"Кусалык", "Кыргызстан" аттуу ырлары менен элге таанылган ырчы Кумар Асанов акыркы убакта таптакыр сахнадан алыстап кеткен. Көрсө, ал учурда чыгармачылыкты убактылуу жыйыштырып, Байыркы Кытайдын уруш өнөрлөрүн, философиясын тереңден казып үйрөнүп жүрүптүр. "Кумар сахнадан кетти дебегиле, мен жаңы ырлар менен кайтам" деген ырчы мырза гезитибизге кенен маек куруп берди.
– Кумар, акыркы убакта сахнадан алыстап кеттиң. Кайда жүрөсүң, эмне менен алексиң?
– Ооба, чыгармачылыктан алыстап кеткениме көп болду. "Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт" деген сөздүн чындыгы бар экен. Өзүңөр билгендей, Орусияда 3 жыл иштеп келдим. Мекениме келгенден кийин да өзүмдү-өзүм издеп жүрдүм. Уйгу-туйгу болуп, түрдүү ойлорго баттым.
Ойлоп көрсөм, мен эненин кучагынан чыкпаган бала болгон экенмин. Эл иштеген ишти иштеп, ак мээнеттин да даамын татайын дедим. Ар кандай жумуштарда иштедим, официант да болдум. Жылмайып алып кардардын маңдайында туруп "Саламатсызбы? Эмне тамак каалайсыз? Бизде акция болуп жатат, эки тамак алсаңыз, бири жарым баасына берилет" деп иштеген күндөр да болду.
– Ошондо Орусияда официант болуп иштедиң да, ээ?
– Кыргыз жеринде деле иштедим. Менимче, ак мээнеттин уяты жок. Жашоодо ар кандай кырдаал болот. Мен уурдаган жокмун, алдаган жокмун. Ак эмгегим менен акча таап жаттым. Мунун баарын көрүшүм керек эле.
– Бирок эми кантсе да элдер сени ырчы катары таанып калышкан, жүзүң элге белгилүү, бул нерсе жумушта ыңгайсыздык жараткан жокпу?
Чынын айтканда, мен Орусияга клубда, ресторанда ырчы болом деп баргам. Адегенде ошентип жүрдүм. Бирок жумуш которууга туура келди. "McDonald's", "KFC" деген тез тамак тармактарында кассир болуп иштеп баштадым. Бул үчүн атайын окуу курсунан өттүм. Анан, сиз айткандай, сахнадан түшүп эле кассир болуп кетиш кыйын сезилиши мүмкүн, бирок мага жеңил эле болду. Ар бир адамдын өзүнүн эгосу болот. Бул "мен" дей бергендик, өзүмчүлдүк, текеберлик, мен өзүмдөгү ушул мүнөздөрдү түп тамырынан кыйып таштадым. Бат эле элге аралашып кеттим. Албетте, ар кандай учурлар болду, көңүлдөр калды, көп ката кетирдим. Бирок өзүмдү-өзүм издеп жүрдүм.
– Таанып калган адамдар кандай кабыл алып жатышты?
– Көбү эле таанып, "Кумар, сенде талант бар, сага жардам берем" дегендер көп эле болду. Антсе да мен ошол жолдун баарын өткөнүмө өкүнбөйм. Азыр мен жакшы жана туура жолдо бара жатам деп ойлойм.
– Түшүндүрө кетсең...
– Учурда мен Медер Бишкек агайдан Байыркы Кытайдын тайцзицюань уруш өнөрүн жана Император-каган массажын үйрөнүп бүттүм. Муну массаж экен деп эле түшүнүп албаңыз. Бул жерде жан дүйнөнү да тазалоо, өзүн-өзү коргоо, йога жана башка толтура жакшы нерселер бар. Жогоруда айткандай, өзүмдү-өзүм издеп, түйшөлткөн ойлордон арылып, эркиндик эңсеп келип, Медер агайдын колуна түштүм. Анан жигитке жетимиш өнөр аздык кылат деп коёт эмеспи. Анын сыңарындай, укалоону да үйрөнүп алууну эп көрдүм. Мактангандай болбоюн, бирок менде азыр көп өзгөрүү бар. Адамдардын жакшы жактарын гана көргөндү үйрөнө алдым. Мүнөзүм да жумшарды. Айтор, азыркы абалыма ушунчалык канааттанып жатам.
– Эми күйөрман кыздарың "Кумарга массаж жасатабыз" деп келе башташат экен да?
– Жасап берем, албетте (күлүп). Жеке эле кыздарга эмес, бардык муктаж адамдарга жасаганга даярмын.
– Чыгармачылыктан кеттиңби ошондо?
– Жо-ок, мен баары бир чыгармачыл кишимин. Жанагы өнөрлөрдү үйрөнүүгө бардык күчүмдү, убактымды жумшадым. Эми жакында жаңы ырларды жазып, элге тартуулайын деген ниеттерим бар. Үйрөнгөн өнөрүмдү да, ырчылыкты да бирдей алып кетүүгө аракет кылам.
– Ушунча өзгөрүүлөр, басып өткөн жолдордон кийин башкача кайрыктар, башкача эргүү келип жаткандыр...
– Туура айтасыз, азыр олуттуу обондор келет. Бир башкача, адамдарды ойлонткон, алар талкуулай турган, өзүн издеп жүргөндөргө шык-дем бере тургандай ырларды жараткым келип калды.
– "Мурун жеңил-желпи ырларды ырдаган экенмин" деген ойлор келип жаткан турбайбы?
– Жок. Мурунку ырларымды эч эле жамандагым келбейт. Көбү жакшы ырлар. Аларга да көп эмгек сарпталган. Ал ырлар менин басып өткөн жолумдун бир бөлүгү. "Кумар жалаң эле олуттуу ырларды ырдап калат экен" деп да ойлоп калбаңыздар.
– Бирок баары бир жаңылык киргизсем деген оюң бар да?
– Ооба. Мени негизи апам адегенде комуз ийримине берген. Комузчу-дастанчымын. Кийин эстрадага өтүп кетпедимби. Ошондуктан комуз менен ырдоого ыктасамбы деп жатам. Алдын ала укмуш болот деп айтпай турайын, убагы келгенде угуп баа бересиздер.
– Баса, апаңды качан келиндүү кылайын дейсиң?
– Чынында, азыр бир кыз менен интернет аркылуу сүйлөшүп жүрөм. Бирок ал азыр чет мамлекетте окуп жатат. Буюрса, июнь айында экзамендерин тапшырып бүтүп келет, ошондо жолугабыз. Азырынча ушуну гана айтып турайын. Маңдайга жазганын көрөбүз да.
– Маегиң үчүн рахмат, Кумар! Ишиңде ийгилик болсун!
Мирлан Өмүралиев
star@super.kg