3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ

(Башталышы өткөн сандарда)

Медина Шерзатты үйүнө киргизип алса, калганын өзү моюнуна алат. Бат эле чайын даярдап жиберди. Шерзат кыздын үйүндө өзүн ыңгайсыз сезип жатты. Мединанын үнүн укканда гана эсине келе түштү.
– Чарчадың, ээ, кел чай ичели.
– Сени менен кантип чарчамак элем?..
Ишеничтүү жооп берген Шерзатка Медина тигиле карады. Эки жаштын көздөрү бир саамга тиктеше түштү. Ашкана бөлмөсүнө кирип отурушту. Шерзат чындыгында машыгуудан кийин тамактана элек болчу, курсагы ачыптыр. Медина дасторконду бат эле даамдарга толтуруп жибериптир.
– Курсагың ачты. Аны билип турам. Уялбай эле жей бер.
– Ооба, машыгуудан кийин чын эле тамактана элек экенмин.
Медина өзүнө ыраазы болгондой жылмайып койду. "Мына, кайрадан анын жылмаюусу. Бул жылмаюусу менен канчалаган жигиттин жүрөгүнө чок салды болду экен? Мен дагы бул чүрөктүн курмандыгы болдум. Жок, жок. Бат элеби? Ушундай дагы болобу?.. Шерзат, өзүңдү колго ал, жоготпо..." Жигиттин оюнда дал ушундай ойлор. "Маңдайымда отурган сулуу келечекте колуктум болуп калса" деген кыялдарга чейин чөмүлүп кетти.
– Аида чын эле сага жагабы?
Мединанын бул суроосу бир чети күтүүсүз болсо, бир чети баарын чечип алуусу керек болчу. Арыдан бери болгону оң. Кыз чабуулга өттү. Бул учурда Шерзат өзүн рингдин бир бурчуна такалып калган мушкердей сезип кетти.
– Андай болсо башка кыздын үйүндө отурбайт болчумун.
Бул жооп менен ары-бери узатылган соккудан буйтап кеткендей...
– Жигиттер ушинтип айта бересиңер, эртеси иш жүзүндө баары башкача болуп калат. "Өзүнүкүн бербеген кандай бул, ыя?.." Биринчи соккусу таамай болбосо да, артынан эки-үч сокку узатылгандай туюлуп кетти. Шерзаттын намысына тийгендей болду.
Шерзат Мединанын колунан тартып, белинен кучактады. Ооба, бул эми жигиттин чабуулу. Кыз да жанатан бери ушуну эле күтүп тургандай. Мединанын жыпар жыты Шерзаттын эсин оодарды. Кучагына бекем кысып, кыздын эрининен өөп жиберди. Муну экөө тең каалап турса да, кимиси биринчи болуп батынары белгисиз эле. Кантсе да жигит эмеспи, Шерзат бул "оюнда" утулууга аргасыз болду. Жигит кызга тойбочудай. "Мүнөттөр токтосо, ушул мүнөттөрдү бир нече убакытка токтотуп койсок кана..." дал ушул ойлор Шерзатты ээлеп турду.
– Шерзат, бул эмне болуп кетти?
Жигит унчукпай, кызга тике карады. Анын ишенимдүү көз карашы негедир Мединага жага берди.
– Аидага айтмай жок.
– Бул эми экөөбүздүн ортобузда болсун. Аидага өзүм түшүндүрөм.
– Албетте, өзүң түшүндүрөсүң. Сенин айыңдан курбумдан айрылгым келбейт.
– Курбуң го мейли, а жигитиңчи?..
– Ал жагын өзүм түшүндүрөм.
Бул жооп менен аталган "мини-беттеш" тең чыкты. Шерзат дагы бир жолу Мединаны бекем кучактап коштошуп, үйдөн узап кетти.

ххх

Таң атып калгандай. Чымчыктардын үнү бирин-серин угулуп жатты. Сейил бактын аллеясына жакын жатып калган караан айланадагы тынчтыкты бузду. Ооба, бул Жек болчу. Ал эми гана эсине келе баштады. Башы каңгып калыптыр. Моюн жагынан ооруксунууну сезди. Атылган ок моюн жактагы терини сыйрып гана өткөндөй. Бир-эки сантиметр бери тийгенде өмүрү менен коштошмок өңдөнөт. Кимдер кол салганына да мейли, ал бул дүйнөдө аман калганына ыраазы болуп турду. Эки буту менен жерди басып, таңкы мелүүн шамал денесинде ойнойт. Жек жашоонун баркын эми сезди. Айылдагы ата-энеси, Медина, университеттеги машыктырган балдары, Айдар... Ойлоруна ар бири бирден келип жатты.
Үйгө келери менен өзүн бир сыйра иретке келтирди. Аптечкасын алып чыгып жараатына керектүү дары-дармектерди сүйкөп койду. Курсагы да ачка экен, бат эле шам-шум этип, эс алууга өттү. Күн түштөн ооп калгандан кийин гана ойгонду. Бүгүнчө университеттеги машыгуусуна барбай турайын деп ойлоду. Унаасын гараждан алып чыкканга батынган жок. "Үйдү да аңдышкан жокпу?" деген ой үйдөн чыгып баратканда гана келди. Ар бир кадамын дыкаттык менен кылып баштаган Жек базардан жаңы телефон сатып алды. Ушуну менен бул үчүнчүсү.
Айдардын номурун эки-үч жолу терди. Өчүк. "Мага кол салышса, демек, Айдарды да билишет. Азырынча жаман ойлордон алыс болоюн" деп койду
ичинен. Досунун амандыгын тиленди. Кечке чейин үйдө болуп, күүгүм кирип калганда эшикке чыкты. Көптөн бери айдала элек БМВсы чаң басып кетиптир.
– Качантан бери жанымда болуп келесиң. Бири-бирибиздин кыялыбызга чыдаган экөөбүз тең эр экенбиз. Мени сагынсаң керек. Мен дагы сени сагындым. Азыр экөөбүз сейилдегени чыгабыз.
Жек бир күн кечке эч ким менен сүйлөшпөй, буулугуп да кетти. Унаасы менен сүйлөшүп, от алдырды. Жектин сөздөрүн уккандай унаа да дароо күрүлдөп от алды. Жек Айдардын үйүн көздөй бет алды. Тааныш көчөлөр, тааныш үйлөр. Караңгы түндө бир дагы жарык жок болсо дагы Айдардын үйүн таба алат. Бул сапар көнүп калган жол менен келген жок. Үйдү көздөй башка жол менен айланып келди. Айдардын үйүнө жакындаган сайын Жек бир нерсени сезгендей, өзүн бир кызык сезип бара жатты. Эмне болгонун билбей эле кайра айланып кетип калгысы келет. Бирок эмне болгонун билүү керек... Айдар тирүүбү же жокпу?..

(Уландысы кийинки санда)

Алибек Алиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
tular
2017-05-22 09:31:25
мен биринчи
-3
Aigiza.95
2017-05-22 10:24:55
Мен экинчи
-3
ALYM_KG
2017-05-22 12:51:21
а мен учунчу.
-3
Nursing.kg
2017-05-22 15:01:28
Мен тортунчу окшойм э
-1
Venerochka
2017-05-22 17:58:14
Мен 5чи
0
kamchatka
2017-05-22 20:13:14
Venerochka,сен алтынчысын
0
Aita1995
2017-05-22 22:10:05
Уф, мынча аз...
0
Afgan312
2017-05-23 12:56:55
Өтө аз жазылыптыр
0
Danik
2017-05-23 16:25:57
мен 40-чы
0
aruush-12
2017-05-26 23:25:57
Канчанчы экенинерди жазсанар байге береби
0
Sofiya98
2017-05-28 21:05:29
ак ит көк ит баары бир ит дегендей,ким канчанчы окуса да,ар ким өзүнө оң таасир тийгисчүү көрүнүштү алса эле болгону.
0
№ 759, 19-25-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан