ИЧКИЛИК ДОСТОРДУН БИРИН ӨЛҮМГӨ, ЭКИНЧИСИН АБАККА ЖЕТКИЗДИ

КАНСЫРАП КАЗА БОЛГОН

Ушул жылдын 4-май күнү кечки саат 22:00 чамасында Бишкек шаардык Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө шаардын 7-кичи районундагы курулуп жаткан имараттын жанында кылмыш болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Оперативдүү иликтөө тобу окуя болгон жерге барып, канга боёлуп жаткан адамды көрүшкөн. Ал бутунан жаракат алып, кан көп кеткендиктен ошол эле жерде каза болгон экен. Маркумдун өздүгү аныкталып, ал Жумгал районунда 1975-жылы туулган Бактыяр Бексултанов экендиги билинген. Анын өлүмүнө шектелип Чүй облусунда 1980-жылы туулган А.Ж. аттуу жаран кармалган. Бул кылмыш боюнча Октябрь РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ал эми Октябрь райондук соту кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, аны 2 айга №1 СИЗОдо камоого чечим чыгарган.

"АРАКТЫН АЙЫНАН УРУШ ЧЫККАН"

Кылмышка шектүүнү кармагандардын бири, Октябрь РИИБинин опер кызматкери Талгат Кабылбеков кылмыш боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Окуя болгон жерге барсак, бир киши санынан бычак жеп кан болуп жаткан экен. Ал жаткан жердин айланасы да бүт кан болчу. Ошол убакта "Тез жардам" да келип, дарыгерлер жабырлануучунун каза болуп калгандыгын айтышты. Кылмышка шектүү кармалып, ошол эле жерден кылмышын моюнуна алды, окуя болгон жерден далил буюм катары бычак табылды.
Маркум менен кылмышка шектүү 2013-жылы таанышып, ошондон бери дос экен. Ошол күнү кылмышка шектүү досу Бактыяр Бексултановду өзү кароолчу болуп иштеген жерге чакырган. Бактыяр Бексултанов келип, экөө кароолчунун будкасында спирт ичимдигин ичип отурганда сөздөн сөз чыгып уруша кетишкен.

"АРТЫНДА 3 БАЛАСЫ ЖЕТИМ КАЛДЫ"

Окуяга күбө болгон маркумдун кайниси Адилет Осмонов буларды айтты:
– Маркум Бактыяр Бексултанов бөлөмдүн күйөөсү. Ошол күнү ал мага телефон чалып, үйгө жеткирип коюумду суранды. Кечки 8:30дарда ал айткан дарекке барып телефонуна чалсам, эч ким алган жок. 5-6 жолу чалып жибердим, аягында бирөө телефонду алды эле, андан "Бактыяр кана?" деп сурасам, "ал кан болуп жатат" деп жооп берди. Унаамдан чыгып, будканын ичине кирсем, жездем кан болуп отургучта отуруптур. Анын өңү-башы бопбоз, будканын ичи бүт кан болчу. Жарым саат, бир саат мурун кан аккан окшойт, кан уюп калыптыр. Эс-учунда эмес болчу. Жанындагы адамдан эмне болгонун сурасам, ал "билбейм" деп койду. Ошол замат "Тез жардам" чакырдым. "Тез жардам" менен милиция кызматкерлери чогуу эле келип калышты. Жездем каза болуп калган экен, карап көргөн дарыгерлер аны "муздап калыптыр" дешти. Жездемдин артында аялы жесир, 3 баласы атасыз калды.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ичкилик достордун бирин өлүмгө, экинчисин абакка жеткирди
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
simone
2017-05-15 09:33:00
түшүнүксүз...жанындагы адамдар тез жардам чакырбайбы,канжалап жаткан адамды көрүп туруп көрмөксөн болгондор, айбан эле болуп баратабыз
+3
tursunbaev78
2017-05-17 13:50:02
simone,кылмышкерден башка эч ким болгон эместа
0
ekaterinburg
2017-05-15 09:36:59
Эн жакшысы ичпей эле койгула,болду!Тоодой балээден кутуласынар!
+5
Kosmos2013
2017-05-15 15:34:23
Арак чыгырган заводтун ээлери канча адамдын убалына калып куноого батып атышканын билишеби?!!!
+11
sely
2017-05-21 20:14:21
Kosmos2013,качан оздорунун башына ушундай иш тушкондо ойлонушаар эхххх. Ар бир кырсыктан олгон инсандардын артында калган жакындарына ичим туз сепкендей ачышат
0
Varonin
2017-05-15 19:32:07
Бизде тез жардамдар эмес кеч жардамдар келги дери ажал алып кетет баарын
0
Holboeva92
2017-05-16 09:10:50
Varonin, тез жардамда куноо жок, бишкек боюнча болгону 3 реанимационная бригада болсо, алар кайсыл жакка жетишмек эле
+1
ADIL_AYDAROV
2017-05-21 18:58:15
Аллага тобо кылдым пайгамбарыбыз Мухаммад (С.А.В) айткан спирттик ичимдиктерди ичпегиле анткени ал бардык жамандыктын ачкычы дерп ошондуктан арак ж.б ичимдиктерди токтотолучу туугандар артында калган балдарыны Аллах өз кучагына алсын жубайына сабыр берсин эчкимдин башына мындай күндү салбасын Аллахым күнөөлөрүбүздү кечир
+1
№ 758, 12-18-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан