"Музаман" тобунун жигиттери Алымкул Мамырбаев, Тариэл Токмергенов, Аксай Мукамбет уулу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланышты. Бул сыйлык аталган топтун ырчысы Аксай Мукамбет уулунун 8-майда Бишкек шаарында Улуттук филармонияда өткөн жеке концертинде тапшырылды.
"Жеке концертимде 3 сыйлыкка арзып сүйүндүм. Топтун жигиттерине күтүлбөгөн жерден "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси ыйгарылды. Мага Кыргыз ССРинин Эл артисти, композитор Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдык мааракесинин төш белгиси жана өзүм иштеген Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы II даражадагы "Мыкты аскердик кызмат үчүн" деген медалын ыйгарышты",- деп билдирет Аксай Мукамбет уулу.