– Аида, кандайсың? Атың угулбай, сахнадан көрүнбөй кеткениңе көп болду. Чыгармачылыктан алысташыңа эмне себеп болду?
– Рахмат, менде баары жакшы. 5 жыл мурун турмушка чыккам. Турмушка чыккандан кийин үйлөнүү той беребиз деп жатып убакыт өтүп кетти. Анан жолдошум экөөбүз Түркияга барып бал айын өткөрүп келдик. Ошентип үй-бүлөлүк жашоо башталып, сахнадан алыстап кеттим.
– Акыркы учурда продюсериң менен таарынышып жүргөнүң эсимде. Балким, ал окуя да түрткү болгондур...
– Жок, эженин эч кандай тиешеси жок. Чын эле ошол учурда катуу чарчап жүргөм. Эч жакка чыкпай үй оокаты менен алпурушкум келип жатканда турмушка чыгып калдым. Ал кезде бир ресторанда ырдачумун, жолдошум ал жерге иштетпей койду. Бирок ыр жаздырып, клип тарттырып чыгармачылыгымды улантышыма каршы болгон жок. Анан кыздуу болдум. Кызымдын жытына тойбой эзилип отура берип арадан беш жыл өтүп кетиптир. Азыр кызым Айлин үчтө.
– Жолдошуң тууралуу айтып берсең, кайдан таанышып калдыңар?
– Ал мени интернет аркылуу таанып, сүрөттөрүмдү карап, жактырып жүрчү экен. Бир жолу кыздар «кечки тамактанууга чогулуп жатабыз, келбейсиңби» деп калышканынан баргам. Ал кечки тамакты атайын мени менен болочок жолдошумду тааныштырыш үчүн уюштурушканын билген эмесмин. Көрсө, жолдошум «тааныштыргыла» деп мен тааныган кыздарды ортого салган экен. Бир көрүп сүйүү дегенди ошондо биринчи жолу башымдан өткөрдүм.
– Кайсы жердин келинисиң?
– Кайын журтум Кара-Балтада турушат. Кайненемдин эң жакшы көргөн келинимин. Экөөбүздүн мамилебиз жылуу эмес, ысык. 3 абысыным бар, алар «апа» дешсе, мен «мама » дейм. Кайнатам мен келин болуп баргыча өтүп кетиптир.
– Кайрадан ырчылыкка кайтууңа эмне себеп болду?
– Кызыма алты ай болгондо эле жолдошум «жан, ырда, мен сенин ырдаганыңды уккум келет» деп баштады. «Жок, мен жаңы эле төрөдүм» деп болбой койгом. Билсеңиздер керек, башында ырчылык хоббим эле. Бажы кызматында иштеп, бош убактымда эле ыр жаздырып коюп жүрчүмүн. Убакыттын өтүшү менен жашоодогу ордум чыгармачылыкта экенин түшүндүм. Анын үстүнө кызым бала бакчага бара баштады. Атасы менен кызы күндүз үйдө жок болсо, мен эмне кыларымды билбей бош отуруп калат экенмин. Ошондон улам жаңы эргүү менен кайрадан сахнага кайттым.
– Кенже Дүйшеева менен «Жүрөгүм» деген ырды дуэт аткарып, клип тартыпсыңар. Чогуу ырдоо кимдин идеясы?
– Негизи Кенже эжени башынан эле сыйлайм, жакшы көрөм. Сүйлөшүп калсак, үй-бүлөсүнө, жолдошуна арнап ырдагысы келип жүргөнүн айтып калды. Угуп көрсөм сонун ыр экен. Мен да турмушка чыккандан кийинки биринчи ырымды жолдошума арнайм деп жүргөм. «Эже, чогуу ырдабайлыбы?» деген сунушумду айтсам, «ырдаса ырдайлы, эмнеге болбосун» деп калды. Ошентип дуэт жазылды, клип тартылды.
– «Жолдошум прессага чыккысы келбейт» деп жатасың, клипке тартылганга кантип макул болду?
– Клипке тартылып бер десем, башында каршы чыкты. «Ырдын маанисин айтып, түгөйүм жөнүндөгү ырга сен тартылбаганда ким тартылат?» деп түшүндүрсөм анан макул болду. Жолдошум өзүнүн эле ролун аткарды. Мени келип кучактайт, мени менен сүйлөшүп отурат дегендей. Бирок ошону деле бир нече дубль менен тарттык. Негизи видеого, сүрөткө түшкөндү жаман көрөт.
– Клипти көргөндөн кийин кандай сын-пикир айтты?
– Негизинен ал аз анан саз сүйлөйт. Айткысы келгенин бир сөз менен эле жеткирип коёт. Бул жагынан атам экөөнү окшоштура берем. Жумушу оор, кечинде чарчап келет. Үйгө келгенде такыр унчукпайт, мен да эс алып алсын деп көп сүйлөй бербейм. Клипти унчукпай көрдү да, «жакшы» деп койду.
– Рахмат маегиңе. Чыгармачылык ийгилик!
Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg