ИЛОН МАСК АДАМЗАТТЫ МАРСКА ЖАШАТАТ

Көпчүлүктүн кыял, ойлорунда болуп келген нерселер бул адам үчүн реалдуу. Ал үчүн ишке ашпаган нерсе жоктой сезилет. Өзү башкарыла турган унаа, космоско уча турган ракеталар, Жер шарын толук акысыз интернет менен камсыз кылуу... Ооба, бул ойлоп табуучунун аткарып жаткан иштеринин бир чети гана. Дүйнөнү өзгөртүүгө бел байлаган генийдин аты – Илон Маск.

  • Толук аты-жөнү – Илон Рив Маск
  • Туулган жылы – 1971-жыл, 28-июнь
  • Туулган жери – Претория, Түштүк Африка Республикасы
  • Негиздеген компаниялары – "PayPal", "SpaceХ" жана "Теsla Motors"

ДҮЙНӨНҮ ӨЗГӨРТКӨНДӨРДҮН САП БАШЫНДА

Билл Гейтс, Марк Цукерберг... Дүйнөнү укмуштуу ойлоп табуулары менен өзгөртөт дегендердин катарында дал ушул адамдар алдыңкы сапта туруп келишкен. Бирок Стив Жобс алардын катарында өзгөчө орунда турчу. Ал 2011-жылы каза болгондон кийин көпчүлүк "кийинки Стив Жобс ким болот?" деп чыгышкан. Анткени iPhone негиздөөчүсүндөй элден башкача ойлоно турган адам гана чыгаан боло алат деп келишкен.
Булардын арасынан айырмалана алган Илон Маск болду. Учурда көпчүлүк ойлоп табуучулар интернет менен гана чектелип калса, бул ойлоп табуучу глобалдуу нерселерди ойлонот. Анын айдоочусуз өзү башкарылган Теsla унаалары, космоско уча турган ракеталарды чыгарган "SpaceХ" компаниясы жана Жер шарын толук интернет менен камсыз кылуучу "PayPal" компаниясы сөзгө татыйт. Анын ишмердүүлүгү – биз сыналгыдан көрүп келген нерселерди иш жүзүнө ашыруу. Учурда "эгерде дүйнө жүзүн өзгөртө алса, анда бул Илон Масктын колунан келет" деп айтып келишет.

МЕКТЕПТИ ЖАМАН КӨРГӨН ГЕНИЙ

Келечектеги гений кезинде мектепке өзүн кыйнап барчу. Анткени анын ата-энеси бир жерден экинчи жерге көчө беришкен. "Мага улам жаңы мектепке которулуп, ага көнүү, жаңы досторду табуу, алар менен тил табышуу оор эле. Бала кезимде гений болууну самабасам да, дүйнөнү өзгөртө турган нерсе жасагым келчү" деп бала кезин эскерет Илон.
12 жашында өзү теңдүү балдар эч нерсе менен капары жок жүргөн кезде Маск компьютер оюндарын ойлоп тапкан. Ал долбоорун 500 долларга баалаган өспүрүм сатыктан түшкөн акчаны фармацевттик компаниянын акциясына короткон. Бул анын келечекте Канададагы окуусуна инвестиция болуп берет. Кийинчерээк Пенсильваниядагы жогорку окуу жайларынын бирине өткөн келечектеги ойлоп табуучу 23 жашында "Zip 2" (маалыматтарды камсыздоо программалары менен иштечү) аталышындагы 308 миллион долларга бааланган компанияны негиздеген.

МАСК МЕНЕН МАРСТА ЖАШОО МҮМКҮН

Маск негиздеген "PayPal", "SpaceХ" жана "Теsla Motors" компанияларынын ар биринин баасы бир канча миллиарддаган долларды чапчыйт. Учурда Маск адамзаттын Марс планетасында жашоосун ишке ашырууга максат койду. Ал Жер шарын толук кандуу интернет менен камсыздай ала турган 700гө жакын майда спутниктерди орбитага жиберсе, эми Жер шары менен Марс планетасынын ортосундагы интернет байланышты жасоону пландаштырууда. Маск менен Марста жашоо толук мүмкүн.
Азыркы ракеталар асмандан түшүп келе жатканда ар бир түзүлүшү өзүнчө ажырайт. Ал эми Илондун "SpaceХ" компаниясы тарабынан ишке ашкан "Grasshopper" аттуу ракетасы жерге конууда эч бир түзүлүшүнөн ажырабай, тикесинен конууга ылайыкталып жасалат.

ДОНАЛЬД ТРАМПТЫН КЕҢЕШЧИСИ

Дональд Трамп АКШнын президенти болуп шайланганда Маск аны "бул орунга татыксыз" деп эсептеген. Бирок учурда ал президенттин кеңешчиси. Муну менен кимиси кимге көбүрөөк пайда алып келди деген суроо жаралат. Трамп элдин сүймөнчүгү болгон Маскты пайдаланса, Масктын бул орун менен дагы бир ирет даражасы көтөрүлдү. Бир эле мисал, анын бул орунга дайындалышы менен "Tesla Motors" компаниясынын акцияларынын баасы 40 пайызга жогорулаган. Шумдуктуу пландарды жүзөгө ашыруу үчүн өлкө президентинин колдоосу ашыктык кылбайт эмеспи...
Өжөрлүгүнөн жазбаган Маск суткасына 24 саат бою иштей бергенге да даяр. Бирок жумуштун артынан үй-бүлөсү экинчи планга калып калгандай. Анткени ал 2 жолу үйлөнүп, 2 жолу ажырашкан. Биринчи жубайынан 5 уулу бар. АКШнын жылдыздуу мырзаларын толуктаган Илон Маск учурда Голливуд актрисасы Эмбер Хёрд менен мамиледе.

"Чынында көп акча табам деп ойлогон эмесмин. Мен үчүн ижара акысын жаба турган, тамак-ашка жете турган акча жетиштүү эле. Жыйынтыгында менин күткөнүм көп эселеп кайтты".

"Ракета курууда өзгөчөлүктөр деле жок. Болгону баштапкы ракета куруучулар аны аябай начар жасашкан".

"Мага дүйнөнү өзгөрткөн долбоорлорго катышкан жагат. Буларга мен космосту, интернетти кошом. Бул адамзаттын жашоосун болуп көрбөгөндөй нукта өзгөртө алды. Эми Жер шарынын огунан чыксак, бизди кең келечек күтөт".

Маск Эмбер Хёрдго "Мачете өлтүрөт" тасмасынан кийин көзү түшкөн.


Миллиардердин айтымында, акылдуу адамдар көп балалуу болушу керек. Анткени ата-энесине окшош болушат.


Маск "2020-2025-жылдары "SpaceX" жасаган ракета менен Марска учабыз" дейт.


Жазгүл Кенжеева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
ady-88
2017-05-22 10:04:11
Ордокторун учуратго жон эле
-6
AykaMer
2017-05-22 10:26:39
ady-88,Ордок учурбай эле корсотуп турат ко... О биздин чондор ордок учурат оозу менен
+8
AykaMer
2017-05-22 10:25:12
Апеей... Жашабаганыбыз Марс калды эле... Ооба насип кылса жашай беребиз...
+1
vampir_perishtesi
2017-05-22 11:08:27
Эн сонун, адамзат жашоосунда эн чон эволюция журот жакында. Марста жашаган Адам,Жерде жашаган Адам болуп болунуп калабыз! Биток жаны жашоо башталат. Космосту коруу мен учун ото чон кыял
+2
vavilon.
2017-05-22 15:21:07
Кап дагы 500жылдан кийин торолбой. Онуккон илим техника заманында. Адамдар Марска отурукташкы чейин биз олуп калабыз.
0
aibars
2017-05-22 18:27:21
vavilon., Марстан коро, олуп калсак бейишке кирели деп сураналы Аллахтан.
0
Arsenal2
2017-05-22 20:35:39
Жер анан марс болуп футбол чемпианаттары болуп калат экен да элестетип атам
+3
Saara.kg
2017-05-22 21:06:13
Адамдын колунан баары келет.Болгону иштетиш керек мээни
0
Stshcksishd
2017-05-23 00:13:39
тообо кыргыздар Марска мигрант болуп кетпесек эле болду
+16
Atakem01
2017-05-28 15:38:03
Stshcksishd,биз кыргыздар дагы сыймыктанып койобузда Марста мынча миллион кыргыз мигрант деп
+3
Sushi_wok
2017-05-28 19:34:32
Stshcksishd Марска мигрант болуп кетпесек эле деп кой. Ой куло берип ичим ооруп калды
+1
№ 759, 19-25-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан