– Апам байкуш тогуз ай көтөрүп, толгоо тартып эмнеге мени бул жарыкка алып келди экен кыйналып?.. Кээде бул жашоого жаралганыма нааразы болуп кетем. Турмуш дегениң оюнчук эмес экен. Бир тууганымдан да жакын, кичинемден чогуу ойноп, бир партада отуруп, жигиттерге чогуу чыккан курбумдун жашоосуна аралаштым. Аралашканда да бети жоктун бет кабын кийдим. Бул кадамга атайын деле барган жокмун, бирок өз бактым үчүн күрөшүүгө аргасызмын.
1. – Классташым Сезимди көрө элегиме эки жыл болуптур. Батирде турушканда үйүнө тез-тез барып турчумун. Жер алып, там салып көчүп кетишкенден бери бара элек болчумун. Сезим да мени сагыныптыр, жылуу тосуп алды.
2. – Сезим жолдошу Кумар экөө бир жылга чукул кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүп, анан баш кошушкан. Экөөнүн үлпөт тоюнда Сезимдин курбу кызы болгонум алигиче көз алдымда. Кечээ эле баш кошкондор минтип очор-бачар, 2 баланын ата-энеси.
3. – Сезим Кумардын жакшы досу бар экенин айтып мени менен тааныштырмай болду. Дароо макул болдум. «Досуңду көрсөт, сенин ким экениңди айтып берем» дегендей, Кумардын досу болсо анда жаман эмес дедим ичимден. Кумар мага башынан эле жакчу.
4.– Залкар таанышканда эле мага жылуу пикир калтырды. Токтоолугу, сылыктыгы, жылмайганы менен арбап алды. «Жетелешип, сүйлөшүп жүрө бергидей жаш эмеспиз да» деп бат эле баш кошуп алдык.
5. – Кадимки тиричилик башталды. Залкар жумуштан келгиче тамак жасап, үй жыйнайм. Ал келгенде күлүп-жайнап тосуп алам.
6. – Менде баары сонун деп ойлогом. Бирок сонун күндөр бир жылга жеткен жок. Залкар кыйкым эле издеп турат. Боюмда болсо өзгөрөт беле десем же оюм ишке ашпайт.
7. – Эмне кыларымды билбей калдым. Кээде туруп басып кетким келет. Залкар сыртынан билинбегени менен, өтө майдачыл экен. Мээмди кытыратып эле жейт.
8. – Арманымды Сезимге айтып, жашып алдым. Анан эмне кылам? Анын күйөөсү көзүнүн агы менен тең айланат. Курбумдун бактысына кээде ичим да тарып кетет.
9. – Буга чейин бир нече жолу кетип калайын деп кайра өзүмдү-өзүм токтотком. Бирок азыр мени эч ким токтото албайт. Сезимдин күйөөсүндөй жигиттер мага эмнеге кезикпейт? Балким, андайлар бул жашоодо бир гана экземпляр. Мен эмне, андай күйөөгө татыксызмынбы? Жок, татыктуумун!
АСЕЛДИН ТАГДЫРЫ ЭМИ ЭМНЕ БОЛОТ? БАКТЫСЫН КАЙДАН ИЗДЕЙТ? СУРООЛОРДУН ЖООБУН КИЙИНКИ САНЫБЫЗДАН АЛАСЫЗ.
Cүйүн Кулматова
Замир Жумабаев
lira@super.kg