Куудул жана алпаруучу Назира Жетигенова 12-майда небересин сүннөткө отургузган. Сүннөт тойду өткөрөм деп чуркап жүргөн Назира айым маңдайы жарыла кубанып, буларды айтып берди:
– Уулум жок болгондуктан, кызым менен чогуу турам. Кызымдын 3 баласы бар, Умар эң улуусу. Неберемди өзүм баккам, менин балам болуп калды. Саналуу күндөрдөн кийин 5 жашка чыгат. Анан мусулмандык парзды өтөп, сүннөткө отургуздук. Умардын жарааты айыкса эле той өткөрөлү деп турабыз. Сүннөт тойду жаратылыш коюнунда куда-сөөктөрүм, досторум жана кызымдын катташкан адамдары менен өткөрөбүз.