«МЕН САГА ЗАРМЫН...»

Сүрөттө биздин класс. 22 бүтүрүүчү. Ортодо экөөбүз. Чачыңа апакай бантик тагып, жылмайып мени колтуктап турасың. Биз минтип колтукташып далай сүрөткө түшүшүбүз керек эле. Студенттик куракта, үйлөнүү тойдо, төрөт үйүнүн алдында...
Мектепти бүтөрүбүз менен Бишкекке жөнөдүк. Экөөбүз эки башка окуу жайда окуп калдык. "Бир университетте окуп, 3-курста баш кошобуз" деген тилегибиз бар эле. "Мейли, бир жерде окубасак да, 3-курста сөзсүз баш кошобуз" дедик. Жаш экенбиз да. Жашоо шартка, акчага, дареметке караш керек деген сезим жарала элек. Үйлөнөбүз! Болду!
Антип-минткиче 3-курс болуп калдык.
– Кайсы айда баш кошобуз?
– Качан?- таң калып сурадым. Унутуп калыпмын.
– Быйыл. 3-курс болдук го.
– Жо-ок, быйыл болбойт.
– Биз ошентип сүйлөшпөдүк беле?
– Эми жашоо шартты да караш керек да. Экөөбүз тең студент болсок. Баары эле кыялдангандай болбойт да.
– Баш кошо береличи? Толтура эле студенттер үйлөнүп, жатаканаларда жакшынакай жашап жатышат.
– Жок, биз антпейбиз. Биз өзүбүздүн үйдө жакшынакай жашайбыз!- так кесе айттым. Мээм жок экен. Үйлөнүп алсам болмок. Аз өтпөй сен кош бойлуу болуп калдың.
– Алдыралы. Бала бага албайбыз азыр... Өзүбүз араң жүрсөк...
– Алдырбайм! Жок!- чечкиндүү туруп басып кеттиң. Ошол бойдон сени көрбөдүм. Издеген да жокмун. Катуу урушуп кеткен элек. Бир айдан кийин "турмушка чыгыптыр" деп уктум.
Анан сени былтыр 10 жылдык кечеден көрдүм. Мен сени унутуп койгом. Ашыктыгым деле калган. Бирок...
Бир аз эле өзгөрүпсүң. Баягыдай жагымдуу, баягыдай жылдыздуу бойдон экенсиң. Экөөбүздүн ортобузда эзели эч кандай сезим болбогондой жайдары учураштың. Жолдошуң көлдүк жигит экен. 2 жаштагы кызыңды тыпыйтып кийинтип алып келип калдыңар. Мен жалгыз келгем.
Сен мыкты аял болуптурсуң. Күйөөң экөөңөрдүн бири-бириңе болгон мамилеңер мени эле эмес, баарын суктантты.
– Суук болуп кетти, муну кийип алчы,- деп унаадан жылуу кийимиңди алып келип берип, сени сүйүүгө, мээримге толгон көздөрү менен карады.
– Рахмат, алтыным!- сен жооп кылып аны ыраазы боло тиктедиң. Кызыңарчы? Ал атасын, сени ушундай жакшы көрөт экен, улам келип экөөңө эркелеп, улам чоп эте бир сени, бир күйөөңдү өөп коёт. Мен көз кырымды салып ушунун баарын байкатпай карап жаттым. Эмне деген бакытты колдон учурганымды өз көзүм менен көрдүм. Көкүрөгүм өрттөндү. Анан капыстан эле күйөөңдүн телефонуна чалуу келди.
– Балам, сен деген чоң жигитсиң да! Экөөбүз эмне деп сүйлөштүк эле? Ошо да. Сен бир жума чоң апаңдыкында болуп тур. Велосипеддиби? Сөзсүз алып берем! Аа, ала барайынбы? Мейли, балам, ала барам,- сүйлөшүп бүтүп "уулубуз да барам дегенинен таштап келе бердик эле да" деп актангандай сүйлөндү.
– Аа, улуусу канчага чыгып калды?
– Жакында 7ге чыгат,- күйөөң сыймыктануу менен жооп берди. Мен сени жалт карадым. "Апасы ал тентек жүдөтөт деп болбой койбодубу" деди күйөөң күлмүңдөй.
– Сен аны эрке кылып салдың,- дедиң сен күйөөңө, менин суроолуу көз карашымды байкабагандай. Ооба, мен "алдыр" деген бала 7ге чыгып калмак экен. Балким, менин баламдыр? Кайсы арыма айтып жатам ушул сөздү? Даап сурай алмак эмесмин. Кантип сурайм?..
Кече бүтүп, таркадык. Андан бери 1 жыл өттү. Бүгүн окуучу кездеги сүрөтүбүздү тиктеп отурам. Бул биздин акыркы колтукташып түшкөн сүрөтүбүз. Биз азыр биз эмеспиз. Биз өзүнчө "сен" жана "менбиз". Бирок мен эми сага зармын...

