Жалпак-Таш айылынын тургундары: «ҮЙ-ЖАЙСЫЗ КАТААЛ ЖАШООДО ЖАШАП ЖАТАБЫЗ»

Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айылындагы жер көчкү улам ылдыйлап отуруп, 60ка чукул турак жайды басып калды. Айыл тургундары коопсуз жайларга көчүрүлгөнү менен, талкаланып, топурак астында калып жаткан үйлөрүн айла жоктон карап отурушууда. Алардын бир гана көйгөйү бар. Ал да болсо эртерээк жаңы үй салып, көчүп чыгуу. Бирок азырынча бул маселе толук чечиле элек.

«КАРООСУЗ КАЛГАНДА КӨЧКҮ БАСТЫ»

Жалпак-Таш айылынын тургуну Авазбек Турдубаевдин үйүн көчкү биринчилерден болуп басып калган. Ал учурдагы абалы тууралуу буларды айтып берди:
– Биздин үй биринчи болуп көчкү алдында калды. Биринчи күнү ӨКМнын кызматкерлери келгенде «өзүңөр үйдөн чыгып тургула» дешти. Эртеси «майда-чүйдө оокаттарыңарды алгыла» дешти. Ошол учурда Аюу айылында жер көчкү жүрүп, тийиштүү кызматкерлер ал жакка тартылып, башкача айтканда, биз кароосуз калдык. Мына ошол учурда көчкү басып, биз үй-жайсыз калдык.
Ал үйдө келин алып, кыз берип, көп жакшылыктарды кылдык эле. Азыр эми катаал жашоодо жашап жатабыз. Кээ бирлер жок дегенде документтерин да албай калышты. Өкмөт колдон келген жардамын азыр кылып жатат. Учурда бизде негизги маселе – турак жай жана жер маселеси болууда.

«ҮЙ САЛМАК ТУРГАЙ ДААРАТКАНА САЛГАНГА ЖЫГАЧ, ТАШЫБЫЗ ЖОК»

Самара Примбердиева «жер берүү маселесин эртелетсе жакшы болмок» дейт:
– Көчкү тууралуу биз 22-апрелде угуп, «үйүңөргө жатпагыла» дегенден жолдошум экөөбүз 5 балабызды туугандарга кетирип, биринчи күнү талаада жатсак, экинчи күнү кошунанын жайлоого чыгам деген чатырын алып жаттык. Үйдөгү оокаттардан аз эле алдык. Жолдошум жалгыз болгондуктан үйдү буза калып, ташып салганга алы жетпеди. Анын үстүнө бир көзү жакшы көрбөгөндүктөн үйдүн ичин көчүрө албай кыйналдык. Көчкүнүн басымы чоң болгондуктан бат эле биздин үйгө жетип, бар-жокту шыпырып эле алып кетти. Үй салмак тургай даараткана салганга жыгач, ташыбыз жок. Андыктан жер бөлүштүрүү иштерин эртелетсе жалпы элге жакшы болот эле.

«БАТИР ИЗДЕП ТАППАЙ ЖҮРӨМ»

Сайракан Абдыжапарова Жалпак-Таш айылынын тургуну. Ал азыркы учурда убактылуу жашаганга батир издеп кыйналууда:
– Азыркы учурда батир издеп жүрөм. Бирок чыкпай жатат. Жашым өтүп калгандыктан ар кайсыны ойлоно берип кан басымым көтөрүлүп жатат. Көчкүдө үйдөн эч нерсе алып чыга албай калдык. Үйүбүз жолдун боюнда болгондуктан көчкү биринчи биз тарапты басты. Көчкү келе жатат дегенде үйдөн өзүбүз чыгып кеткенге араң үлгүрдүк. Эми мамлекет үй салууга жардам берсе жакшы болмок. Болбосо биз кайсы каражатыбызга үй курабыз?!
Кырка тизилген 60 чатырда жаш деп эсептелинген тургундар калган. Кары-картаң, жаш балдар, мектеп окуучулары Ош, Өзгөн жана жакынкы айылдардагы туугандарга жеткирилген. Ал жакта болгону 4-5 жашар эки бала ойноп жүрдү. Эл деген эл да, бул жердеги жашоочулар бири ыйласа бири сооротуп, бирине-бири кайрат айтып, ушуга да шүгүр келтирип жатышты.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Zeinep_gunew93
2017-05-22 11:44:50
Элден чогулган акчаны топтолушун кутуп отура бербестен Окмот жардам берсе болмок Жай менен Куз ичи сыртын жаап Кыш келгенге чейин кочуп киришет болчу Окмот шайлоонун аракети менен журот да кашайып кантсем утуп чыгам деп Он колун ооруса сол колун менен сезесин дейт эмеспи ОкМоТтун булардын уйу жылуу иштен келсе тамагы даяр балеени билмек беле карапайым элдин эмне болуп жатканын
+2
Aygul777
2017-05-22 13:33:15
"Друг познается в беде"-деген орустун макалы туура айтылган. Кимдин ким экени кыйынчылыкта билинет. Бийлик озунун кандай экенин элдин башына тушкон оор кундордо билдирип жатат. Эмне кылабыз Сабыр кылгандан башка арга жок. Аллахым элди ойлогон Ажо насип кылсын!
0
aliya150715
2017-05-22 23:43:11
элден чогулган акчаны деле бербей ортодо жеп кетишет экенда
+1
№ 759, 19-25-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан