ТҮРК ТАБЫБЫ ИЛХАМ

ДАРЫГЕРЛЕР БАШ ТАРТКАН АДАМДАРДЫ АЙЫКТЫРЫП, БУТУНА ТУРГУЗГАН

Айыл тургундары Илхамдын колу менен ооруларды айыктырган касиетке ээ экенин 12 жашында баамдашкан. Жакын жайгашкан коңшу айылдын эли өспүрүм баладан даба издеп агылып келишчү. Жыл сайын ал жөндөмдүүлүгүн өстүрүп миңдеген адамды кабыл ала баштаган. Өз тажрыйбасын Илхам акырындап чогулткан. Азыр табыптын тизмесинде түрдүү оорулар анын алдында алсыз болгон жүздөн ашуун ырым-жырымы бар.

Ал дарыгерлерди, окумуштууларды жана тагдырды алдын ала айткан адамдарды да таң калтырып келет. Анткени анын айткан жоромолдору дайым туура чыгат. Илхам жашоодон үмүтүн үзгөн, аракечтиктен, уруш-талаштан үй-бүлөсү бузулган, баңги, кумар оюнуна азгырылган жана кедейликтен жапа чеккен миңдеген адамга жардам берген. Илхам жадакалса дарыгерлер баш тарткан адамдарды айыктырып, бутуна тургузган!

По многочисленным просьбам жителей города Ош и Ошской области приём продлевается.
Илхам ждёт Вас с 10:00 до 14:00, 20-21-22-23-24-25-26-27-28-мая 1-2-3-4-июня
По адресу г. Ош, пр. Масалиева, 11. Стоимость приёма – 3500 сом
Лицензия №256443, КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги
Ilham.com.ua

Сергей Астахов, актёр: «ИЛХАМ – МЕНИН КУТКАРУУЧУМ»

Орусиялык актёр Сергей Астаховду көбү "Гаишники" сериалындагы ролу аркылуу таанышат. Анын бир сериясы 7 жыл мурун Кыргыз жеринде тартылган болчу. Орусияда жашап жаткан актёр менен видеобайланыш аркылуу маек курдук. Көбүнчө текебер деп сыпатталып келген Сергей Астахов бул баарлашуудан кийин жөнөкөй, адамгерчиликтүү инсан катары эсте калды.

КААРМАН ТУУРАЛУУ:

Туулган жылы, күнү –
1969-жыл, 28-май
Туулган жери – Орусиянын Воронеж облусу
Бою – 175 сантиметр
Салмагы – 80 килограмм
Үй-бүлөлүк абалы – Сүйүктүү айымы, мурунку никесинен 1 кызы бар
Тартылган сериалдары – «Бедная Настя», «Хиромант», «Гаишники» жана башкалар
Тартылган тасмалары – «С днём рождения, Лола!», «Молоды и счастливы», «Слепой», «Принцесcа и нищенка» жана башкалар

– Сергей, саламатсызбы? Сизге биоэнерготерапевт, психолог Илхам Исмаилов жардам бергенин угуп байланышып жаттык эле. Илхам мырзага кандай себептер менен кайрылгансыз?
– Эл көзүндө жүргөн адамдар интервью берип, күйөрмандар менен сүрөткө түшөт эмеспи. Бир жыл мурун спектаклден кийин бир аял мени менен сүрөткө түшүп, белегин берген. Ошол күндөн тартып башым чыдатпай ооруп баштады. Кыйналганымдан "Тез жардам" чакырууга да туура келген. Ооруканага барып, томографиядан өтүп, анализ тапшыргам. Көрүнбөгөн жерим калбады. Бир да дарыгер диагноз коюп бере алган жок. Кандайдыр бир ооруну басаңдаткан дарылардын тизмесин жазып берип коюшат, анысы да жардам бербейт. Ушунчалык жаным кейип, кыйналып ооруп көргөн эмесмин.
Бир күнү досум айыкпай жатканымды көрүп "Илхамга алып барам, ошол адам сени көрүп көрсүн" деди. Негизи мен скептик болгондуктан, андай нерселерге такыр ишенчү эмесмин. Ал "жөн эле барып көрчү, андан эч нерсең коробойт го" деди. Акыры досумду кыя албай айтканына көндүм. Илхамдын кабинетине кирип, таанышып отуруп калдык. Эми бул киши көп сүйлөп башты оорутат го деп ойлогом. Бирок ал "Эмнеге келдиң? Эмне маселең бар?" деп да сураган жок. Ичимден "сүйлөбөсө жакшы болду" деп койдум (күлүп). Бир маалда "Сергей, эгер бирөө менен сүрөткө түшкүң келбесе түшпөй эле кой, белегин алгың келбесе алба" деп баарын сезгендей айтып койду.
Анан "сени кармап көрсөм болобу?" деп сурады. Ыңгайсыз боло түштүм, бирок айла жок макул болдум. Ал далымды кармалап туруп бир нерсени алып салгандай болду. Маанайым жок, жаман болуп отурдум эле, дароо абалым жакшыра түштү. Ошондон кийин башымдын ооруганы басылды. "Тагынып жүр" деп тумар белек кылган, аны чечпей тагынам.

– Илхам мырзанын жардамына муктаж болуп канча жолу кайрылдыңыз эле?
– Ошол күнү эле баргам. Башкалардай болуп "эртең, бүрсүгүнү кел" деген жок. Ага ушунчалык ыраазымын, жакшылыгын эч качан унутпайм. Илхам – менин куткаруучум.

– Ошондо азыр аны менен жакын достордонсузбу?
– Биз бири-бирибизден алыс шаарларда жашайбыз. Жакын доспуз деп айта албайм. Жакшы тааныштарданбыз десем болот. Бир жолу ал жашаган шаарга гастролдоп барганда белегимди алып барып учурашып кеткем.
"Кел, сүрөткө түшүп ишмердүүлүгүңдү жарнамалап берейин" десем көнбөй койгон. Азыр силерге Илхам тууралуу айтып берип жатканыма кубанычтамын. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ага салам жолдойм.
Айтарым, адамдар эч качан оорубасын. Ден соолугуң жакшы болсо гана жемиштүү иштеп, ийгилик жарата аласың. Менин атам аябай катуу ооруган. Анын ошол кездеги абалы дале көз алдымда. Бирок ал тууралуу эстегим келбейт, жаман болуп кетем. Адамга жамандыгы жок, сонун киши болчу. Эмнеге ага ушундай оору берилди түшүнбөйм.

– Учурда эмне менен алексиз?
– Сибирден жаңы эле келдим. 2 саат уктаганга үлгүрдүм. Сиз байланышканда гана ойгонууга туура келди (күлүп). Көп иштейм, 1 айда 30 күн болсо, анын 25 күнү жумуш менен алекмин. Тартуу аянтчасында, гастролдо жүрөм. Кечиресиз, кайсы жактан байланышып жаттыңыз эле?

– Кыргыз мамлекетинин Бишкек шаарынан...
– Оо, Бишкек (күлүп)! Кандай сонун! Биз ал жактан "Гаишники" сериалын тартканбыз. Лыжалык базаңарда, Ысык-Көлдө конокто болгонбуз. Кыргыз жеринин жаратылышы керемет. Өзгөчө Ысык-Көл абдан жагат. Бирок алыскы айылдарда абал начар экен. Балким, силер кыйын учурду башыңардан кечирип жаткан болушуңар керек. Азыр абал ошондой болуп жатпайбы. Буюрса, убакыт келгенде айылдын жашоо шарты жакшырат деген тилектемин. Баса, анан беш бармагыңар эсимде (күлүп).

– Дайыма иш үстүндө болсоңуз, эс алууга убакыт табасызбы? Кайсы мамлекетте эс алгандан ырахат аласыз?
– Мага экзотикалуу ысык өлкөлөр жакпайт. Эмне үчүн силердин Ысык-Көлдү жакшы көрөм? Анткени абасы салкын, мен сүйгөн тоолордун кучагында жайгашкан. Анан Швейцария, Австрияда эс алганды жактырам.

– Көбүнчө терс каармандардын ролун ойнойсуз. Кайсы каармандын образын жараткан жагат?
– Кеп терс же оң каарманда эмес. Мен үчүн актёр биринчи кезекте кесипкөй жана адамгерчиликтүү болушу зарыл. Ушул сапаттарды баалайм. Анан ролду жеткиликтүү аткарыш керек. Ошондо гана кино сүйүүчүлөр кызыгып көрөт.

– Жеке жашооңуз тууралуу сурагым келип турат. Сүйүктүү адамыңыз барбы?
– Учурда мени менен чогуу жашап жаткан айымды чын жүрөгүмдөн сүйөм. Кайсы сапаты үчүн жакшы көрөм сөз менен түшүндүрүп бере албайм. Ал мектепте башталгыч класстын мугалими болуп иштейт. Мени колдоп жардам берет. Аны менен бактылуумун.

– Маегиңизге рахмат.

"Кызым Мария 18 жашта. Кичинекей кезинде актриса болгусу келип тасмаларга тартылып жүргөн. Азыр ал оюнан кайтты окшойт".


"Гаишники" сериалынын бир бөлүгүнө актрисалар Элина Абай кызы, Алиша Диа да тартылган.


Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
nargiza89
2017-05-23 02:20:40
Ошондо россиянын актеру болтавы? Тушунбодум
0
Saara.kg
2017-05-23 09:31:56
Чё то барат окшойм
0
jaz99
2017-05-23 23:27:08
Илхамды жаман мактадынар го !
0
№ 759, 19-25-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан