АСЕЛ ТУРДАЛИЕВАНЫН ГАРДЕРОБУ

Белгилүү ырчылардын жеке турмушу эле эмес, жада калса кийген кийимдери, косметика, жасалга буюмдарынан бери элди кызыктырып келээри талашсыз. Ошондуктан, «Жылдыздар шкафы» аттуу жаңы рубриканы назарыңыздарга сунуштоону туура көрдүк. Бүгүн сиздер менен бирге кыргыз элинин сүйүктүү ырчы кызы Асел Турдалиеванын гардеробуна саякаттайбыз.


Асел айымдын кийген кийимдеринин ар биринин баасы 1000 сомдон 1000 долларга чейин. Кийиминин саны канча экенин ырчы өзү да билбейт. Мурда концерттик костюмдарын атайын заказ менен тиктирсе, азыр улуттук костюмдан башкасын даяр түрүндө сатып алууга аракет кылат. Кечеге кийүүчү кийимдерди супермаркеттерден сатып алгандан тышкары, чет мамлекеттерге каттаган соодегерлерден заказ менен алдырат. Буга чейин кийилбей калган костюмдарын тааныштарына таркатып берчү. Бирок, орус ырчысы Алла Пугачёванын «концерттик кийимди белекке бербейт, андан көрө өрттөгөн артык» деген оюн гезиттен окугандан кийин концерттик формаларын эч кимге бербей калган. Ал эми кадимки кийимдерин бир-эки кийгенден кийин туугандарына белек кылып коёт.

Ырчы кийимине өңдөш бут кийимди, ага ылайыктуу сумканы сөзсүз сатып алат. Анткени, кийимине сумкасы да, бут кийими да жарашып турганын жактырат. Ошондуктан, кийими менен бут кийиминин, сумкасынын саны бирдей.

Асел айымдын ар дайым жаш болуп жүрүүсүнүн сыры сегиз жылдан бери жалаң гана «Мэри Кей» фирмасынын косметикасын колдонгондугунда. Өзүн жаш, сулуу алып жүрүү үчүн ырчы эч качан акчасын аябайт. Атырлардан «Шанель» француз атырын колдонот.

Ырчынын кымбат жасалга буюмдары ушунчалык көп болгондуктан, зер дүкөнүн ачса болчудай. «Алтын алтын алып келет» деген принцип менен ырчы алтын жасалгаларды көп урунат. Алтын жасалгаларында бриллиант, изумруд сыяктуу баалуу таштары чөгөрүл­гөн. Ырчынын эң жакшы көргөн жасалгасы бул – кызы Бегайымдын атасы туулган күнүндө белек кылган Чехиянын алтын жасалгалар топтому. Топтомдогу чынжырчанын ар бир бөлүгү жыландын башынын формасында жасалган. Бул ырчынын ишениминде бакыт жана байлык алып келет. Ырчы алтындан тышкары күмүш жасалганы да баалайт. Алардын көздөрүндө кымбат таштар чөгөрүлгөн. Аселдин кымбат жасалгаларынын кээси белекке келсе, кээсин өзү чет өлкө­лөр­дөн сатып алган. Майда, арзаныраак жасалгаларын кийимине окшоштуруп өзү Бишкектен эле сатып алат.

Даярдаган Замира Рахманбердиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 223, 9-15-февраль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан