Кыздардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон жаш ырчы Айар продюсери Арсен Мендибаев менен келишими бүтүп, жалгыз иштей баштады. "Продюсерсиз иштөө анчалык деле кыйынчылык жараткан жок" деген ырчы жеке жашоосундагы жаңылыктары менен да бөлүшө кетти:
– Арсен байке экөөбүз 2 жыл иштештик. Ортодогу келишимибиз бүтүп, жалгыз иштөөнү чечтим. Учурда жаңы ыр жаздырып, клип тарттырайын деп жүрөм. Жакында эле Nissan Cefiro үлгүсүндөгү унаа алдым. Ал эми мурда айдап жүргөн унаамды бир тууган эжеме белек кылдым.