Гүлзинат Суранчиеванын жолдошу Ралис: «ГҮЛЗИНАТТЫН КАРЬЕРАСЫНА ТОСКООЛ БОЛБОЙМ»

Жан шерик

Адамдын бактылуу экенин жайнап турган көздөрүнөн билсе болот. Биздин конокторубуздун да жүзүнөн бакыт нуру чачырап турат. Алар кыргыз эстрадасынын чырайлуу ырчысы Гүлзинат Суранчиева жана жолдошу Ралис мырза.

– Суроону алгач Ралис, сизден баштасам, Гүлзинат жакында Америкада 20 күн гастролдоп келди. Сиз узак убакытка алыска жөнөткөнүңүзгө караганда аябай түшүнүктүү окшойсуз?
– Сүйгөн жарымды алыска жөнөтүү, албетте, кыйын. Дайыма жаныңда жүргөн жакыныңды кантип жаныңдан кетиргиң келсин? Алыска сапарга кетеби, башка учурдабы, макул болгонумдун себеби аны катуу сүйгөнүмдөн болсо керек. Гүлзинаттын ишине аралашып, карьерасына тоскоол болгум келбейт. Үйлөнөр алдында эле кимге үйлөнүп жатканымды билгем. Ал эл алдында жүргөн адам. Ошондуктан ага бардык жактан түшүнүү менен шарт түзүп бергенге аракет кылам. Эң негизгиси, мен ага ишенем.
– Экөөңүздөрдүн бирге түтүн булатып калышыңыздар баарына кызык. Алгач таанышканда кандай сезим болду эле?
Р: – Биринчи көргөндө балбылдаган кара көздөрү менен Гуля мени арбап алган. Кыскасы, бир көрүп эле сүйүп калгам.
Г: – Менин анда ресторанда ырдаган 21 жаштагы секелек кезим. Азербайжан улутундагы жигиттин күнүгө тажабай келип ырларымды угуп, көзүн албай отурушу, ар кандай белектерди тартуулашы мени таң калтырды. Ралис мени ошентип 4 ай күзөтүп жүрдү. Мен болсо чочулап жолугушууга чыкчу эмесмин. Күндөрдүн биринде гүл саткан эже андан роза алып келип, “эгер бүгүн жолугушпасаң, ушул бойдон келбейм деп жатат” деди. Ошондо чынын айтсам, жүрөгүм башкача болуп кеткен. Билинбегени менен көнө түшкөн экем, чын эле эми аны көрбөй каламбы деп аябай жаман болгом. Анан ойлонуп көрүп, макул болдум. Биринчи жолугууда эле сүйүүсүн билдирген.
– Эки тараптан тең каршылык болсо керек. Кантип жеңдиңиздер?
Г: – Экөөбүз биргеликте өзүбүздүн сүйүүбүзгө ишенип, баарын жеңдик деп ойлойм.
– Бири-бириңиздердеги баалаган жана жактырбаган сапаты­ңыздар...
Р: – Мен Гулянын акылдуулугун, боорукерлигин баалайм. Ал эми кээде бетке чаап сүйлөгөнү жакпай кетет.
Г: – Меники болсо тескерисинче, Ралис көп нерсеге кенебей, шашпай мамиле кылганда чый-пыйым чыгып чыдабай кетем. Бирок сылыктыгын, ар бир сөзүн орду менен сүйлөгөндүгүн мактап кетпесем болбос.
– Гүлзинат, эл көзүндө жүргөн адам болгондон кийин ар кандай сөздөр кетет, эл арасында. Дегеним, өзүңүз жөнүндө айтылган ушактарга кандай мамиледесиз?
– Ооба, “эл оозунда элек жок” дейт эмеспи. Бирок мен аларга такыр көңүл бурбайм. Анткени майда нерселердин ар бирине көңүл бөлүп отурсаң, жашооң андан да татаалдаша берет.
– Ралис, жубайыңызга берген эң кымбат белегиңиз кайсы?
Р: – Мм-м, Мерседес үлгүсүндөгү машина го...
– Кимиңиздер өзгөчө баласааксыздар?
Г: – Рузананы экөөбүз тең жакшы көрөбүз, бирок мен көбүрөөк баласаак болушум керек.
Р: – Жо-ок, апасына караганда Рузананы мен жакшы көрөм.
– Рузана артынан ини-сиң­дисин ээрчитип келсин. Бактылуу болуңуздар!
Г: – Сөзүмдүн аягында өлкөбүздөгү катаал абалда каза болгон эр-азаматтардын ата-энесине, бир туугандарына үй-бүлөмдүн атынан сабыр кылгыла деп айткым келет.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
almasbek
2010-04-20 11:06:10
Tokmok
чын ар кимдин жашоосу оз колунда
