– Салам, Дайыр. Акыркы убакта такыр эле гастролдон колуң бошобой калды окшойт...
– Саламатсыздарбы? Мен жыл сайын эле гастролго чыгам. Бирок быйыл өзгөчө болду. Бир чоң компания менен 100 концертке келишим түзүп, февралдын ортосунан бери куудул эжекелерим Назира Жетигенова, Гүлжайна Атаканова үчөөбүз гастролдоп жүрөбүз. Бул тандем компаниянын сунушу менен түзүлдү. Азыр 100 концерттин араң 65ин бердик. Эгер гастролду өзүм уюштурсам, он күн Ошто концерт берип, он күн эс алып, анан уламакмын. Келишимде андай эс алуу жок, тынбай эле концерт берип жатабыз. Чарчап жүргөнүбүздү эске албаганда баары жакшы. Канча билет өттү, канча киши келди деп башың оорубайт. Жаткан жериң, тамак-ашың баары даяр, 5 киши келеби, 1000 адамбы, кадимкидей концерт берип жатабыз.
– Түркиядагы таанышым кыргыз ырчыларынын биринин концертинен сүрөт жүктөп "концерт кызыксыз, фонограмма менен ырдашат, кетип калдым" деп жазды. Сенин чет жердеги концерттериң кандай өтөт, бул жактагы гастроль менен айырмасы барбы?
– Кыргызстанда такай эле сценарий менен даярдалган 2-3 сааттык концерт берем. Ага бир нече ай жүгүрөсүң. Чет өлкөгө гастролдоо мен үчүн бир кыйла жеңил. Чакан кафелерде болот, даярдыксыз эле барам. Уюштуруу иштерине да башымды оорутпайм. Бул жактан 7 жерге концерт берсек, эгер эл жакшы келип берсе, чыгымынан сырткары 7000 доллар табасың. Ал эми чет жерде 1 күндүк концерттен 2000-3000 доллар тапса болот. Киши келеби, келбейби, бул уюштуруучунун маселеси. Мен келишимдеги акчамды алам да кетем. Бирок барганга, келгенге убактың кетет.
– Интернет баракчаңа "Убакыт бар, бактыңды сен кармагын, сүйүүнү жалгыз баалагын. Өзүңө теңди тандагын, азыр кеч эмес!" деп жаздың. Өзүңдүн турмушуңду жазгандай туюлду...
– Бул "Тим эле" деген ырымдын саптары. Сиз туура байкагансыз, "Тим эле" деген ырымдын текстинин идеясы меники. Жакында эле бир нерсени байкадым, ырыма тартылган клиптин сюжети айланып өз башыма келет экен. Мисалы, "Сагынба" деген ырымдын клибинде арабада отурган майыптын ролун аткаргам. Аны тартып бүтүп калганда жол кырсыгына кабылдым. Ооруканага барсам, бел омурткадан жарака кетиптир. Азыр баары жакшы, бирок оор нерсе көтөрө албайм. Тагдыр менен ойнобоюн деп клиптин аягын түш кылып өзгөрттүм. Баштапкы сценарий боюнча майып боюнча калмак элем. "Кайрылчы" деген клибимдин сюжети да азыр менин турмушумда болуп жаткансыйт. Кыскасы, клиптеримде өзүм роль жаратуудан коркуп калдым.
– Жубайың экөөңдүн ортоңордогу таарыныч жазылдыбы?
– Дагы деле сүйлөшө элекпиз. Ал үйдүн улуусу, анын айтканы айткан. Мен болсо бир үйдүн кенжеси, дегеним деген. Ошондон уламбы, экөөбүздө тең өзүнүкүн бербеген адат бар. Анан ал да мага окшоп аракетчил. Күндө "эмне тамак кылайын?" деп сурай берчү. Кээде такыр бизде жок, чет жерде жеген тамагымды айтып коём. Ал интернетке кирип чукулап жатып таап чыгат да, окшоштуруп жасап коёт. Биздин таарынычтар бүтө элек. Катуу деле урушкан эмеспиз. Ал деле түшүнөт, мен азыр гастролдомун, бошобойм. Бир жолу Жанара экөөбүз бир жакка жасанып алып чыгып бара жатсак,
KG Эльмурат "аялыңды элге көрсөтүш үчүн алдың беле?" деди. Анын сөзү мени ойго салып койгон. Негизи исламда "үй-бүлөдөгү маселени сыртка чыгарбаш керек" деп айтылат экен. Мен ошону карманып Жанара экөөбүз уруша электе Инстаграмдан сүрөттөрүбүздү өчүргөм. Анан таарынышканыбыз тууралуу кеп кетти, ошону менен "чын эле ажырашыптыр, чогуу түшкөн сүрөттөрү жок" деп жатып калышты. Мен буларды айткым келген эмес. Бирок эл ырчынын чыгармачылыгынан да жеке жашоосуна кызыгат экен. Муну эми байкадым. Кайгылуу бир пост жазсам, алдындагы комментарийлерди окуп жетишпей калам. Интернеттеги түз эфирлерге да чыкпай калдым, чыксам эле келинчегим экөөбүздүн жашообузду сурашат.
– Таарынышып кетүүгө эмне себеп болду?
– Келинчегим чыгармачылыгымды түшүнбөй жатат деп айтпайм. Анткени үйлөнүп жатканда эле "мен ушундай тентимишмин, гастролго көп чыгам" деп айткам. Ошентсе деле аял – аял экен. Түшүндүрүп кетип жатсаң деле кызганат. Үйлөнө электе майда-чүйдөдөн да уруш чыгып кетерин таптакыр билген эмесмин. Жалгыз жашап көнүп калгам да. Жанарага эми көнө баштаганда таарынышып кеттик. Мен тараптан да кызганыч бар. Көчөгө жалгыз чыгарбайм.
– Турмушка чыкканы иштебей калды беле?
– Үйгө камап койгон мага деле жакпайт. "Иштейм, визажисттик сырларды окуп үйрөнөм" деди. Боюнда болгуча окуду, иштеди.
– Ошондо сени күйөрман кыздардан кызганып жатабы?
– Өткөн жашоомдогу сүрөттөрдөн кызганып жатат (күлүп). Менеджерим менен түшкөн сүрөттөрүмдү көрсөтүп "бул эмнеге сени кучактап түшөт?" дейт. "Менеджерим – бир тууганым" десем ишенбейт. Кой, муну Жанара жактырбай жатат деп аны менен байланышты деле үзгөм. Анан чогуу гастролдогон эжекелерден кызгана баштады. Мен өзгөрүшүм керекпи же Жанара өзгөрүшү керекпи, азыр айта албайм. Гастроль бүтсө ийри отуруп, түз кеңешип дегендей, мындан аркы жашообузду чечебиз. Мен өзүн кыйнап жашаган адамдардан эмесмин.
– Сүйүүгө азыр кандай аныктама берер элең?
– Мен эмнени байкадым, жашым 30га келсе да шашып үйлөнүптүрмүн. Жанара экөөбүз болгону 5 ай сүйлөштүк. Бул бири-бирин таанууга аздык кылат экен. Кээде мен Жанараны таптакыр тааныбагандай сезилет. Ал дагы мен жөнүндө ошондой ойлойт. Үйлөнгөнүмө өкүнбөйм, бирок бири-бирибизди жакындан тааныгандан кийин үйлөнсөк болмок экен деп калдым. Мага жактыруу бат келет. Бирок аны мен сүйүү деп эсептебейм. Мисалы, бирөөнү жактырып калсам, бир апта жинди болом да, анан коё берем. Сүйүүнү үй-бүлөлүк бакыт деп билем. Апама, бир тууганыма, жубайыма, балама болгон сезим. Бул сезимдер эч качан эскирбейт.
– Рахмат, ачык баарлашуу болду. Бактылуу бол!
Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg