АЮУДАГЫ ЫЙ. КӨЧКҮ ТҮШКӨН АЙЫЛДАН РЕПОРТАЖ

29-апрелде Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагынын Аюу айылында болгон көчкү 24 адамдын өмүрүн алды. Аталган айылдын жашоочуларын көчкүдөн кийин түйшөлткөн маселе: жер тилкеси, ал жерге турак жай салуу болууда. Бир күндө айылдын шаңын бузган бул көчкү элге муң-зар алып келди...

ЭЗЕЛИ ОҢДОЛБОГОН ЖОЛ, ҮШКҮРҮК ТАРТКАН ЭЛ...

Аюу айылына көчкү түшкөндөн кийин ал айылга жөнөп калдык. Өзгөндөн ары 30 чакырымдай жерге барышыбыздын өзү эле тозок болду. Өзгөн шаарындагы таксисттердин көпчүлүгү Тико үлгүсүндөгү унаа айдашкандыктан, көчкү түшкөн айылга бара албай турганын, башка унаа табуубузду айтышты. Акыры жол тандабас таппасак да, кичине асты бийик унаага түшүп, айылга бет алдык. Зергер айыл аймагындагы Аюудан сырткары Токтогул, Кайрат айылдары деле кооптуу аймакка кирет. Кайрат айылынын тургуну болгон айдоочу да 2 ай мурун ал жерден көчкүлө дегенден улам Өзгөн шаарында батирде жашап жатканын айтып берди. Жолдун боюнда жайгашкан үйүнүн жаңы куюлган пайдубалын көрсөтүп, "ушул абалда көчүрүп кете турган техника болсо кана?!" деп башын чайкай жолду улады.
"Жол азабы – көр азабы" деген сөз мына ушул айылдардын жолдорунда көп эске келет. Бул айыл элинин отурукташканына 20-30 жыл болсо дагы, жол эзели салынбаптыр. Таштак, ой-чуңкуру көп, бир машина араң өтө турган ушул жолго чыдаган элдин чыдамына таң каласың. Аюу айылы башталар замат тиричилик токтоп, аңгырап бош калган үйлөр бизди тосуп алды. Аңгыча катарынан шурудай тизилген чатырлар, чогулган эл, күнгө кактанып отурган жаш балдар көрүндү. Куран окутканы келип жаткан элдин аягы дагы деле суюлбагандыктан, айылда ый токтой элек.
Узундугу 5 метрге жетпеген чатырда экиден үй-бүлө жашап жатыптыр. Айыл элинин каргашаны эстегенге чамасы келбей калгандай. Көчкү түшкөн жерге алып барган Кадыр мырза туугандарынан ажыраганы аз келгенсип, сууга толгон үйүн көрсөтүп, "бул үйдү жаңы гана курдум эле" деп кейип алды. Топурак бир аз тоборсуп калыптыр, бирин-серин жашоочулардын буюм-тайымдары чачылып жатат. Ары жактан тоону беттей кетип бараткан аялдар чатырда жашап жаткандарга тамак-аш ташуу менен алек болуп жатканын колуна көтөргөн идиш-аяктарынан улам байкалып жатты.

"ЖАЛГЫЗ АТАМ КАЛДЫ, АГА КЫЙЫН БОЛУУДА"

Рахатай Артыкбай кызынын көчкүдө атасы гана аман калган:
– Мен турмушка чыгып, ата-энемден алыстаганыма жыл айлана элек. Ошол кырсык болгон күнү айылдагы кээ бир үйлөрдү көчкү басып калганын айтышты. Сарсанаа болдум, кабар алганы келип эле үйүбүздү таппай калдым. Көчкү апамды, 2 байкемди, жеңемди жана агамдын жаңы төрөлгөн кызын басып калыптыр (ыйлап). Азыр жалгыз атам калды. Ага абдан кыйын болууда. Атамдын айтуусунда, ал эртең мененки намазга апамды ойготуптур. Бирок апам "бүгүн ишемби, кичине уктап алайын" деп турбай койгон экен. Атам сыртка чыгып, 2-3 кадам таштагандан кийин эле көчкү үйдү алып кетиптир. Апам ушул айылдын мектебинде 30 жылдан ашуун мугалим болуп иштеп келген. "Быйыл пенсияга чыгам, эс алам" деп тийиштүү документтерин чогултуп жүрдү эле.
Көчкү астында калган байкем жеңем экөө 6 жылдан кийин гана балалуу болушкан эле. Агамдын кызы төрөлгөндө баарыбыз сүйүнүп, аны "тилеп алды" деп тергеп коёр элек. Көчкүнү казганда эч кимиси табылган жок, акыры ошол жерге жаназасын окуп, куран түшүрүп жатабыз. Өзүбүз казганда деле жакындарыбыздын жаман абалдагы денесин көрүп кайра азапка баткыбыз келбейт. Көчкү түшкөн жерге ошол бойдон бара элекмин. Бешенебизге атамды аман калтырды, эми анын амандыгын тилейм.

Рахатай Артыкбай кызы: "Көчкү апамды, 2 байкемди, жеңемди жана агамдын жаңы төрөлгөн кызын басып калды".


"АТАМДЫ ИЗДЕП ЖЕРДИ КАЗБАЙМ ДЕП ЭЛГЕ СӨЗ БЕРДИМ"

Нуридин Назырбаевдин болсо атасы менен карындашы көчкү алдында калган:
– Бир ай мурун түшүмдө аян берген. Биздин айылды көчкү басып кыйналып жаткан экенбиз. Ошондон кийин жүрөгүм бир нерсени сезип, үйдөгүлөргө "бул жактан көчөлү" дей бердим. Ошол учурда ӨКМнын кызматкерлери келип, тоонун этегинде жайгашкан 3 үйдүн жашоочуларына "көчкүлө" деп айтышты. Атам бир нече жолу сурады, бирок алар "көчкү силерге жетпейт" деп коюшкан.
Көчкү болор күндөн 3-4 күн мурун ошол адырга чыксам, ал жерге тиземе чейин баткакка батып кеттим. Бирок ӨКМнын кызматкерлери айткан сөзү мени жоошутуп турду. Апам экөөбүз Москва шаарына барарыбыз менен суук кабар келип, кайра кайттык. Атам жалгыз болгондуктан ага каралашайын деген ой менен ошол күнү жалгыз карындашым үйгө келиптир. Ал Өзгөндө окуйт эле.
Мен бул кабарды уккандан кийин эс-акылымды жоготуп, Орусиядан кантип келгенимди билбейм. Келгенде атамдын, карындашымдын сөөгүн издеп катуу кыйналдым. Эсимди жоготуп, бир убакта карындашымды табылды дегенди угуп эсиме келдим. Ал уктап жаткан жеринен төшөнчүсү менен кошо табылыптыр. Андан соң атамды издеп башташты, бирок табылган жок. Атамды издеп жерди казып жатканда эч ким мени токтото албай кыйналышыптыр. Ошондо эсимди жоготкон экем, мени ооруканага алып барышыптыр. Ал жактан мына бүгүн чыктым (ред.: 10-май).
"3 күн көзүңдү ирмебей, жумбай жаттың" деп доктурлар айтышты. Айылдагылар дагы жер казат дешти окшойт, алар келгенде "атамды издеп жерди казбайм" деп элге сөз бердим. Эми атам бейишке кирсин. Суранарым, "көчкү силерге жетпейт" деген ӨКМнын кызматкерлерине чара колдонулса...

"АПАЛАР ДАГЫ КОРКОТ, ЫЙЛАЙТ..."

Шабана 4-класстагы окуучу кыз, ал бизге божурап көргөн-билгендерин айтып берип жатты. Ал ар бир сөзүндө "апамдын жанынан алыс чыкпайм, анткени алар дагы коркушат" деп бизди кошо кейитти:
– Биз ушул айылда жашачубуз. Эртең менен уктап жатсак апам бизди ойготуп, "тургула, кошуналарды көчкү алып кетиптир" деп ыйлап жатты. Биз туруп эшикке чыктык. Мен да ыйладым. Бардыгы ыйлашты.
Коркконубуз үчүн үйүбүз тарапка бара албай жатабыз. Мени, эжемди, байкемди апамдан алыс Ак-Коргонго алып кетип калышкан, "ошол жактан окуйсуңар" деп. Бирок мен апамдын жанынан чыккым келбейт. Ошон үчүн ыйлап жанына келип алдым. Апам болсо "силерди Ошко жөнөтөм. Окуп тургула, үй салганда анан келип окуйсуңар" деп жатат. Апамсыз мен окуй албайм, апаларды жалгыз таштабаш керек. Алар ыйлайт, коркот...

"1995-ЖЫЛЫ ЭЛЕ КӨЧҮҮ ТУУРАСЫНДА ЭСКЕРТҮҮ БЕРИЛГЕН"

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директорунун орун басары Турдубек Ажыбаев көчкү туурасында буларга токтолду:
– Аюу айылындагы трагедияны биздин ишибизге болгон шалаакылыктан болду деп айтышууда. Биз мыйзам боюнча коркунуч бар жерлерге барып элге айтып, эскертүү гана беребиз. Бирок күч колдонуп көчүрүүгө укугубуз жок. "3 эле үйгө көчкүлө деп, калгандарга кепилдик беребиз" деген ушак кептер чыгып жатат. Ошол үчүн да биз архивдеги документтерди карап чыктык. 1995-жылы эле Аюу айылында архитекторлор жана жергиликтүү аксакалдар көчкү болорун аныкташып, айылда жашаган 5 бир тууган Разабаевдерге жана дагы башка тургундарга көчүүсү үчүн 1995-жылы 23-октябрда 24 миң сомдон жардам берилген. Ошондо Абдусалям, Хабибулла Разабаевдер көчпөй калып калышкан.
Аларга 2003-жылы дагы эскертүү берилген. Өзүм да 1-март күнү айыл өкмөттөрүнө, айыл башчыларына көчкүгө чара колдонуу туурасында айткам. 1-февраль күнү дагы жергиликтүү бийлигине атайын кат жөнөткөм. Алар көчкүдөн 3 күн мурун айылга эскертүү берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн айтышууда. Ошол эле учурда айылдын жашоочуларынын бизге жазган түшүнүк каттары да, биз берген эскертмелер да колубузда турат. Айыл эли "биздин илгертеден келе жаткан конушубуз. Мал-жаныбызды кайда алып барабыз?" деп башка жакка көчкүлөрү келбей, өздөрү ишеним каттарды жазып, нотариус аркылуу документтештирип жүрүшкөн.

Гезитибиздин кийинки сандарында Аюу айылынын учурдагы маселелерин чагылдырабыз.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Аюу айылынын шаңын бузган жер көчкү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
ekaterinburg
2017-05-15 09:11:40
Маркумдардын жаткан жерлери жайлуу болсун!Ээ Аллах,боодо кырсыктан,жалган жалаадан сактай кор!Жакындарын жоготкондорго терен кайгыруу менен конул айтам!
+19
stervella415
2017-05-15 18:04:36
жаман болду жаткан жерлери жайлуу топрагы торко болсун....бирок ушундай кырсыкта да нааразычылыгын билдиришип наалынышкандарына жинин келетда...Окм куноолу дешип...Окмк козу ачыкпв же кудайбы??? Силерге жетпейт десе дегендир...любой адам жанылатда...ушу нааразычылыкты коюп куран окуп кудайга дуба кылалы...
+8
stervella415
2017-05-15 18:07:46
Кочку болгон жерге уй салбай еле башка жерге кочсо болбойбу?? Окмот бир аз жардам берсе...кочку бугун болбосо ертен любой куну кайталанатда...тем более арбактардын устуно уй салбай еле коюшса
+5
taoni
2017-05-15 22:57:47
95-жылы 24 минден жардам берилген экен. Ал учурда 24 мин деген укмуш акча болчу кочуп алганга мумкунчулук толук бар болчу экен. А булар ал акчага кайра ошол жерге там салып алышкан да... окмот силерге дагы эмне кылып бериш керек эле...
+8
nurzada78
2017-05-16 02:31:46
Жалпак-ташта жашаган эжеден уктум,кочкуло деп окмот ссуда акча берсе,аны алышып кочпойт экен,кийинки жылы дагы берет экен окмот акча анан дагы кочушпойт,ошондо эл озу куноолуу!
+5
insap
2017-05-16 09:41:46
Маркумдардын жаткан жерлери жайлуу болсун
https://www.super.kg/article/show/40597/
+4
Rashit
2017-05-16 16:03:20
Оздору ошол жерде жашап туруп ошол адырдын кочуп тушушун кандай билишпейт адыр былчылдап суу сыгып атса оздору ан сезимдери жокпу окмотту куноолобой

+4
Petrovka
2017-05-17 23:24:03
Жаткан жерлери жайлуу болсун.
+2
Snejana
2017-05-18 01:24:55
Силер дагы Атамбаевге окшоп урушуп баштадынар да,олгондорго Аллахым ырайым кылсын. Артында сыздап калгандарга сабыр берсин. Ажал ушундай алды, отту, кетти. Эми пайда жок, урушсанар дагы, ыйласанар дагы. Сабыр, сабыр жана сабыр!!!!
+2
Azat.97
2017-05-21 13:02:52
Чын эле бир нерсе болсо эле окмот куноолуу дейбиз.Куноонун баары озубуздо.
0
№ 758, 12-18-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан