"Ак-Өргө city" командасынын 1-2-сезонунун оюнчулары Эрмек Таалайбеков жана Белек Тургунов Украинанын "Рассмеши комика" юмордук телешоусунун 13-сезонуна катышып келишти. Долбоорго кантип катышып калганы тууралуу Эрмек Таалайбеков: "Бизге долбоордун уюштуруучулары тарабынан апрель айынын башында сунуш түшкөн. Биздин тамак-ашыбыздан тышкары жол киребиз, жатаканабыз бекер болду. Сынакта канча команда ат салышканын билбейбиз. Анткени топторго бөлүштүрүп коюшкан экен. Биз 3-мүнөткө чейин ойнодук. Эгер 5-мүнөткө жеткенде жеңүүчү болмокпуз. Бул деле жакшы көрсөткүч, айрым командалар оюндун алгачкы мүнөтүндө эле утулуп калып жатышты. Бизди тартуу иши аяктагандан кийин мекенибизге кайттык. Буюрса, кийинки сезондоруна дагы катышалы деп жатабыз",- деп билдирди.