Гүлжигит Сатыбеков: «МЕНДЕН АКЧА ӨНДҮРҮП АЛУУ ҮЧҮН ЗОРДУКТОО ИШИН УЮШТУРУШКАН»

SUPER.KG порталынын кезектеги маек төрүндө элдин сүймөнчүк ырчысы Гүлжигит Сатыбеков болду. Социалдык тармактар аркылуу чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештерибиз да каалоо-тилектерин айтышып, ырчынын чыгармаларын сүйүп угушарын билдирип жатышты. 2 саат бою күйөрмандары тарабынан берилген суроолорго абайлап жооп берип, анча-мынча суроолорду жоопсуз калтырган ырчынын маегинин урунттуу учурларын сунуштайбыз.

ЧЫГАРМАЛАРЫ ТУУРАЛУУ

Алгач эле аккордеондун коштоосунда созолонто ырдап түз эфирди ачкан ырчы кечээ Орусиядан келгенин айтып, гастроль аяктай электигин билдирди. Камчаткага да концерт коюп, ал жакта кыргыздар көп экенине таң калып келиптир. Биринчи суроо Гүлжигит мырзанын чыгармаларына байланыштуу болду:
"Саламатсызбы? Акыркы "Махабатым" аттуу ырыңыздын жаралуу тарыхын айтып өтсөңүз. Жеке жашооңуздан алынган ырбы, мүмкүнчүлүк болсо, бир куплет ырдап берсеңиз".
– Бул чыгарма жетпей калган сүйүүлөр, жетпей калган арзуулардан улам жаралган. Албетте, ыр саптарында жашообуздун үзүндүлөрү бар. Эң негизгиси, аз убакыттын ичинде эле бул чыгарма күйөрмандарды таба алды десем болот.

"Гүлжигит мырза, сиз үчүн күн сайын ыр жазуу оңойбу? Эгер ошондой болсо, анын сыры эмнеде?"- деген суроону Екатеринбург шаарынан узатышты.
– Ооба, оңой. Ыр жазуудан эргүү алам, эс алам. Чыгарма жаратууда изденүү пайда болот. Ошондуктан мен үчүн бул нерсе кызыктуу. Диктофонго жазылган ырлар ачылбай калат. Эргүү келгенде дароо эле аспаптардын коштоосунда жазыш керек.

– Эмне үчүн "Тико" деген ырды ырдап чыктыңыз эле? Ушул ырыңыздан кийин сизди "акылынан айнып калыптыр" деп терс пикирлерин айтышкан.
– Тиконун кызматын көрүп калдык. Бардык нерсенин жакшы жагын караш керек. Башкаларга кандай билбейм, бирок бул чыгарма 21-кылымдын тамсили. Менин угушума караганда, унааны чыгарган ишкананын кызматкерлери бул ырды угуп, ыраазычылыктарын айтышыптыр. Бирок бул ыр эч кандай пиар эмес болчу.

– Сиздин ырларыңыздын көбүн айылыңыздагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген киши жазып берген дешет. Ырларды аткарып жатканда анын атын атап жүрөсүзбү?
– Бул нерсе чындыкка коошпойт. Ал бала тууралуу маалыматым жок, биринчи жолу угуп жатам. Чыгармаларды өзүм эле жазып жүрөм. Анча-мынчаларга деле жазып берем. Анан тамашалап, "өмүр бою эле силерге ыр жазып калсам экен" деп калам. Мен үчүн ар бир чыгарма баламдай, ал эми башкаларга жазып берген ырлар күйөөгө берген кызымдай. Эгер ошол ыр популярдуу болсо, албетте, кубанам, "менин "кызым" жакшы чыкты" деп.

– Гүлнур Сатылганова менен кайым айтышып кеткенсиз. Мен экөөңүздөрдү тең колдойм. Бирок сиз жигиттик кылып жакшы кайрылуу жолдоп койсоңуз, утуш сиз тарапта болмок. Анткени Гүлнур эже, биринчиден, аялзаты, экинчиден, улуу жана профессионал ырчы...
– Гүлнур эже экөөбүздүн мамилебиз жакшынакай эле. Канткен күндө деле эжебиз кыргыз ырчыларынын сап башында турат. Маданиятыбызга чоң салымын кошту. Эми ал деле өзүнүн оюн айтты, койду. Интернетте эжебизге карата негативдүү сөздөр айтылганда аяп кеттим. Азыр саламыбыз түз.

ЖЕКЕ ЖАШООСУ

Ырчыга каалоо-тилектерин айтып өткөн окурман: "Биринчи никедеги жубайын катуу сүйгөн, ошол үчүн муңдуу ырларды көп ырдайт" дешет. Чынбы?"- деген суроо узатты.
– Муңдуу гана эмес, шаңдуу чыгармаларым деле көп. Балким, жүргөн-турганыма карап ушундай кайгылуу деп айтышар. Эми өткөн нерселерге кайрыла бериштин кажети жок. Сүйүү оору экен да. Убактылуу ооруйсуң, анан айыгат экенсиң дегендей.

– Эмне үчүн ушул кезге чейин үйлөнбөй жүрөсүз?
– Жөн эле.

– Биринчи никедеги балаңыз канча жашта? Сиз менен жашайбы? Биринчи жубайыңызды азыр да сүйөсүзбү? Эгер сүйүүңүз өчө элек болсо жарашып албайсыздарбы?
– Уулум Байэл 12 жашта, 5-классты аяктап жатат. Тилекке каршы, таенесинин колунда.

– 2 кызыңыз бар деп угуп жүрөм. Чын болсо элден эмнеге жашырасыз? Сиз "кыздарым жок" деп айтканда алар капа болушпайбы?
– Мындай да, барып баягы эле казандагы чөмүчкө түшөт. Ар кандай ушактар айтылат. Бир убакта мындай кептердин чын-жалган экени ачыкка чыгышы мүмкүн. Убакыт көрсөтөт да.

– Келинчегиңиз көз жарганда төрөт үйүнө өзүңүз барбай, досторуңузду жибергенсиз. Эмне үчүн өзүңүз барган эмессиз?
– Досторум менен чогуу эле барганбыз. Төрөт үйүнөн чыгарып келип, андан ары майрамдаганбыз. Балалуу болуп жатсаң кантип барбай коймок элең?

– Демек, кызыңыз барбы?
(Бир топко ойлонуп туруп) болот, буюрса. Эгиз болсо андан дагы жакшы болот.

– Ошондо?..
– Аа, силер кайра жанагыга такалып жатасыңарбы? Жубайым менен уулумду төрөт үйүнөн чыгарып келүүгө барганбыз. Андан кийин деле досторумдукуна барганбыз.

– "Бойдокмун, үйлөнсөм жаш кыз алам" деп жүрөсүз. Эмне, эл адамы болсо эле жаш, анан сулуу кыздарга үйлөнүш керекпи?
– Нике кайып да. Маңдайга кимди жазган болсо, ошол адам менен турмуш курасың. Эми ошону жазса жакшы.

– Качан үйлөнөсүз? Сүйлөшкөн кызыңыз барбы?
– Бардык нерсе убакыт-сааты келгенде болот. Сүйлөшкөнгө кыз табыш керек. Табышып койсоңор жакшы болот эле.

ЫҢГАЙСЫЗ СУРООЛОР

– "Бир кызды зордуктап, айыбын жабыш үчүн көп суммадагы акча төлөгөн" деп айтышат. Бул окуя чыгармачылыкка аралаша электе болгонбу?
– Мындай ишке чыгармачылыкка киришкенден кийин эле кабылгам. Бул иш акча табуу максатында уюштурулган экен. Бирок көп акча төлөгөн эмесмин. Сүйлөшүүлөр болуп, маселени чечкенбиз. Кудайга шүгүр, ал нерсе өттү-кетти. Азыр жакшынакай эле жүрөбүз.

– Бат-бат эле концерт коюп жатасыз, элди тажатып алам деп чочулабайсызбы?
– Бир жылда 2 жолу концерт койгон жакшы болсо керек. Себеби "качан концерт коёсуз?" деп күйөрмандар көп суранышат. Алыскы аймактардан, чет жерде жүргөн мекендештерден сунуштар көп келет. Анан чакырган жерге барыш керек да.

– Гастролго көп чыгып жүрөсүз. Күйөрмандарыңыз аймак боюнча айырмаланат бекен?
– Жок. Баары бирдей кол чабат, бирдей кабыл алат.

– "Түрмөгө отуруп чыккан" деп уктум эле...
– Кудай сактасын. Темир торду жыландын баласы да көрбөсүн. Бул сөз чыгармаларымдан улам келип чыкса керек. Анткени "Туулган күн" деген ырымда жаргондор бар эмеспи. Негизи ал ырды жазганда жаргондорду "отуруп" чыккан бөлөмдөн сураган болчумун.

СҮЙҮҮСҮН АРНАГАН АЙЫМДАР

– Гүлжигит байке, мен сизди абдан жакшы көрөм. Сиз деле билесиз. Бирок жообун ала албай жүрөм...
– Ким экен? Өзүм деле билбейм, WhatsApp`тан сүйүү каттары, сунуштар, каалоо-тилектер, суроолор көп келет. Күнүнө 20-30 катка жооп бергенге аракет кылам. Кыска жооп бергендиктен, кээде "түшүнүктүү болуп жатабы?" деп сурайм.

– Иштериңизге ийгилик! Суроом мындай, 1999-жылы төрөлгөн сиңдим "Гүлжигит Сатыбековго турмушка чыгам" дей берет. Сиз үйлөнсөңүз жашына карайсызбы?
– Тең-теңи менен, тезек кабы менен дегендей да. Карындашым өтө жаш экен. Мен ойлойм, ал да өзүнүн теңин табат деп. Ал эми жашына чектөө, "мынча жашта болуш керек" деген нерсени ойлонбоптурмун.

Эфирдин соңунда ырчы мырза кызыктуу суроо узаткан эки күйөрманына белегин калтырып кетти.

Маек учурунда ырчы күйөрмандары сүйүп уккан ырларды аккордеондун коштоосунда ырдап берип жатты.


Бактыгүл Момбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Гүлжигит Сатыбеков: "Сүйлөшкөнгө кыз табыш керек"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
banditka
2017-05-22 09:20:25
Ырлары жагат
0
Pchelka85
2017-05-22 10:14:46
Суроолорго так жооп бербептир го. "Скользский" Адам окшойт..
+8
Hatali
2017-05-22 10:21:11
Менин суроолорумду жоопсуз калтырыптыр.
+1
Aisanur_89kg
2017-05-22 11:49:16
Ырлары сонунда,чыгармачылык жолуна ийгилик каалайм,бактын таап бактылуу болсун.
+1
Sarinakg
2017-05-22 12:04:27
эмнеге менин суроом бербединер админдер
0
admin_superstan
2017-05-22 16:30:10
Sarinakg, саламатсызбы? Убакыттын чектелүү болгондугунан жана суроолордун көптүгүнөн улам кээ бир суроолор берилбей калды, кечирим сурайбыз.
0
asanova1984aida
2017-05-23 01:23:05
Ийгилик жана ийгилик,алга.алга
0
Gukush8993
2017-05-23 09:33:03
Аксылык акем деп сыймыктанам чынында ырларын угам таланты кучтуу бирок ээээч интервьюларын окугум келбейт жарым соз суйлоп жатса кыйналып кетесин
-1
_PeriWa_
2017-05-23 20:19:33
Демек кызы бар экен жок деп ачык анык жооб бербептир менин тоюма келип тойдун коркун ачкансыз биз сизди жакшы коробуз
+1
Drongo
2017-05-24 16:04:45
(Суйуу оору экен.Убактылуу ооруйсун да,анан айыгат экенсин дегендей) дейби,кызык.Суйушкондордун баары оорукчан болобу,Гулжигит акенин оюу боюнча?Суйуу оорусу менен ооруп,айыккан болсо ,дарысын да айтып койбойбу.Суйуу оорусу менен ооругандардын дартына даба болсун.
0
barakcha
2017-05-25 10:37:38
Drongo,Суйуу- бул оору.Анын дабасы убакыт!
+1
admin_superstan
2017-05-24 18:01:48
Fidel, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
Nazaraliva.begaiym
2017-05-25 10:46:08
Суроо бергендер аябай эле жарга такаптырго
0
Akyledilbekov
2017-05-26 00:29:27
Аллах омурунузду берсин Гулжигит аке
0
MIRBOLOT
2017-05-26 15:54:04
Гүлжигит - чын эле жигиттин гүлү.
0
Aidani
2017-05-27 22:26:49
Менин, эжемин подружкасын алыптыр эжем аяшым деп калат кыздары да бар экен суротун кордум эле
0
Aidani
2017-05-27 22:27:22
Аа жезде десемби же аке десемби алга
+1
№ 759, 19-25-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан