"Чак түш" тасмасында Жеки Чан менен Крис Такердин кутучадан чубалтып жеген кесмеси көз алдыңыздабы? Негизинен, ал тез даярдалуучу көчө тамактарынын катарына кирип, кытай кесмеси деп аталат. Вок деген аталыштагы чуңкур табада даярдалгандыктан бул даамды вок деп да атап коюшат. Аны үй шартында бат жана оңой эле жасоого болот. Тагыраагы, 5-10 мүнөт ичинде ачка отурган жакындарыңыздын курсагын кампайтып сүйүнтө аласыз.
ВОК ТАБАСЫН КОЛДОНУУНУН ЭРЕЖЕЛЕРИ:
КҮРҮЧ КЕСМЕСИНЕН ЖАСАЛГАН ВОК
Керектелүүчү азыктар:
Күрүч кесмеси – 200 грамм
Тоок эти – 300 грамм
Болгар калемпири – 2 даана
Пияз – 1 баш
Көк пияз – 1 тутам
Соя соусу – 4-5 аш кашык
Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
Туз, кара мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Жашылчаларды аарчып, узатасынан ичке туурайбыз.
2. Күрүч кесмесин сууга бышырып алабыз.
3. Тоок этин ичке-ичке туурайбыз.
4. Алгач этти 3-4 мүнөт кууруп, пиязды, андан соң болгар калемпирин салып, 2-3 мүнөт кууруйбуз. Соя соусун куюп аралаштырабыз.
5. Үстүнө бышкан кесмени салып, 1 мүнөттөй кууруйбуз. Дасторконго коёрдо көк пияз, күнжүт себелейбиз.
БУУДАЙ КЕСМЕСИНЕН ЖАСАЛГАН ВОК
Керектелүүчү азыктар:
Уйдун эти – 300 грамм
Буудай кесмеси – 300 грамм
Пияз – 1 баш
Ачуу болгар калемпири (чили) – 1 даана
Сарымсак – 3 тишче
Соя соусу – 100 грамм
Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
Туз, кара мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Этти жалпак, жука туурап алабыз.
2. Кесмени сууга бышырабыз.
3. Сарымсакты майда, ачуу калемпир менен пиязды ичке туурайбыз.
5. Кызып турган табага алгач этти салып кууруп, андан соң болгар калемпири менен пиязды салабыз.
6. Аягында бышкан кесмени салып аралаштырып, күнжүттөн себелеп дасторконго коёбуз.
ФУНЧЁЗА МЕНЕН ЖАСАЛГАН ВОК
Керектелүүчү азыктар:
Фунчёза – 300 грамм
Балык – 200 грамм
Болгар калемпири – 2 даана
Сарымсак – 2 тишче
Лимон ширеси – 2 аш кашык
Соя соусу – 2 аш кашык
Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
Туз, кара мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Балыкты кылканынан тазалап, ичке-ичке туурап алабыз да, лимон ширеси менен соя соусун кошуп 20-30 мүнөткө маринаддап коёбуз.
2. Фунчёзага кайнак суудан куюп, 5-7 мүнөт үстүн жаап демдейбиз.
3. Калемпирди узатасынан ичке, сарымсакты майда туурайбыз.
4. Калемпирди 1-2 мүнөт кууруп, сарымсакты кошобуз. Эми буларга балыкты кошуп 5-7 мүнөт кууруйбуз.
5. Андан соң фунчёзаны кошуп аралаштырабыз.
ГРЕЧКА КЕСМЕСИНЕН ЖАСАЛГАН ВОК
Керектелүүчү азыктар:
Гречка кесмеси – 300 грамм
Тоок эти – 200 грамм
Козу карын – 200 грамм
Сарымсак – 2 тишче
Соя соусу – 2 аш кашык
Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
Туз, кара мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Тоок этин ичке туурап, соя соусун кошуп 20-30 мүнөткө маринаддап коёбуз.
2. Кесмени бышырып алабыз.
3. Калемпирди, козу карынды ичке туурап, сарымсакты майдалайбыз.
4. Тоок этин 5-7 мүнөт кууруп, үстүнө калемпир менен козу карынды салабыз. 2-3 мүнөт кууруган соң сарымсакты салабыз.
5. Эми кесмени салып 1 мүнөттөй кууруп, дасторконго коёбуз.
Гречка кесмеси, күрүч кесмеси кытай, корей азык-түлүктөрүн саткан дүкөндөрдө сатылат. Кесменин ордуна сууга бышырылган күрүчтү да колдонууга болот.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg