Мукамдуу ырларды жүрөккө жеткире аткарып жүргөн торгой үндүү Аскат Мусабеков күйөрмандарына концерт тартуулоонун үстүндө кызуу иштеп жаткан кези.
"Сахнада жүргөнүмө 10 жылдан ашып калды. Концертти былтыр эле өткөрөлү дегем, бирок ишимдин көптүгүнөн улам быйылкыга жылдырганбыз. Албетте, толкундоо болуп жатат, себеби чыгармачылыгым тууралуу сынактан өтүп жатам десем болот. Өзгөчөлүк кылалы деп чоң команда иштеп жатабыз. Мисалы, концертте алып баруучу өзүм болом. Мындан тышкары менин балалыгымдан азыркы күнүмө чейинки учурду чагылдырган программа даярдадык. Ал эми материалдык жактан жердеш агаларым көмөктөшүп жатат. Буюрса, концертте күйөрмандарым жакшы чер жазып кетет деп ишендире алам",- деп билдирди ырчы мырза.