акча учун ар кимге тийип журот бирок баары таштап кетишет бул кыргыздын намысына тиет.
бирок патриот кыздарыбызда бар толтура.
0
sani
2010-04-20 13:43:24
kaidagi patrottuk sezimdi aitip jatasinar ee baldar?...... kop erekektter kancha degen kizdi yilatip tishtap ketip jatishat , kanchasi bashka uluttagi kizdarga uilonup jatishat anin sebepteri kop emi al jonudo kep kylbai ele koioluk.
0
Kyrgyzzz
2010-04-20 14:09:29
Owo kyzdar boyuna buturtkon4o karap oturbay toskool bolboybu.Emne demekmin,jalpi ele a9lzatinin tabiyati erkekter biraz jagimduu suylop,jakwi mamile jasap koyso,uwunday abal kelip 4ygat.
0
italia
2010-04-21 02:05:30
Мен азыркы убакта чет мамлекете иштейм,мурун уйдо жургондо коп нерсени тушунчу эмесмин бияка келип Ата-эненин,бир туугандын баркын ушу жактан тушунуп жатам. Жана айта кетчу нерсе КЫРГЫЗДЫН БАЛДАРЫНА ЭЧ КИМ ЖЕТПЕЙТ И ЖЕТКЕН ЭМЕС. Карга да болсо баласын аппагым дейт.Бар болсун Кыргызымдын жигитери. Беш кол тен эмес Бир карын майды бир кумалак чиритет дегендей андай кыздарыбыз дагы бар.
0
Chippolino
2010-04-21 20:18:46
Baktyluu bolso boldu da!!!
0
МээримКа
2010-04-22 14:15:45
Какая вам разница кто за кого выходит замуж! "На вкус и цвет товарища нет"
0
italia
2010-04-22 14:59:42
Конечна ар кимдин озунун иши аны эч ким талашкан жок каалагандарына тийе беришсин.
0
Мираж
2010-04-22 18:19:30
Ошол алданып калган кыз-келин менен куноосуз мойтойгон ымыркайды ким жаратып,ким таштап кетип атат,ойлонгулачы жигиттер. Же кыздар оздору эле асмандан алып боюна бутуруп атышабы. Качан куноонорду сезет экенсинер,адамдар. Кыздар да куноолуу,бирок алар оздору силерге жалдырап кошулушпайттыр,алар болгону "капа бобосун,кетип калбасын,жанымда болсун" д-н ойлорго алданышат.И конечно обещанием.
0
Мираж
2010-04-22 18:20:43
0
Мираж
2010-04-22 18:20:44
0
Мираж
2010-04-22 18:20:45
0
italia
2010-04-23 02:12:22
Бир кишиден эч качан куно кетпейт эркектерден 70%кетсе аялдардан 30%кетиши мумкун. Менин оюмча а калганыгарды билбейм.
0
newman
2010-04-23 09:06:09
жаман улут жок, жаман адамдар бар. Бактылуу болушса, суйушсо эмнеге уйлонууго болбосун?! Бизде кыргыз жигиттери башка улуттун кыздарына уйлонгондору жокпу? Кыздар жаман эмес, балдар жаман. 2 достун башы бириксе кызды суйлоп турат. Бутунбу же кандай экен деп... Жол ачык болсо 2-шыйпандап жонойт... Озубуздун напсибизди тыйып журолу.
+1
Шаиста Шатманова
2010-04-23 15:06:53
Ак соз, кошулам. Анан да Гулзинатка бакыт каалайм. Жазат, сындайт десе эле ар нерсенин башын айтып кыйын боло бергендин кереги эмне?

Экоо тен Кыргызстандын жарандары, канча жылдан бери бактылуу жашап жатышат, татынакай кызды тарбиялашууда. Бактылуу болушсун деп эле койбойсунарбы?
0
Мираж
2010-04-24 14:21:45
Ньюмен айткандарга мен да кошулам. Кыргыз жигиттери эч качан аялзатынын баркына жете алган эмес. Суйлошуп жургондо досторуна реклама кылып торт сырын жайып журсо, алгандан кийин жинди сууга мас болуп алып аялын токмоктоп, досторуна мактанат "моминтип башкарам" деп. Ошол силер тенинерге албай аткан Ралис мырзанын создорун карагылачы, "аны катуу сүйгөнүмдөн болсо керек" деп канчалык сыйлаганын билдирип атат. Биздикилер антип суйлосо "авторитети" тушуп калат кыка оюнда.
0
№ 389, 16-22-апрель, 2010-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан