БАБАНОВГО БАА БЕРИШ КЕРЕК

Элдин баары эле экономика дей бергени менен, аны түшүнгөн киши деле саналуу болот окшойт. Дегенибиз, өткөндө парламент өкмөттүк күн өткөрүп, андагы "РАЖ" лидери Ө.Бабановдун сүйлөгөн сөзүн угуп, оозубуз кыйла ачылгандай болду. Өмүкең кыргыз экономикасын өзүнүн беш колундай эле билери даана көрүндү. Анын сөз арасында айткан экономикалык терминдерин өкмөт башчыбыз баш болуп, каржы, экономика министрлери да түшүнбөшүнө күбө болдук. Кыргыз өкмөтүнө караштуу мамлекеттик ишканалардын баары биригип жалгыз "Шоро" компаниясынын кирешесин берерин, курамында баалуу металлдары бар Кыргыз жеринин рудалары тышка чыгып жатканын, өлкөбүздүн жолдору болгон бюджетти жеп, бирок бир жылда эле иштен чыгып калып жатканын айтып, өкмөт башчы бул боюнча чечкиндүү аракеттерди көрүшү керек экендигин баса белгиледи. Дүйнөлүк экономика заманбап жолдорго түшүп, биз болсо баягы эле эски кетменибиз менен арык чаап жүргөнүбүздү айтса чын эле күйбөгөн жериң күл болот экен. Бир сөз менен айтканда, "чымчык сойсо да касапчы сойсун" дегендей, экономика менен экономиканы билген кишилер алектенгени өлкө үчүн туура болчудай. Эгер Бабанов күздөгү шайлоодо өлкө башына келип калса, экономиканын эки тизгин, бир чылбырын да өз колуна алчудай.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 758, 12-18-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан