Ош облусунун Өзгөн районунда 29-апрелде болгон жер көчкү жана Чоң-Алай районундагы бир нече жолку жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн банкта бирдиктүү эсеп ачылды. Аталган маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 10-майда кабарлашкан.
Чоң-Алай районунда 3-майдан тарта жыйырмадан ашуун жер титирөө катталып, анын эң жогорку күчү 6 баллга чейин жеткен. Зилзаланын очогу Тажикстанда орун алган. Коңшу өлкөнүн Жергетал районунда жашаган этникалык кыргыздар 7 баллдык жер титирөөдөн соң Кыргыз жериндеги туугандарыныкына көчүп келе жатышканын айрым маалымат булактары жазышууда. Жарандык коргонуу комиссиясы Чоң-Алай районунда 529 турак жай авариялык абалга жеткенин аныктады. ӨКМнын 8-майга карата берген маалыматына караганда, 3136 жаран коопсуз аймакка көчүрүлүп, 544 даана чатыр тигилген. Ошондой эле 3 айылдын мектеби кооптуу абалга келгендиктен, 10-майдан тарта окууну чатырларда улантуу пландалды. Айта кетсек, аталган аймактарда табигый кырсыктан жабыркагандарды атайын дарыгерлер тобу нөөмөт менен карашууда.
Бектур Токтоноев,
politika@super.kg