Гүлзинат Суранчиева 7-майда Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде уулу Ибрагимдин тушоосун кести. Эки коёнду бир атып бул күнү ырчы айым 2 жарым жылда салып бүткөн ак өргөөсүнө да той берди. Тойдо ырчынын бир туугандары, кайын журту, достору келип батасын беришти. Сахналаш досторунан Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков, Юлия Руцкая, Тынай Алыбаев, Добр конок болушту.
"Үйүбүздү өзүбүз ойлогондой салдык. Ушул үй ак жолтой болсун, агарып-көгөрүп, кызыбызды турмушка узатып, уулубузду үйлөнтөлү деп жатабыз. Жер үй сонун болот экен. Короосу чоң болгондуктан мөмө-жемиштерди отургузуп эргүү алып жыргап жатам",- дейт ал. Той кут болсун!