ӨЗГӨНДӨГҮ КӨЧКҮ 45 ТУРАК ЖАЙДЫ БАСЫП КАЛДЫ

Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагында жайгашкан Курбу-Таш жана Маркс айылдарынын ортосунда жылып келе жаткан жер катмары 10-майга карата 45 турак жайды жана 3 социалдык объектти басып калды. Тургундар коопсуз аймакка көчүрүлгөнүнө байланыштуу адам өмүрүнө коркунуч туулган жок. Таратылган маалыматта турак жайлардан сырткары 1 ФАП, 1 мечит жана 1 мектептин пайдубалы топурак астында калганы айтылат.
Министрликтин айтымында, мектептин курулуш материалдары 1 апта мурун көчүрүлгөн. Өзгөн райондук билим берүү башкармалыгынын берген маалыматына караганда, учурда Курбу-Таш айылынын окуучулары кошуна айылга барып окушууда. "Айылда басылып калган мектепте 331 окуучу окуп, 38 мугалим эмгектенчү. Жакында ачылуу аземи болот деген спорт зал да көчкү астында калды",- дейт мекеменин башчысы Ысмайыл Дүйшөев.
Ошондой эле айылдын мазары менен кошо 35 электр мамысын да көчкү жаап калган.
Аталган кооптуу аймакта жалпысынан 61 турак жай жана 4 социалдык объект болгон. Жердин көчүүсү 24-апрелден бери активдешип, күндөн-күнгө ылдыйлоодо.

Бектур Токтоноев,
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 758, 12-18-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан