ЧЕМПИОНДОР ЛИГАСЫ: ФИНАЛДА "РЕАЛ" ЖАНА "ЮВЕНТУС"

Аптанын ортосунда Чемпиондор Лигасынын жарым финалдык оюндарынын жооптук беттештери орун алды. Анда "Ювентус" "Монакону" кабыл алса, "Атлетико" "Реалга" каршы турду.

"МОНАКО" ЧОҢ ЖЕҢИШТЕРГЕ ДАЯР ЭМЕС

"Ювентус" 2:1 "Монако"

"Ювентус" башкы маселени алгачкы оюнда эле чечип койгон. "Монако" алгачкы оюнда 0:2 эсебинде утулуп, финалга чыгуусу татаал иш болуп калган. Туриндеги оюнда коноктор чабуулга өтүүдөн тартынышкан жок. Мбаппе менен Фалькао кооптуу абалдарды байма-бай жаратып жатышты. Бирок 33-мүнөттө "Ювентустун" чабуулчусу Марио Манжукич айырмаланса, 1-таймдын соңунда Дани Алвестин шумдуктуу соккусун Субашич тосо алган жок. 69-мүнөттө Киллиан Мбаппе Буффондун дарбазасына гол киргизе алды. Эсеп 2:1. Эки беттеште тең жеңүүчү боло алган Массимилиано Аллегринин командасы финалга карай бет алды.

"АТЛЕТИКОНУН" МАЙНАПСЫЗ АРАКЕТИ

"Атлетико" 2:1 "Реал"

Биринчи оюнда 0:3 менен жеңилген "Атлетико" жооптук беттеште чабуулга өтүүдөн башка аргасы жок эле. Оюндун башкы мүнөттөрүндө бардыгы ойдогудай болуп жатты. 12-мүнөттө Сауль бурчтан чыгарылган топту башы менен таамай сокку узатса, 4 мүнөт өтпөй Гризманн пенальтиден айырмаланды. Эми үй ээлери бир гол киргизсе, эки беттештин жыйынтыгы теңелмек. Бирок бул учурда "Реал" чабуулдарын күчөтүп баштады. 41-мүнөттө Иско гол киргизгенге жетишти. Оюндун эсеби калган мүнөттөрдө өзгөргөн жок. Жыйынтыгы 2:1 болуп "Атлетиконун" пайдасына чечилгени менен, "Реал" финалга чыкты.

ФИНАЛ 3-ИЮНДА КАРДИФФ ШААРЫНДА ӨТӨТ

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Dastan.98
2017-05-15 09:32:51
Реал Чемпион!!!
0
odin-takoy
2017-05-16 20:23:27
Ювентус чемпион болотурган команда
0
Damir.Turgunbaev
2017-05-17 13:29:40
буюруса Реал чемпион
0
Damir.Turgunbaev
2017-05-17 13:29:59
роналдунан дубль
0
Tyty1990
2017-05-18 10:39:08
Албетте реал!
0
malikkkg
2017-05-18 23:56:29
Ювентус уже чемпиондука татыктуу
-1
sarter-9301
2017-05-19 02:31:30
Алтындарым шашбагыла, оюндан кийин билинет кимиси татыктуу..
0
realmadrit95a
2017-05-19 12:13:09
sarter-9301,албетте Реал
+1
№ 758, 12-18-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан