Жалпак-Таш айылынын тургундары: "ИТТИН КҮНҮН КӨРҮП ЖАТАБЫЗ"

КӨЗ ЖАШТАРГА КАРАБАГАН КӨЧКҮ АЙЫЛДЫ ЧЕТИНЕН БАСУУДА

2017-жылдын 23-апрелинде Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Курбу-Таш, Маркс айылдарынын ортосунда жер көчкүнүн жылуу процесси байкалган. Анда Шоро-Суу суусунун сол жээгиндеги адырда жер кыртышы чөгүп, жаракалар пайда болуп, ылдый жыла баштаган. Анын кесепетинен айыл тургундарынын жалпы аянты 84,8 гектар болгон айдоо, жайыт жерлери жараксыз абалга келген. Курбу-Таш айылында жайгашкан 45 үй жана ФАП, мектеп, мечит жана мүрзө көчкү астында калып кетти. Учурда айылда 61 чатыр тигилип, ал жакта жашоочулардын жашаганына 20 күндөн ашып калган. Көчкү учурда күнүнө 10 метрдей ылдыйлап жылууда.
Биз барган убакта жергиликтүү тургундар "мечит менен ФАПты жаңы гана алып кетти" деп колдорунан эч нерсе келбегенине өкүнүшүп, кырда тигилген чатырларда жылып жаткан көчкүнү улам карап отурушкан экен. Болгон мал-мүлкүн, оокат-ашын капыстан келген кырсыкка тарттырып отурган жергиликтүү тургундар биз барганда жаш төгө, арыз-арманын болушунча төгүп отурушту.

"КӨЧКҮ БАСКАН ҮЙЛӨРҮБҮЗДҮ КАРАП ОТУРАБЫЗ"

Айылдын тургуну Кундуз Карыбекова жаңы бүткөн үйүнө бир күн да жашабаганын айтып ыйлап буларга токтолду:
– Үйүбүздү салып бүткөнүбүзгө 3 күн гана болгондо көчкү басып калды. Өзүбүз бир дагы күн жашаган жокпуз, анан кантип күйбөгөн жериң күл болбойт?! Тапкан-ташыганыбызды ушул үйдү курууга чаптап, ичпей-жебей салдык эле. Көчкү келе жатканда үйдөгү анча-мынча гана буюмдарыбызды алганга жетиштик. Иттин гана күнүн көрдүк го, мындай кырсыктарды башканын башына салбасын. Чатырда жашап жатканыбызга көп эле күн болду, ошондон бери көчкүнүн астында басылып калган үйлөрүбүздү карап коюп отурабыз.

"КӨЧКҮ КАЧАН ТОКТООРУН ЭЧ КИМ БИЛБЕЙТ"

Алишер Бекташов, Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн депутаты:
– Жалпак-Таш айыл өкмөтүндөгү Боз-Ала, Кызык-Алма айылдарында катаал турмуш болуп жатат. Көчкү Өзгөнгө барган жолду алып кетти. Каттам токтоду, өзүңөр көргөндөй, жолдун кейпи бул. Талааны эле жол кылып алгандыктан, жамгыр жааса унаа айдай албайсың. 1 саатта барып-келчү шаарга 3 саатта жетип, кайра ошончо убакта келип жатабыз. Оору-сыркоо, өлүм-житим болуп калганда кыйынчылыкты айтпай эле коёлу. Көчкү 20 күндөн бери токтобой жатат. Ал бери жылып жатат, көчкүнү "бул жерге келип токтойт" деп эч ким кепилдик да бере албайт. Элди көчүргөндө башында 15тен ашык чатыр тигилген, ошол маалда кар жаап, эл абдан кыйналды. Качан гана өкмөттөн киши келет дегенде унаа өтө албай калган жолдорго шагыл төгүлүп, чатырлар тигилип, жарык берилип кыймылдай башташты. Ага чейин эл эмнени көргөн жок. Эми, негизгиси, жер бере турган болсо, эртелеп бөлүштүрүп, чатырда жашап жаткан элге жардам беришсин.

КУРБУ-ТАШ АЙЫЛЫ КИШИ БАСПАС ЖАЙГА АЙЛАНДЫ

Үйсүз калган кээ бир тургундар Өзгөн шаарынан батир издеп жүрүшөт. Алар өкмөттү карап отура бербестен, эртерээк кыймылдап, кышка чейин кепе да болсо куруп алууга аракет кылып жүрүшкөнүн айтышты. Айылдагы кээ бир тургундар жерди башка аймактардан бербесе, бул жер кооптуу болуп калганын айтышууда. Айылдын теңинен көбү үйлөрүн бузуп, оокат-аштарын жакыныраак болгон Куршаб айылындагы тууган-урук, жоро-жолдошторунукуна ташып жатканын да кезиктирдик. Кээ бири жаңы салчу үйүнө колдонуу үчүн теректерин кыйып жатышыптыр. Айылдын төмөнүндө жайгашкан кээ бир жашоочулар күндө кырга чыгып, көчкүнүн агымын карап, ошого жараша иш кылып жатканын айтып, азырынча үйлөрүн буза элек.
Окуу аталган айылда токтотулган, эми алар жаңы окуу жылында гана мектепке барышат. Ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрү алдыдагы мамлекеттик жана жалпы республикалык тестти айыл өкмөтүнүн имаратында тапшырары белгилүү болгон.

Курбу-Таш айылын басып келаткан көчкү.


Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Көчкү баскан үйлөрүбүздү карап отурабыз"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Bahira
2017-05-15 10:06:55
Балалык десе Жалпак-Таш эсиме келет,кой кайтарган,тандырга нан жапкан,кыкты дебелеп гон кылган,бакар шакар болуп топ чапмай оюндар дээгеле койчу
+4
jaskaaa
2017-05-15 17:35:27
Аябай кыйын абалда болуп турат. Эртерээк кыйын абалынар бутсо экен!
Каап мурда кочконунордо
+2
nurbekasr
2017-05-16 06:30:49
Каап Кыргызым аябай кыйналдын го,колумдан келсе баарыңа жардам бермекмин.Бишкектеги ипподромго бөлүнгөн 300 млн сомду силерге жумшаса кандай жакшы болот эле.Бийлик сасып жатат элди ойлобой, алдыда боло турган шайлоого өлүп талып бирин бири чукулашып.Президенттин капатаси ол жүрөт.Президенттике талапкерлер жүрөт элге лапша илип кайталап.Депутаттар семирген биттер олтурушат байлыгына манчыркап,көздөрүн май басып.Акыры Кыргызыма бир күйөөр адам келип калат деп Алладан тилейли.Аман бол элим жерим.
+3
ilgis1991
2017-05-16 14:59:05
Чондорго айрыкча мэрияга кондиционер проблема......
+2
nurikstas
2017-05-18 13:30:34
Ээх биздин ажобуз хан сарай салгыча ушуга окшогондорго жардам берсе мекенибиз онугот еле
+2
№ 758, 12-18-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан