(Башталышы өткөн сандарда)
– Та-ак, Дуулатов, эмне дейсиң?
– Агай, жол тыгында калып калдым.
– Уктадым деп эле айтчы, Дуулатов. Эми мен үйгө кетем да,- картаң агай көзүн кыбыңдата сүйлөдү.
– Агай бир айласын кылалычы. Мына макетти да жасап келгем. Мүмкүн, үйүңүзгө мен да кошо барам.
– Сен эмнеге барасың?
– Экзаменди ошол жактан тапшырам.
– Тим эле!- Турсун Жумабекович жактырбагандай бурк этти. Анан капыстан тээ күздөн бери жыйналбай турган короосун эстеп кетти. "Бас" деди анан ал чечкиндүү.
ххх
– Бегимай!- короодон кирип эле Турсун агай кимдир бирөөнү чакырды.
– Оу, чоң ата!- гүлдүү, кыска көйнөк кийген, чачын эки өрүм байлаган, көздөрү бакырайган арык кыз үйдөн чыкты. Кыздын ал элеси күнү бүгүнкүдөй жигиттин эсинде. Чоң атасынын жанындагы жигитти жалт карап алып, кайра уялыңкы көздөрүн ала качкан. Окуучу кыздай эле көрүнгөн. Көрсө жогорку окуу жайда 2-курста окучу экен.
– Мына бул жигитке сарайдан тырмоок алып чыгып бер! Короону жыйнайт. Дуулатов, экзаменди ошону менен бүттү деп эсептейбиз. Түшүнүктүүбү? - картаң агай өктөм сүйлөдү.
– Ооба...- Арсен сарайды көздөй баскан кыздын артынан жөнөдү.
Сарайдын ичи жыйналбаптыр, буюмдар каршы-терши чачылып жатат. Илмийген ичке буттары менен жердеги буюмдардан аярлай аттап өтүп бараткан кыз Арсенге өтө эле назик, өтө эле күнөөсүздөй көрүндү.
– Мына?!- деди кыз акыры тырмоокту таап.
Арсен бир эсе экзаменди ушундай тапшырып калганына ичинен кымыңдап жатты. Билек түрө ишке киришти. Короонун ичиндеги жаңгак, алма, кара жыгачтан былтыр күзүндө күбүлүп түшкөн жалбырактар жыйналбай жата берип кара күрөң тартып кеткен экен. Чаң. Аларды бир жерге чогултуу жигитти көп убара кылды. Чоң ата менен небере үйгө кирип кеткен боюнча жок. Тамагы кургап чыкты. Бирок чыдап жумушту бүтүрүп салмакчы болду.
– Агай?- боз ала чаң болуп жумушун бүтүп босогого келди.
– Ал уктап жатат...- ичкериден кыз чыга келди.
– Мен бүттүм.
– Анда үйгө кирип тамак ичиңиз - ойлоп көрсө эртеден бери наар ала элек экен. Кыздын сунушуна макул болуп, жуунуп үйгө кирди.
– Чоң атамды ойготпой эле коёлу. Эс алып алсын- Бегимай тамак салып жатып сүйлөдү.
– Баса, ийгиликтүү экзамен тапшырып алышыңыз менен куттуктайм!- деди кыз жылмая. Жанатан бери өзүн коёрго жер таппай ыңгайсызданып турган Арсен жандана түштү.
– Рахмат! Эми күздө келип корооңорду дагы бир жыйнап берсем кышкы экзаменден да өттүм дей берсем, болот- жигиттин бул жообуна кыз кыткылыктап күлүп койду.
– Бегимай ээ, атыңыз?
– Ооба. А сиз, Дуулатов?
– Дуулатов Арсен.
– Та-ак, Дуулатов Арсен, анда тамакка караңыз.
– Мен сизди уялчаак кыз экен деп койдум эле жанараак?
– Сырткы келбет алдамчы да. Мисалы, сиз деле сыртыңыздан жакшы окуган жигиттей көрүнөт экенсиз... А менин чоң атам болсо Аяз атадай боорукер туюлат. А чынында караңызчы, сизди концлагердин туткунундай иштетип койду.
– Көп да сүйлөйт экенсиз...
– Кечиресиз. Сиздин экзамен тапшырып, мээңиз чарчап турганын унутуп калыптырмын - Бегимай ажыкызданып жооп берди.
– Мен тамашаладым.
– Тамаша беле? И-ий, бир аз эртерээк айтсаңыз болмок экен. Таарынып калбадымбы. Эми кеч!- кыз кайгырган адамдай башын чайкап койду. Арсен күлүп жиберди.
– Мыкты актриса чыкчудай экен сенден.
– Чыгат буюрса! Окуп жатабыз азыр...
– Аа... Жигитиң барбы?
– Бар.
– Жок болсо, балмуздак алып берейин дегем да...- деди жигит күлүмсүрөй.
– Тамашаладым. Жок- кыздын бул жообуна экөө тең күлүп калышты.
– Балмуздакты ушунча жакшы көрөсүңбү? Жигитиңди балмуздакка алмашып жибердиң...
Айткандай эле алар тамак ичип бүткөн соң жакынкы дүкөнгө барып балмуздак алып жешти. Экөө тең ичинен тез тил табышып кеткенине кудуңдап жатышты. Ананчы, алар дароо эле бири-бирине жагышкан болчу. Бирок аны азырынча сыр кыла туруу керек.
– Телефонуңду бересиңби?- жигит кетүүгө камданып жатып сурады.
– Эмнеге?
– Номериңди берсең, мындан да чоң балмуздак алып берем.
– Жаз анда- кыз күлмүңдөй номурун айтып баштады. Бирок ал акыркы санын айтпай койду.
– 0дөн 9га чейинки сандарды терип көр. Сен да кичине аракет кыл. Балмуздак үчүн эт-бетинен кеткен тамаксоо экен деп калбагын- деди кыз тамашалай.
ххх
Арсен үйүнө кубанычтуу кайтты. Таң эрте уктап калганы сонун болгон экен. Бир-эки сааттан кийин кыз берген номурдун жетишпеген санын табууга аракет кылат. Бул ырахаттуу машакат болмок.
Телефонун колунда айлантып керебетинде жаткан жигитке капыстан бир ой келди. Кыз берген номурга 0дон 9га чейинки сандар уланган 10 номурга тең "Эскимо" деп СМС жазып жөнөтүп жиберди.
Акыры аягы 4 менен аяктаган номурдан "Өзүң ошондой!" деп жазылган, күлүп турган быйтыкчасы бар жооп келди. Бул Бегимай болчу...
(Уландысы кийинки санда)
Марат Жанбараков