05-19 15:15:40
Убакыт корсотот 2018 дагы бар туугандар ызылдай бербегиле достук таза оюн корсотуп кудакааласа женишке жетишет
+2
Azamat1988
2017-05-20 11:51:38
Чычкак калыстын айынан коолдочулар айтышпагыла мындай чычкак калыстын эмне кереги Бар
+1
jashookeremet
2017-05-21 02:27:47
Кочмондор оюндарында ким Кыргызстанды алдыга алып чыкты опколор коруп алгыла
+1
Tolmanets98
2017-05-21 05:50:48
достук аябай сонун ойун коргозду дагы деле коргозот буйурса.калыстар тобу корктубу же сатылдыбв сатылса баасы канча болду экен ? бул калысмын деген адамдардын
+2
Girl1996
2017-05-21 11:47:49
Кыргыз элим ушинтип жакшылыкты талашып эле журө беришсе экен
0
Muz
2017-05-21 22:14:31
Кыргыздар алга десенер достук алга ынтымак алга дебей.
0
s-sung
2017-05-21 23:53:38
Manas NiYazovdu 4ettetip utkandy-uttuk debegile...anyn kandai oinooorun eki komandanyn koldo4ulary bilesiner...utsanar aw bsun owonor
+1
west
2017-05-24 09:35:15
Достук командасы нарушеня кылбай правила менен ойносо болмок. Достук дайыма чыр ойнойт. Таза ойнобосо Достук эч качан чемпион болбойт!
0
№ 758, 12-18-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан