Орусиялык басылмалардын бирине психолог, сексолог Любовь Демидова атайын тесттин негизинде айымдардын төшөктөгү дареметин аныктап, аларга кеңеш берген. Сиз да бул тесттен өтүп, өзүңүздү текшериңиз.
1. ЖЫНСЫ ШЫМ САТЫП АЛГАНДА АЛ СИЗГЕ...
А. Дайыма кыска болуп калат
Б. Чапчак болот
В. Кыскартууга туура келет
2. ТҮКТҮҮСҮЗБҮ?
А. Дээрлик жок
Б. Көп эмес, суюк десем болот
В. Түктүүмүн
3. ЭТЕК КИРИҢИЗ КАНЧА ЖАШЫҢЫЗДА КЕЛГЕН?
А. 15 жашымдан кийин
Б. Так эсимде жок, 12-14 жаштын ортосунда болсо керек
В. 12 жашыма чейин эле
4. ЭТЕК КИРИҢИЗДИН КЕЛҮҮ ЦИКЛИ КАНДАЙ?
А. Цикл дайыма бузулат, айрым айларда келбей да калат
Б. Нормалдуу, кээде эле 1-2 күн жылышпаса
В. Өз убагынан кечикпей келет
5. КАНЧА ЖАШЫҢЫЗДАН БАШТАП ЖИГИТТЕР СИЗГЕ ЖАГА БАШТАГАН?
А. 14 жаштан кийин
Б. 11-14 жаш аралыгында
В. 11 жашыма чейин эле
6. МАМИЛЕ ТУУРАЛУУ ОЙЛОНУҢУЗ, ЭМНЕДЕН ЫРАХАТ АЛАСЫЗ?
А. Жолдошум (жигитим) мага көңүл бурса, гүлдесте, белек берсе, чогуу убакыт өткөрүүдөн
Б. Кучактап, өөп-жыттап, чачтарымдан сылап эркелетсе
В. Төшөк оюну мен үчүн эң чоң ырахат
7. ЭМИ ОРГАЗМГА ТОКТОЛОЛУ...
А. Бул сезимди сезе элекмин (кээде эле оргазм алам)
Б. Оргазм алам, бирок ага жетүү мага оңойго турбайт
В. Ар бир кумар оюнунан ырахат алам
А ЖООБУ БАСЫМДУУ БОЛСО...
Сексуалдык жашоодо алсыз айымсыз. Төшөк оюнун дайыма эле каалай бербейсиз. Капа болбоңуз, сиз табиятынан ушундай жаралган жансыз. Сиз ырахатты интимдик жашоодон эмес, эмоционалдык жакындыктан, кучакташуу, өөп-жытташуудан көбүрөөк аласыз. Төшөктө оңой "от албайсыз", ачылып-чачылууңуз үчүн убакыт, шарт талап кылынат. Өтө жакын, ишенген гана адамыңызга "каалооңуздун" ачкычын бере аласыз.
Эмне кылсам деп баш катырбай, сексологдун кеңешин окуңуз.
Б ЖООБУ БАСЫМДУУ БОЛСО...
Сексуалдык дареметиңиз орточо, жумасына 2-3 жолу кумарга батуу сизге жетиштүү. Сексуалдык каалооңузду эротикалуу өөп-жыттоо, сылап-сыйпалоо менен акырындап сизди дүүлүктүрүүгө болот. Бара-бара өзүңүз эле "от алдыруучу" чекиттериңиз кайда экенин өздөштүрүп, жакындык болбосо деле өзүңүзчө ырахат ала аласыз.
Сексуалдык дареметиңиз орто болгонуна карабай төшөктө сиз кимдир бирөөгө ысык, кимдир бирөөгө муздак сезилесиз. Сиздин мындай абалда болушуңуз өнөктөшүңүздөн көз каранды.
"Андай болушу мүмкүн эмес" десеңиз, бул жакка үңүлүңүз.
В ЖООБУ БАСЫМДУУ БОЛСО...
Табият сизге күчтүү жыныстык конституцияны жана жогорку баскычтагы сексуалдык каалоону ыроологон. Толук кумарга батуу үчүн сизге бир канча гана мүнөт талап кылынат. Оргазмга жетпей калуу деген дээрлик сизде болбойт.
Бул типтеги айымдар жашоодо кандай маселе жаралбасын, оңой чечишет. Көп оорушпайт, узак жашашат.
Сексуалдык каалоо убакыттын, жаштыктын өтүшү менен баары бир басаңдайт. Ал эми анын эрте басаңдоосуна эмнелер себеп? Чогуу аныктайлы.
Астра Айдарова
erotika@super.kg