ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (22-майдан 28-майга чейин)

Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат



КОЙ (21.03-20.04)
Сиз аптанын соңку күндөрү башка шаардык адамдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөсүз. Негизги көйгөйлөр ойдогудай чечилет. Жеке кызыкчылыгыңызды көңүл борборунда кармаңыз. Текшерүүчү органдар менен жакшы тил табышасыз. Бейшембиден тарта туугандар, кошуналар менен алака кылууга туура келет. Активдүү болуңуз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жуманын алгачкы күндөрү акча жагына көп көңүл бурасыз. Эгер акыл менен иш алып барсаңыз, анда албетте, сизге каражат түшө баштайт. Шаршембиден тартып туугандардын маселеси менен алек болосуз. Жол, унаа көйгөйлөрү да четте калбайт. Эң негизгиси оптимист болуңуз. Өзүңүздү токтоо кармап, өзгөнүн да оюн угуп коюңуз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта ичи сизди негизинен курбуларыңыз, мыйзам маселеси, жубайыңызга байланыштуу ийгиликтер коштойт. Максаттар орундалат. Таасирдүү инсандардан кеңеш сурасаңыз, өкүнбөйсүз. Шаршембиден апта акырына чейин өзүңүздүн түрдүү маселелериңизди чечесиз жана акча маселелери менен алек болосуз. Жыйынтык канчалык болушу өзүңүздөн көз каранды.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Сизди жумушуңузга байланыштуу ийгиликтер коштойт. Өнөктөш жана кесиптештер менен түшүнүүчүлүк болот. Ден соолугуңузду чыңдоо үчүн ыңгайлуу мезгил. Карыз, милдет маселесин жакшы орундатыңыз. Аптанын экинчи жарымында жабык типтеги ишканалар: оорукана, аскер, жаза өтөө, ветеринардык мекемелер менен көбүрөөк алагды болосуз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Бул аптада да мактанган абалда болосуз. Көкүрөктү көтөрүп басканыңызга балдарыңыздын ийгилиги, өнөктөштөрдүн, бийлик өкүлдөрүнүн сизди колдогондугу себеп болмокчу. Жуманын экинчи жарымында убактыңызды досторуңуз менен өткөрөсүз. Ичимдиктен алыс жана токтоо болуу сунушталат. Антпесеңиз, маселеге кабылышыңыз турган сөз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Сиз үчүн бул жума көп ийгиликтерди алып келет. Киреше кирет. Үй тиричилиги, кыймылсыз мүлк маселеси жакшы чечилет. Максаттарды ишке ашыруу үчүн таасирдүү адамдарга кайрылыңыз. Ишемби, жекшемби күндөрү досторуңуз, кесиптештериңиз менен убакыт өткөрөсүз. Маанайлар бир аз өзгөрмө болот. Эске алыңыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптанын биринчи жарымында туугандарыңыз, түгөйүңүз менен бирге айрым юридикалык маселелерди оң жагына чечесиз. Көйгөйлүү иштерди чечүү үчүн таасирдүү же эски тааныштарга кайрылсаңыз жакшы жыйынтыктарды берет. Бейшембиден баштап башка шаардык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр көп жүрөт. Жумушуңузга да көңүл бөлүү сунушталат.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Бул аптада сизге киреше кирет. Өнөктөштөр колдойт. Карыз акча алуу жана берүү, насыяга акча алуу жана төлөө үчүн ыңгайлуу мезгил. Шаршембиден тартып акча маселесине көп алагды болосуз. Алардын канчалык деңгээлде түшүшү сарамжалдуулугуңуздан көз каранды. Дем алыш күндөрү бөтөн шаардык өнөктөштөргө көңүл бурасыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жуманын соңку күндөрү жеке жумуштарыңыз ойдогудай орундалат. Таасирдүү инсандардан, эски тааныштардан жардам сурасаңыз, көйгөйлөр жакшы чечилет. Шаршембиден апта аягына чейин өзүңүздүн айрым маселелериңизди чечесиз, акча маселелери менен алек болосуз. Жыйынтыгы өзүңүздөн жана өнөктөшүңүздөн көз каранды.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Сиз бул аптада да үй тиричилиги, кыймылсыз мүлк, жер тилкеси боюнча алагды болосуз. Бул нерселерди ойдогудай ишке ашыруу үчүн жети өлчөп, бир кесиңиз. Катачылыктар кетиши мүмкүн. Аптанын экинчи жарымында жабык типтеги ишканалар: оорукана, аскер, жаза өтөө, ветеринардык мекемелерге өнөктөштөр менен чогуу барышыңыз күтүлөт.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жуманын соңку күндөрү негизги максаттарыңыз ишке ашат. Муну ишке ашырууда туугандар жана достордун колдоосу чоң мааниге ээ. Жол, унаа көйгөйлөрү ойлондурат. Бейшембиден тартып балдарыңыз менен чогуу убакыт өткөрөсүз. Зыяндуу адаттардан алыс болуңуз. Антпесеңиз, жумуш, ден соолук боюнча көйгөйлөр жаралышы турган сөз. Сак болуңуз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптанын алгачкы күндөрү жумушуңузда ийгиликтер күтөт. Каржы маселеси да жакшы чечилет. Андыктан тезирээк аракет кылыңыз. Жетекчиликке кайрылып көрүңүз. Бейшембиден тарта үй тиричилик көйгөйлөрү көңүл борборуңузда болот. Кыймыл-аракетти талап кылган жумуштар көп болот. Ишемби, жекшемби өз балдарыңыздын чөйрөсүндө болосуз. Эс аласыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 759, 19-25-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан