АТАМБАЕВДИН КЫРГЫЗДАРДЫН ТАЛАМЫН ТАЛАШУУ АРАКЕТИНЕ ОРУС ДЕПУТАТЫ МАЗАКТОО МЕНЕН ЖООП КАЙТАРДЫ

9-май күнү Бишкектин "Жеңиш" аянтында Улуу Жеңиштин 72 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленди. Анда президент Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согушка катышкан жана тылда эмгектенген ардагерлерди куттуктады.
Президенттин куттуктоо сөзү сын менен да коштолбой койгон жок. Ал учурдагы кыргыз-орус мамилесине токтолуп, орусиялык бир катар саясатчылардын кыргыз мигранттарына болгон мамилесин сынга алды. Согуш учурунда Орусия, Беларусь жана Украинадан жүз миңдеген адамдар Кыргыз жергесине эвакуацияланып келип баш калкалаганын, бирок азыр кыргызстандыктар Орусияда кысымга алынып жатканына нааразы болду. Бир нече жыл мурун орус жазуучусу Михаил Веллер скинхеддерди колдогон маек бергенин эскертип, "жүздөгөн коргонуусуз адамдарды, балдарды өлтүргөн скинхеддер, көрсө, Орусиянын кызыкчылыгын коргоп жатышыптыр" деп таң калды. Өлкө башчы Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Константин Затулиндин "кыргыздар Орусияны байырлаган эл эмес. Кыргызстандык мигранттарга катаал чараларды көрүү керек" деген сөзүн мисал келтирип сындады.
Бул саясатчыларга жооп иретинде президент мурда Орусиянын бир бөлүгү кыргыздарга таандык болгонун айтып өттү: "Сибирь" деген сөздүн өзү кыргыздын "Шибер – чөпкө бай жер" деген сөзү, "Байкал" – "Байкөл – бай көл", "Енисей" – "Эне-Сай", "Урал дарыясы деле мурун Жайык, Яик – кенен" деп аталган. Орустун көптөгөн улуу адамдарынын ата-бабалары алтай элдеринен чыгышкан. Бул тууралуу алардын фамилиялары айтып турат: Карамзин, Аксаков, Тургенев, Есенин, Ушаков, Кутузов. Учурдагылардан Нарышкин, Шойгу, Кара-Мурза жана башкаларды атай алам".
Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Константин Затулин 10-майда президенттин сөзүнө жооп кайтарды. "Менин сөздөрүмдү ал өзү же анын кеңеш берүүчүлөрүбү, айтор, бурмалап салышты. Бирок бул маанилүү эмес. Мен айтпаган сөздөрдү мага таңуулап, анан ал сөздөрдү Жеңиш күнүнө арналган салтанатта, орус коомчулугунун кыргыз коомчулугун жактырбоосу катары колдонуу, кыргыз элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке кошкон салымын жокко чыгаруу аракети катары көрсөтүү абдан кейиштүү. Мени айтты деген сөздөр жалган. Ал сөздөр өлкө президентинин оозунан чыкканы үчүн эле чын болуп калбайт",- дейт Затулин.
Мындан сырткары Алмазбек Атамбаев оппозицияда жүрүп бийлик тарабынан куугунтукка алына баштаганда Затулин ага Москвадан туруп колдоо көрсөткөндүгүн эскерип, анын эс-тутумуна суроо жаралып жатканын айтат. Атамбаевди "Кыргыздын башкы этнографы" атаган депутат жаңы ачылыштарды күтөрүн айтып, сөзүн бүтүргөн.

Бектур Токтоноев,
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 758, 12-18-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан