Алымкул Үсөнбаев атындагы "Эл шайырлар" тобунун көркөм жетекчиси, ырчы Мурадил Сагыналиев 27-майда Улуттук филармонияда жеке концертин берет. "Кылымдын дастан ырлары – кыргыздын адеп, ыйманы" аттуу концертте элдик дастандар, терме, санат чыгармалар жаңырат.
"25 жылдан бери залкарларыбыз ыйык туткан филармонияда иштеп келе жатам. Ал кишилердин айтканын угуп, черткенин чертип ээрчип жүрүп ушунча жыл убакыт өтүп кеткен экен. Чыгармачылыкка аралашкандан бери жандуу үн менен ырдайм. Фонограмма менен ырдасам адашып кетем. Заманбап жаштарды туурап эстрадалык чыгармаларды аткарайын дейм, бирок окшошпойт. Ошондуктан концертте чыгармалар жандуу үн менен ырдалат. Замирбек Үсөнбаев, Саламат Садыкова, Гүлзат Байзакова, Нургиза Момунова концерттин коноктору болушат",- дейт Мурадил Сагыналиев.