Мирлан

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (34)
Aitun
2017-05-15 23:01:29
Былтыр биздин он жылдыктада сени суйгом дегендер кобойду тобо уй булоолуу классташтарым. Чынында жигитин козу кор болгон экен. Мен мектепте окуганда жактырган балагада ичим тыз деген жок жадырап жайнап учураштым. Балалык сезим болсо керек. Ошентип суйуулорун айтып озубузчо бир отуралы деп кафеге чакыргандарга да кулуп эле барбадым.зачем откон кундор отту кеткени кетти.
+3
gulaza
2017-05-16 11:08:05
Aitun,ошондо мени да коп жигит суйуп арманда калган деп эле жазбаптырсыз айландырбай
+8
ozgeldi
2017-05-15 23:09:02
Ошон учун курттабай жон жургуло..суйсон уйлонуп алгын аны бузбай.туштон кийин кайгырганын пайдасы жок.
+9
aiymbubu
2017-05-16 01:35:09
Чала болуптур!
+1
salimbek87.kg
2017-05-16 02:34:09
Чакырганда келбеген ымдаганга зар болот , убагында баркын билбепсин кийинки Арман озуно душман деп бекеринен айтпаса керек .
+7
stepboy
2017-05-16 04:37:44
менин жашоомо кичине окшоштугу бар экен но мен боюнда кылбагам но олло суйчум 1 жылдан сон 10 жылдыгыбыз но ал барбайт 20 жылдыкта кутом ал кызды мен да созсуз жалгыз барам го азыр да суйом
+2
Gerda96
2017-05-21 12:41:59
stepboy,озунузчо эле жалгыз барам дейско, аялынызчы аны да ойлобойсузбу кандай максат мн барасыз аялынызды таштап
+2
stepboy
2017-05-16 04:38:39
ушундай теманы силерге жибербейинби супер инфо ??? админ жду
+2
admin_superstan
2017-05-16 11:08:23
stepboy, саламатсызбы? lira@super.kg электрондук дарегине жибериңиз.
0
insap
2017-05-16 10:11:00
Кезинде кармай албай тоголотуп жиберген бакыты үчүн еми азап талтып турган байкуш екен.
+1
Altyn2016
2017-05-16 12:02:04
кантип материал юиберсе болуу
-1
Sushi_wok
2017-05-16 15:48:16
Журогум ооруп кетти. Качанкы откон сезимдерди эске салды. Соооонун чыгарма экен
+2
Lee97
2017-05-16 20:38:15
Чечкиндүү болсоңуз болмок экен.
+2
Ishenalieva
2017-05-16 23:19:00
Менда жаман болуп кеттим аягында
+3
m_93kg
2017-05-17 12:13:57
кап окунучтуу!!! барибир ага деген суйу журокто болсо керек. Эркек бирди суйот.
+2
Nuura-shirin
2017-05-17 14:43:05
Баркын билген эмес экенсин.
+2
begaliev.janybek
2017-05-18 21:37:45
мунун баары ойдон чыгарылган нерсе
+1
Nurkyz1977
2017-05-20 16:23:48
Суйуу туболук очпос от.
+1
№ 758, 12-18-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан